Пресс-релиз

БУУнун Азык-түлүк жана айыл-чарба уюму (ФАО) Кыргызстанга жашылча-жемиш сектордо азыктын коопсуздугун жакшыртууга жардам берет

28 январь 2021

2021-жыл, Эл аралык жашылча жана жемиш жылы, Кыргызстан үчүн жашылча-жемиш секторунда азык-түлүк продукттарынын коопсуздугун башкарууну өркүндөтүү боюнча ФАОнун жаңы долбоору менен башталды. Бул долбоор айыл-чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министрлиги жана Жашылча-жемиш ишканаларынын ассоциациясы менен тыгыз кызматташтыкта жүзөгө ашырылат жана мүчөлөрү долбоордун түздөн-түз бенефициарларынын катарына кирет.

Стандарттарды жана сооданы өнүктүрүү фонду (STDF) тарабынан каржыланган долбоор жашылча жана жемиштерди өндүрүүдөгү жана иштетүүдөгү тобокелдерге негизделген, азык-түлүк продукттарынын коопсуздугун башкаруунун жалпы кабыл алынган заманбап системасын жүзөгө ашырууну колдоого багытталган. Бул системаларды жүзөгө ашыруу жергиликтүү өндүрүүчүлөргө продукциясынын коопсуздугун камсыз кылууга, ошондой эле ички жана эл аралык рынокко чыгууга, эң башкысы Евразия экономикалык бирлигинин мүчөлөрүнө жетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Буга байланыштуу 400 000 ден ашуун майда фермердин жашоо шарты жакшырмак.

“Көлөмдүү экономикалык потенциал күтүлгөн туруктуу өнүктүрүүдө азык-түлүк жана айыл-чарба абдан маанилүү роль ойнойт», - дейт ФАОнун Кыргызстандагы өкүлү Аднан Куреши. «Долбоорду жүзөгө ашыруу жашылча-жемиш тармагын өнүктүрүүгө оң таасир этет жана Кыргызстандын жашылча-жемиш продукциясын сатуу көлөмүнүн жогорулашына түрткү берет. Бул жыйынтыгында жашылча-жемиш тармагын өркүндөтүүгө байланыштуу майда фермердик чарбалардын жана иштетүүчүлөрдүн кирешелеринин жогорулашына алып келет.

ФАО 2020-жылдын декабрь айында тийиштүү кызыкдар мамлекеттик органдардын, өндүрүшчүлөрдүн ассоциацияларынын, тамак-аш өнөр-жайынын илимий чөйрөсү жана ишканаларынын өкүлдөрү катышкан виртуалдык киришүү семинарын уюштурду. Жолугушуу учурунда АПП директору Дилбара Алимжанова өндүрүүчүлөр азык-түлүк продукттарынын коопсуздугуна коюлган талаптарды сактабагандыктан ички жана экспорттук рынокко чыгууда кыйынчылыктарга дуушар болгонун түшүндүрдү. Бул себептердин ичине көбүнчө финансылык жана техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн чектелгени, техникалык экспертизанын жана колдонмонун жок болушу, ошондой эле эскирген текшерүү системасы кирет.

Өлкөдөгү расмий азык-түлүк көзөмөлүнө жооп берген министрликтердин өкүлдөрү, т.а. Айыл-чарба министрлиги, Химизация жана өсүмдүктөрдү коргоо департаменти, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти, Экономика министрлиги, Стандартташтыруу жана метрология борбору өздөрүнүн ролу, учурдагы талаптарга байланыштуу долбоордун актуалдуулугу жана COVID-19 пандемиясынын секторго болгон таасири менен бөлүшүштү. ФАОнун долбоордук тобу катышуучуларга баяндалган көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган долбоордун ишмердиги тууралуу маалымат берди жана долбоордун аягына чейин кызматташууну улантууга чакырды.

“Бул долбоордун алкагында тобокелдердин негизинде азык-түлүк продукттарынын коопсуздугун башкаруунун эл аралык таанылган системаларынын чөйрөсүндө потенциалдык өстүрүү үчүн стандартташтырылган окутуу системасы түзүлөт (анын ичине Тобокелдерди талдоонун критикалык көзөмөлдөө чекити (HACCP), Тийиштүү өндүрүш тажрыйбасы (GMP), Тийиштүү гигиеналык тажрыйба (GHP) жана Тийиштүү айыл-чарба тажрыйбасы (GAP) кирет. Мындан тышкары, тийиштүү компетенттүү органдардын кызматкерлеринин инспекцияларды жана тобокелдердин талдоосун жүргүзүү, ошондой эле аудитордук процедураларды кайра кароо маселелери боюнча техникалык билимдери тереңдетилет.» деди ФАОнун азык-түлүк продукттарынын коопсуздугу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча кызматкери Мэри Кенни.

Мындан тышкары, кыргыз жашылча-жемиш продукциясынын ички жана эл аралык рыноктогу үлүшүн жогорулатууга жана Кыргызстандагы азык-түлүк коопсуздугун жакшыртууга жардам берет, жашылча жана жемиштердин сапатын жакшыртуу жана өркүндөтүү жолу менен туура тамактанууга өбөлгө түзөт жана буга кошумча, долбоор жугуштуу эмес оорулардын, ашыкча салмак көрсөткүчтөрүн, жогорку кан басымын жана жогорку деңгээлдеги холестеринди төмөндөтүүгө түрткү берет.

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ФАО
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар