Бишкектеги абанын сапаты, абанын булгоочу заттардын булактарын баалоо жана абанын сапатын башкарууну илгертүү жол картасы
Бишкекте өзгөчө кышындагы жылытуу мезгилинде – октябрдан мартка чейин абанын булганышы боюнча оор кырдаал түзүлгөнү байкалат. Акыркы жылдары жылытуу мезгилинде Бишкек шаары «Абанын сапаты индекси» (AQI) дүйнөлүк рейтингинде биринчи орунда турат. Абанын сапатынын начар лашы ден соолукка байланышкан олуттуу кесепеттерге дуушарлантат, ошолордун ичинде, балдардын астма жана дем алуу органдарынын ооруларынын көбөйүшүнө алып келет. Реалдуу убакыт режиминде онлайн маалыматтарды камсыз кылган заманбап жана ишенимдүү мониторинг станцияларын камтыган атмосфералык абанын сапатын көзөмөлдөө тармагы, моделдөө, эмиссиялардын кадастры сыяктуу абанын сапатын башкаруунун мамлекеттик куралдары бар. Бирок, бул куралдар өзүнүн жетилбегендигинен улам чечим кабыл алуу жана жарандарды маалымдоодо абанын сапаты боюнча ишенимдүү маалыматтарды берүүгө жетишсиз. Бул абанын сапатын башкаруу куралдарын/системаларын жакшыртуунун, ошондой эле чечимдерди кабыл алууга, жана абанын сапаты боюнча иш-аракеттер пландарын даярдоого комоктошуу үчүн абанын сапатына тиешелуу маалыматтар боюнча деталдуу талдоо жургузуунун зарылдыгын көрсөтөт.
Бул изилдөөнүн максаты Бишкек шаарынын атмосфералык абасынын үстүңкү катмарында булгоочу заттардын концентрацияларына тийгизген таасирин аныктоо жана алардын негизги пайда болуу булактарына комплекстүү талдоо жүргүзүү болуп саналат. Андыктан, атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу саясатты иштеп чыгуу үчүн чечим кабыл алуучуларга атмосфералык абанын чыныгы абалы боюнча илимий жактан негизделген маалыматтарды биринчи жолу сунуштап жатат. Изилдөөнүн жүрүшүндө абанын булганышына байкоолор (2015-2021) боюнча маалыматтар каралып чыгып, эмиссиялардын кадастрлары иштелип чыккан жана талданган, жергиликтүү дисперсиялык моделдөө жүргүзүлгөн жана спутниктик маалыматтар изилденген. Бул изилдөөнүн натыйжаларын, анын ичинде, Артыкчылыктуу саясаттарды жана чараларды ишке ашыруу боюнча жол картасын, калктын ден соолугуна көбүрөөк оң таасирин тийгизген иш-аракеттерге басым жасоо менен, абанын булганышына каршы күрөшүү боюнча артыкчылыктуу иш-чараларды аныктоо үчүн пайдаланса болот. Бул изилдөө абанын булганышын андан ары изилдөө жана талдоо үчүн маанилүү негиз түзөт; анын жыйынтыктары Бишкектин абасынын булганышын, анын булактарын жана кесепеттерин, ошондой эле абалды жакшыртуунун жолдорун түшүнүүгө олуттуу салым кошот.