Кыргызстандын калкынын 11% психикалык бузулуулар менен жабыркайт
11 октябрь 2024
ТЕЗ АРАДА ЖАЙЫЛТУУ ҮЧҮН
Кечээ Кыргызстандагы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Бүткүл дүйнөлүк психикалык ден соолук күнүн белгилөө үчүн Саламаттык сактоо министрлиги жана коомдук саламаттык сактоо ассоциациялары менен биргеликте өлкөдөгү психикалык ден соолуктун актуалдуу маселелерине арналган тегерек стол өткөрдү. Талкуулардын жүрүшүндө балдарга жана өспүрүмдөргө психиатриялык жардам көрсөтүүнү жакшыртуунун зарылдыгына, психикалык ден соолукту коргоо жаттындагы кызматтарды алуудагы тоскоолдуктарды аныктоого жана чоңдордун жашоосунда жана ишинде узак мөөнөттүү көйгөйлөрдү болтурбоо үчүн аларды чечүү жолдору боюнча сунуштарга негизги көңүл бурулду.
Акыркы маалыматтарга ылайык Кыргызстандын калкынын 11% психикалык бузулуулардан жабыркайт (Психикалык ден соолук боюнча инвестициялык кейс, 2024ж.), Кыргызстандагы өспүрүмдөрдүн дээрлик үчтөн бири шылдыңдоого дуушар болушат, бул алардын физикалык жана психикалык саламаттыгына терс таасирин тийгизип, билимге болгон кызыгуусунун төмөндөшүнө, тынчсызданууга, стресске жана өзүн-өзү сыйлабоого алып келет (Мектеп жашындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму 2022).
Ошондой эле тегерек столдун катышуучулары Бүткүл дүйнөлүк психикалык ден соолук күнүнүн темасы болгон «Жумуштагы психикалык ден соолук» темасын талкуулашты, жумуш ордунда психикалык ден соолукту колдоого муктаждык өсүп жаткандыгын баса белгиледи, болжол менен 2019-жылы эмгекке жарамдуу курактагы адамдардын болжол менен 15% психикалык оорудан жабыркайт. Дүйнө жүзү боюнча депрессия жана тынчсыздануу жылына болжол менен 12 миллиард жумуш күнүн жоготуп, экономиканын өндүрүмдүүлүгүн жыл сайын 1 триллион долларга жакын жоготот.
«Психикалык ден соолуктун маанилүүлүгүн баалабай коюуга болбойт - бул толук кандуу жана тең салмактуу жашоонун негизи. Психикалык ден соолукту коргоого инвестиция салуу ар бир адам жумуш ордунда да, анын сыртында да өз потенциалын толук ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон коомду куруу үчүн өтө маанилүү», - деп белгиледи өз сөзүндө ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү доктор Ливиу Ведраско.
«Психикалык ден соолук - биздин коомдук саламаттык сактоо программабыздын маанилүү бөлүгү. Психикалык бакубаттуулукка артыкчылык берүү менен биз жарандарыбыздын жашоо сапатын гана жакшыртпастан, саламаттык сактоо системасын жана экономикабызды чыңдайбыз”, - деди Гүласыл Сутуева, КР Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын баштапкы медициналык-санитардык жардам бөлүмүнүн башчысы.
Иш-чара интерактивдүү жыйын менен аяктады, анда катышуучулар эксперттер менен жумуш ордунда психикалык ден соолукту чыңдоо стратегияларын талкуулашты. Катышуучулар психикалык ден соолукту коргоо жана чыңдоо үчүн өкмөттүн, иш берүүчүлөрдүн жана саламаттык сактоо жаатындагы адистердин биргелешкен аракеттеринин маанилүүлүгүн талкуулашты.
***
Кошумча маалымат үчүн:
Алмаз Жумалиев, ДССУнун коомчулук менен байланыш боюнча кызматкери: +996 550 701 712, zhumalieva@who.int