Пресс-релиз

ФАО Кыргызстанда жасалма мөңгү технологиясын өнүктүрүү боюнча долбоорду ишке киргизди

08 май 2025

Бишкек – Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен биргеликте жасалма мөңгүлөрдү куруу технологиясын жана жаңы “Жасалма мөңгү – Суу сактагыч – тамчылатып сугаруу” суу ресурстарын башкаруунун интеграциялык системасын жайылтууга жана кеңейтүүгө багытталган жаңы долбоорду ишке киргизүүдө.

 

Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин расмий суроо - талабына жооп катары, 2025-жылдын башында ФАО өлкөдө аларды жайылтуу үчүн жасалма мөңгүлөрдү куруу боюнча колдонмо документти иштеп чыгууну баштаган. Документ эксперт Матраим Жусупов башында турган ФАОнун адистери тарабынан тез арада даярдалып, жаңы долбоордун негизи болуп калды. 29-апрелде Бишкекте өткөн семинарда жасалма мөңгүлөрдү куруу потенциалын өнүктүрүү демилгесинин символикалык ачылышы болду.

Иш-чарага министрлер кабинетинин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер жана кызыкдар тараптар катышты. Алар долбоорду ишке ашыруунун негизги максаттары жана механизмдери менен таанышты.

“Жасалма мөңгүлөр – бул жөн гана технологиялык чечим эмес”, – деди куттуктоо сөзүндө ФАОнун Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдыев. “Инновациялар климаттын өзгөрүп жаткан шартында айыл жамааттарынын туруктуулугунун негизин түзөт. Мындай долбоорлор азык-түлүк коопсуздугун бекемдейт жана узак мөөнөттүү айыл чарбасын өнүктүрүүгө түрткү берет.”

ФАОнун эксперттери тарабынан сунушталган жасалма мөңгүлөр кыш айларында сууну муз түрүндө сактоого жардам берген, карапайым айыл тургундары үчүн салыштырмалуу оңой технология болуп эсептелет. Жайкысын бул суу, сугат жана малды сугаруу үчүн колдонулат. Орто эсеп менен бир мөңгү 300дөн 500 гектарга чейин жерди сугарууга мүмкүнчүлүк берет. Кыш мезгилинде кичи дарыялар аккан капчыгыгайды мөңгү капчыгайына айлантканга мүмкүнчүлук берет.

“Эң негизгиси – келечектеги мөңгү үчүн туура, көлөкөлөнгөн жерди тандоо”, – дейт ФАОнун айыл чарба жана суу ресурстарын башкаруу боюнча эксперти Матраим Жусупов. “Тоодогу капчыгайдагы кичи дарыядан суу алып, сууну түтүк менен ылдыйды көздөй алып келип, түтүктө суу басымын пайда кылып, анын аягына бийиктиги 10-15 метр болгон тик түтүктөр орнотулат.  Бул уникалдуу система рельефтин бийиктик белгилеринин, жантайманын  айырмасы аркылуу суу басымын пайда кылып, сууну чачыратууну жаратууга колдоно турган басым түзөт. Кышында төмөнкү температурада, чачыраган суу тоңуп, бара-бара муз конусу, башкача айтканда мөңгү пайда болот”.

ФАОнун эксперттери ар бир тоо аймагындыгы Кыргызстандын 1000 ден ашык айылдарында келечектеги жасалма мөңгүлөрдү суу жоготууларына каршы материалдарды колдонуу менен курулган, чакан суу сактагычтар, суу түтүктөрү жана тамчылатып сугаруу системасы менен толуктоону сунуштоодо. Жогоруда айтылгандай, климаттын өзгөрүусу менен, өлкөбүздүн дээрлик 60 пайыз аймагындагы суу танкыстыгы пайда болгон айылдар үчун сунушталып жаткан жаңы система аркылуу тамчылатып же башка заманбап сугат түрлөрү бар талаалардагы дыйкандарыбыздын суу көйгөйлөрү чечилет. “Мөңгү – суу сактагыч – фермер” деп аталган системанын ишке ашырылышы сууну бөлүштүрүүнү оптималдаштырууга жана анын коромжусун азайтууга мүмкүндүк берет. Жыйынтыгында дыйкандар сугат сууга туруктуу жеткиликтүү болуп, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жана кирешесин жогорулатат.

Кыргызстандагы алгачкы жасалма мөңгүлөрдүн айрымдары ФАОнун ар кандай долбоорлорунун алкагында Өзгөн, Кочкор жана Аксы райондорунда курулган. Бүгүнкү күндө өлкөдө 30дан ашык айыл эли өздөрүнүн күчү менен жасалма мөңгүлөрдү пайда кылышты жана ийгиликтүү экенин далилдеп, суу танкыстык маселелерин чечүү максатында аракет кылып жатышат.

 

Evgeniy Pechurin

Евгений Печурин

ФАО
Коомчулук менен байланыш боюнча кызматкер

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ФАО
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму

Бул демилгеге катышкан башка түзүмдөр

AA
Arcadia Associates

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар