Айылдагы аялдар ийгиликтүү ишкер боло алышат
Айылдагы аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча программа Кыргызстандын аймактарындагы аялдарды окутат жана ишкерликте колдоо көрсөтөт.
Эльмира Сазанова Нарын облусунун Ат-Башы районунун айылдарынын биринде жашайт, төрт баланын энеси жана чоң эмес тигүү цехинин ээси.
«Мурун эки эле тигүү машинам болсо деп кыялданчум, ал эми азыр өзүмдүн цехим бар. Кыялдануу керек жана ийгиликке жетүүгө ишенүү керек жана албетте эмгектенүү зарыл», - дейт Эльмира.
Кыргызстандын алыскы аймактарында аялдар үчүн жумуштар көп эмес. Көбүнчө үй тиричилиги, балдарды тарбиялоо менен алектенишет, ошондой эле чарбада жолдошторуна жардам беришет. Аялдар үйдө олтуруп, жеке бизнесин өнүктүрүүгө аракет жумшабайт. Мисалы, Кыргызстанда айыл-чарбада иштеген аялдардын саны жалпы иштеген аялдардын санынын 39,2%ын түзөт, муну менен бирге 20,6% гана айыл-чарбада иштеп жаткан чарба субъекттеринин аял жетекчилери бар.
Эльмира Сазанова ошол кыялданган аялдардын катарында эле, бирок ар дайын өзүнүн ийгилигине ишенип, максаттарына жетүүгө аракет кылып келген. 90-жылдары жумуштун жоктугунан ал өзүнүн эски машинасы менен халаттарды тигип, кошуналарына жана тааныштарына сата баштаган. Ошондо ал ушинтип акча тапса болорун, бирок толук иштөө үчүн жок дегенде эки профессионалдык тигүү машинасы керек экенин түшүнгөн. Бирок аларды сатып алганга каражаты болгон эмес.
БУУнун төрт агенттиги – «БУУ-аялдар», ААУ, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана АӨЭФ – «Айылдагы аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоорун түзүштү. Бул долбоор азык-түлүк коопсуздугун жогорулатууга, киреше алып келген ишкердикке көмөк көрсөтүүгө, мамлекеттик чечимдерди кабыл алуу процессине катышууну кеңейтүү жана коомдо гендердик аспекттерди эске алган маданиятты пайда кылууга багытталган. Программа айына 2700 сомго, жакырчылыктын улуттук чегинде жашаган айылдагы аялдардын аярлуу катмарына арналган.
«2014-жылы мен бул долбоор тууралуу уктум. Мага бизнес ачууга жардам беришерин айтышты. Чынын айтсам, мен буга ишенген эмесмин, бирок ошентсе да долбоорго катыштым. Себеби мага кызык болгон. Тренингтерге катыштым, көптөгөн пайдалуу маалыматтарды алдым. Биз тигүү цехин ачуу боюнча долбоорду даярдап, жөнөттүк. Анан бир күнү машиналарды алып келишти. Абдан көп болчу! Мен таң калып, өзүмдү жоготуп койдум: мынча көп машинаны кантип иштетем? Тигүүчүлөрдү кайдан табам? Бирок мен өзүмдүн коркунучумду жеңип, иштей баштадым», - деп эскерет Эльмира.
Албетте, кыйынчылыктар дагы болбой койгон жок. Алгач тигүүчүлөрдү, андан кийин буйрутмаларды издөө керек болду. Финансы жагынан дагы кыйынчылыктар туулду. Себеби кызматчылардын эмгек акысын төлөөгө акча керек эле, ал эми айылдын жашоочулары үзгүлтүксүз жаңы кийим сатып ала алышпайт.
Тигүүчүлөргө алардын үй-бүлөлөрү дагы каршы чыгышты. Эльмиранын жолдошу алгач жеке ишинен айнытууга аракет кылган. Бирок ал макул болгон эмес жана кыйынчылыктарга карабастан иштөөнү уланткан. Азыр цех туруктуу иштейт, ал эми цехте ачылгандан баштап көптөгөн аялдар иштеп кетишкен.
Эльмира жумушка тажрыйбасы жок болсо дагы алат. Себеби, тигүү ишин ар бир аял үйрөнүп кете алат деп ойлойт. Болгону анда үйрөнгөнгө жана иштегенге каалоосу болуш керек.
Азыр цех жергиликтүү калкка кызмат көрсөтөт, ошондой эле борбордон түшкөн чоң эмес буйрутмалардын партиясын тигип турат.
«Биз абдан ынтымактуубуз жана бири-бирибизге жардам берип турабыз. Кийимди дагы көптөн бери сатып албайбыз. Өзүбүзгө өзүбүз тигебиз. Эгер конокко бара турган болсок, командабыз менен тез арада кооз көйнөк тиге салабыз. Пандемия учурунда алгач кыйынчылыктар туулду, буйрутмалар түшпөй калды. Бирок биздин жыйылып турган ишибиз бар болчу. Ошондуктан, биз өндүрүштү дээрлик токтоткон жокпуз. Кийин беткап тиге баштадык. Эсиңиздердеби, алгач беткаптар жетишпей, элдер дарыканалардан дагы беткап таппай калышкан», - дейт Элмира.
Аялдарга жергиликтүү бийлик дагы колдоо көрсөтүп, цех үчүн имарат бөлүп беришкен. Ишкананын ээси майда кадамдар менен болсо дагы баштап, талбай эмгектенүү менен кыялдарды чындыкка айлантууга болот деп белгилейт.
Муну менен бирге, албетте үй-бүлөнүн колдоосу маанилүү. Себеби, аялдар ишин жарым жолдо таштоого мажбур болбошу керек. Бул үчүн коомчулукта аял үй кожойкеси гана болбошу керек деген идеяны көтөрүү зарыл. Коомчулукка аялдар дагы иштей алат жана алар ийгиликке дагы жете алат, үй-бүлөгө жана жалпы коомго пайда алып келет деп эскертүүбүз зарыл.