Пресс-релиз

Кыргызстан өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жогорулатуу үчүн жеке азык-түлүк топтомдорду таратуу ыкмасын сыноодон өткөрүүдө

14 февраль 2025

Individual Food Kits
Photo: © WFP

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен өнөктөштүктө, Швейцария өкмөтүнүн колдоосу менен табигый кырсыктарга чара көрүүнү күчөтүү боюнча жаңы демилгени ишке киргизди. Даяр жеке азык-түлүк топтомдорун таратуу аялуу жамааттарга жана кырсыктардан жабыр тарткан калкка натыйжалуу жана максаттуу өзгөчө жардам көрсөтүү үчүн маанилүү кадам болуп саналат.

Өзгөчө кырдаалдар учурунда бир адамды он күн бою азык-түлүк менен камсыз кылууга ылайыкталган, жергиликтүү базарлардан сатып алынган даяр азык-түлүк топтомдору өлкөнүн табигый кырсыктарга даярдыгын жана аларга чара көрүү мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууда абдан маанилүү кадам. Тажрыйбалык долбоор азык-түлүк топтомдорун сатып алуу, даярдоо жана бөлүштүрүү механизмин иштеп чыгууга, алыскы жана обочолонгон аймактарга жардам жеткирүү маселелерин чечүүгө, муктаж болгондорду негизги азык-түлүк менен өз убагында камсыз кылууга багытталат. Анын алкагында 300 азык-түлүк топтому даярдалды. Топтомдордун курамын, таңгагын жана бөлүштүрүү жол-жоболорун баалоо тажрыйба жүзүндө сыналмакчы.

Азык-түлүк топтомдорун иштеп чыгуу ӨКМ менен биргеликте эл аралык жана улуттук стандарттарга ылайыкташтырылып, табигый кырсыктардан жабыркагандардын жана калктын аялуу катмарынын азык-түлүк муктаждыктарын канааттандырууну камсыз кылуу үчүн жүргүзүлдү. Тамак-аш топтомдорун киргизүүдөн тышкары, аталган демилге ӨКМдин ыкчам мүмкүнчүлүктөрүн дагы чыңдады. Ош шаарындагы кампаларды оңдоо сыяктуу инфратүзүмдү модернизациялоону, азык-түлүктү сактоону, бөлүштүрүүнү комплекстүү окутуу  жакшыртуу иш аракеттери болуп саналат.

Бул иш-аракеттер Кыргыз Республикасында табигый кырсыктардын тобокелдиктери өсүп жаткан учурда аткарылууда. Өлкөнүн тоолуу рельефи климаттын өзгөрүшүнүн күчөгөн таасири менен айкалышып, жер көчкүлөрдүн, мезгилдүү суу ташкындарынын жана башка климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу кырсыктардын барган сайын кеңири жайылышына алып келүүдө. 2024-жылы эле ӨКМ тарабынан 330дан ашык суу ташкыны жана сел катталып, 3440тан ашык аймак тобокелдик зонасына киргизилип,табигый кырсыктардан улам жаралган материалдык зыян мурунку жылга салыштырмалуу үч эсе көп болуп, калайыктын жашоосуна коркунуч келтирип, айылдык жамааттардын азык-түлүк коопсуздугуна жана жашоо каражаттарына олуттуу коркунуч туудурууда.

Тажрыйбалык долбоордун жыйынтыгынын негизинде 7000ге чейин азык-түлүк топтомдорун даярдоо пландаштырылууда, ошондой эле демилгенин масштабын кеңейтүү жана анын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн улуттук бюджеттен колдоо күтүлүүдө. Жыйынтыктоочу максат – жеке азык-түлүк топтомдорун башкарууну КР ӨКМнин стандарттык операциялык жол-жоболоруна интеграциялап, өзгөчө кырдаалдарда азык-түлүк жардамын жеткиликтүү, ишенимдүү жана натыйжалуу кылып, эч кимди четте калтырбай турган улуттук социалдык жана жарандык коргоо тутумун түзүүгө көмөктөшүү.

 

Алмаз Чороев

Алмаз Чороев

ДАТП
Коом жана донорлор менен байланыш боюнча кызматкер

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ДАТП
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар