Пресс-релиз

Бишкекте Айым режиссерлор тарткан кинолордун жумалыгы өттү

09 декабрь 2022

DSC04130

Бишкек, Кыргызстан - Бишкекте  5-8-декабрда Улуттук тарых музейинде гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүктүн алкагында  Аялдар тарткан тасмалардын жумалыгы өттү. Ал киночу айымдарга колдоо көрсөтүү жана аларга кеңири аудиторияга эмгегин тартуулап, көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүүгө багытталган. Күн сайын саат 16:00дөн 18:00гө чейин режиссёр аялдардын гендердик теңсиздикти жана коомдо курч маселеге айланган зомбулук тууралуу  тасмалар көрсөтүлдү.

Аялдар киносунун жумалыгы – ЕБ-БУУнун «Теңдик Нуру» демилгесинин  "Азия чыгармачыл айымдарынын коомдук кору" менен болгон кызматташтыгы  жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги  колдоосу менен өтүп жатат.

Кино жумалыгынын алкагында “Башка бирөө” кыска метраждуу көркөм тасмасынын бет ачары да болуп өттү. Тасма кыргыз аялы Айнагүлдүн досу Эркинайдын өмүрү жана коопсуздугу үчүн күрөшү, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук жана элдин активдүүлүгү тууралуу баяндайт. Тасманын идеясынын автору жана режиссеру – гендер жана медиа боюнча эксперт Жанна Араева. Тасма ошондой эле гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампаниянын алкагында ЕБ менен БУУнун биргелешкен «Теңдик Нуру» демилгесинин колдоосу менен даярдалган.

Тасманы шилтеме аркылуу көрүүгө болот.

Ачылуу аземинен сүрөттөр

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУ
Бириккен Улуттар Уюму
БУУӨП
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар