Менин коопсуз жана бейпил мектебим» колдонмосу
«Менин коопсуз жана бейпил мектебим» колдонмосу алгач 2012-жылы иштелип чыккан жана акыркы компонентинин негизги элементи болуп саналат.“Менин Коопсуз жана Бейпил Мектебим” курсу 100дөн ашык мектепте Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтыкты орнотуу фондунун тарабынан каржыланган «Тынчтыкты чыңдоо үчүн аны жактоочулардын чөйрөсүн жана өбөлгө түзүү» БУУнун Аялдар түзүмүнүн долбоордун алкагында ишке ашырылган жана Финляндия Өкмөтү тарабынан каржыланган «Сууну акыйкаттуу пайдалануу бул – туруктуу жамааттарды түзүүнүн негизи» БУУнун Аялдар түзүмүнүн долбордун алкагында 2016 жылдан ишке ашырылынып келет. Бул китептен долбоорго тартылган жаштар гендердик теңчилик, адам укугу, жөнөкөй жарандардын укук ээси катары жана мамлекеттик кызмат адамдарынын жоопкер тарап катары укуктары менен милдеттери тууралуу эле билип тим болбостон, китептин аталышы айтып тургандай (Менин коопсуз жана бейпил мектебим), окуган окуу жайда болобу, же жашаган коомдо болобу, дегеле турмушта жолуга турган ар кандай кооптуу жагдайдайларда (алсак, чыр-чатактардын алдын алууга, болуп калган учурда аларды туура чечүүгө) терең талдоо жүргүзүү менен туура баа берүүнү үйрөнушөт. Бул китептен кооптуу абалды терең талдай билүү менен анын негизинде тийиштүү чараны колдонуу жөндөмүнө, ошондой эле, курбулар менен команда (5-15 адамдан турган) курап, топтун мүчөлөрүнүн арасында ролдорду жана милдеттерди бөлүштүрүү менен топто иш алып барганды үйрөнушөт. Ошондой эле бардык этникалык топтор үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү алдыга жылдыруу менен этникалык айырмачылыктарды жоюуга багытталган.
Колдонмо эки бөлүктөн турат.
Кыргызча (1 бөлүк) Kyrgyz (1 part)
Кыргызча (2 бөлүк) Kyrgyz (2 part)
Орусча (1 бөлүк) Russian (1 part)
Орусча (1 бөлүк) Russian (2 part)
Өзбекче (1 бөлүк) Uzbek (1 part)
Өзбекче (1 бөлүк) Uzbek (2 part)
Сууну акыйкаттуу башкаруу боюнча кошумча маалымат менен:
Кыргызча (1 бөлүк) Kyrgyz (1 part)
Кыргызча (2 бөлүк) Kyrgyz (2 part)
Өзбекче (1 бөлүк) Uzbek (1 part)