Конфликттик аймактардан келген балдарды репатриациялоо, реабилитациялоо, реинтеграциялоо темаларын чагылдуруу боюнча сунуштар
Ирактан жаш балдарды кайтарып келээр алдында Кыргызстандагы коомдун маанайын изилдөө жана талдоодо Жалпыга маалымдоо каражаттарынын орду абдан чоң экенин көрсөттү. Сенсациялардын артынан сая түшкөн журналисттер менен блогерлер өздөрүнүн рейтингин көтөрүүнү көзөп, калк арасында терс пикирлерди жайылтып коюшу толук мүмкүн. Өзгөчө аярлуу темаларды, мисалы ошол эле конфликттик аймактардан кайтып келгени жаткандар тууралуу материалды даярдоодо жана жарыялоодо журналисттердин негизги милдети – нейтралдуу позиция менен калыс чагылдыруу болуп саналат.
БУУнун тиешелүү программалык документтеринде, террористтик жана экстремисттик уюмдар менен топтор тарабынан арбалып, эксплуатацияланган балалуу энелерди жана жетим балдарды кайтарууда мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун жана медианын алдына тийиштүү милдеттерди коёт деп белгиленет.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана журналисттердин ролу жарандарга балдардын фундаменталдык укуктары боюнча билим берүүдө жана репатриант-балдар мекенине кайтып келгенден кийин стигматизацияга дуушар болбошу үчүн өтө маанилүү. Журналисттер менен блогерлерге сунушталып жаткан ушул окуу курал – согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймактардан аялдардын жана балдардын кайтып келиши, айрыкча жаш балдардын фундаменталдык укуктарын камсыз кылуу боюнча мамлекеттердин Эл аралык милдеттенмелери сыяктуу конфликттик-сезимтал темаларды туура чагылдыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуунун алгачкы аракети болуп калды деп ойлойбуз.
Биздин сунуштар окурмандарга кайсы бир сөздүн жана аныктамалардын категориялык, концептуалдык аппаратын жакшыраак түшүнүүгө жана ал аркылуу кайсы бир деңгээлде багыт алууга жардам берет. Биз, аныктамалардын жана түшүнүктөрдүн кыскача сөздүгүн сунуштайбыз. Ошондой эле бул колдонмодо эмнени чагылдырса болот же "Бирөөгө зыян келтирбе" позициясында туруп, эмнени таптакыр чагылдырганга мүмкүн эместиги тууралуу конкреттүү сунуштар камтылган.