Аял депутат балдардын жана аялдардын көйгөйлөрүн жакшы түшүнөт

Айылдагы аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча программа аялдардын чечимдерди кабыл алуу процессине катышуусун өркүндөтөт.

Нурия Темирбек кызы Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Жар айылында жашайт. 6 жыл мурун ал үй кожойкеси болчу жана иштөөнү пландаган эмес. Бирок 2 жылдан кийин жергиликтүү кеңештин депутаты болду жана ошол убактан бери айылдаштарына жардам берип келет. «Аялдардын баарына күчү жетет, алар иштей алышат жана каалаган чөйрөдө – социалдык иш, саясат же бизнес болобу, баарында ийгиликтүү боло алышат», - деп ойлойт Нурия. Кыргызстандын алыскы аймактарында аялдар үчүн билим берүү дагы эле жеткиликтүү болбогон көрүнүш кеңири тараган. Мунун жыйынтыгында көбүнчө аялдар эрте турмушка чыккандан кийин үй тиричилиги менен гана алектенишет. Анын үстүнө, адатта үй-бүлөлөрдөгү эмгек эркектерге – үй-бүлө башчысына гана ыйгарылып, мындай жол менен эркектер гана бизнес, саясат же башка социалдык жактан маанилүү ишмердик менен алектенет деген түшүнүк пайда болот. Нурия 2014-жылга чейин, эл аралык уюмдун өкүлдөрү менен болгон жолугушууга кокустан катышып, андан айылдаштарынын тандоосу менен активист катары чыкканга чейин ушул сыяктуу аялдардын катарына кирген.

БУУнун төрт агенттиги – «БУУ-аялдар», ААУ, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана АӨЭФ – «Айылдагы аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоорун түзүштү. Бул долбоор азык-түлүк коопсуздугун жогорулатууга, киреше алып келген ишкердикке көмөк көрсөтүүгө, мамлекеттик чечимдерди кабыл алуу процессине катышууну кеңейтүү жана коомдо гендердик аспекттерди эске алган маданиятты пайда кылууга багытталган. Программа айына 2700 сомго, жакырчылыктын улуттук чегинде жашаган айылдагы аялдардын аярлуу катмарына арналган.

Ошондон баштап долбоорлордун алкагында Нурия башка аялдар менен биргеликте өзүнүн айылында бир катар ишканаларды ачкан жана анда 50дөн аял жумуш ордуна ээ болгон.

«Менин жашоого болгон көз карашым жакшы жакка өзгөрдү. Мен көптөгөн жаңы маалыматтарга ээ болдум, түрдүү тренингдерге катыштым, көптөгөн адамдарга жардам бере алдым. Мен өзүмө ишенип, 2016-жылы жергиликтүү кеңештин депутаттыгына өзүмдүн талапкерлигимди койдум жана шайлоодо жеңишке ээ болдум. Мурун мен аял үйдө олтуруп, балдарды тарбиялаш керек, жолдошуна кам көрүшү керек деп ойлочумун. Бирок, көрсө биз күчтүү экенбиз жана баарына жетише алат экенбиз”, - деп белгилейт Нурия.

Азыр ал жергиликтүү кеңеште гана иштебестен, аялдар тигүү менен алектенген, кол эмгектерин жасаган, фермердик жана иштеп чыгуучу өндүрүш менен алектенген долбоордун алкагында бир нече ишканаларды тескейт.

Пандемия учурунда анын демилгеси боюнча жергиликтүү бюджеттен материалдарды сатып алууга каражат бөлүнгөн. Бул каражатка тигүүчүлөр беткап тигишип,жергиликтүү калккта жеткиликтүү, дээрлик өз баасында сатууга, ал эми муктаж үй-бүлөлөр коргоо каражаттарын акысыз алууга мүмкүнчүлүк болгон.

«Өзүмдү мурункудан пайдалуу жана күчтүү сезип жатам. Алгач жолдошум ишмердигиме каршы болгон, себеби үйдө көп учурда жок болчум. Тренингдерге катышыш керек болчу. Бирок кийинчерээк канчалык маанилүү иш менен алектенгенимди түшүндү. Азыр ал мени колдойт. Мен адамдарга долбоор ичинде жана кеңеште дагы жардам берем. Аял депутат эркек депутаттардан айырмаланып турат. Биз аялдар жана балдар күн сайын дуушар болгон маселелерди жакшы түшүнөбүз. Ошондуктан ал маселелерди чечүүдө жардам берүүгө аракет кылабыз”, - дейт Нурия.

Ал бардык аялдарды иштеп баштоодон коркпоого жана коомго пайда алып келүүгө чакырат. Себеби, аялдын колунан баары келет – болгону өзүнө ишенүү керектигин тажрыйба көрсөтүп турат. Талбаган эмгектин артынан жана жакын адамдардын колдоосу менен бардык ишмердик ийгилик алып келерин эстен чыгарбоо зарыл.

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери
ФАО
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму
ИФАД
Эл аралык айыл чарба өнүктүрүү фонду
БУУнун Аялдар түзүмү
Бириккен Улуттар Уюмунун гендердик теңчилик жана аялдар укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү түзүмү
ДАТП
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы