Пресс-релиз

Швейцария COVID-19 пандемиясынан улам пайда болгон кыйынчылыктарды жеңүүдө Кыргызстандагы муктаж адамдарга колдоо көрсөтөт

05 февраль 2021

Швейцариянын Өкмөтү Кыргызстандагы COVID-19 пандемиясынан олуттуу жабыр тарткан калктын аярлуу катмарына колдоо көрсөтүү үчүн БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасына 2,5 миллион швейцариянын франкын бөлдү.

Каражаттар жакырчылыкта жашаган 80 миң адамга колдоо көрсөтүү үчүн колдонулат. Алар шаардык райондордо акчалай жардамдарды алышат жана жумушка орноштуруу перспективин жакшыртуу жана киреше алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу үчүн коомдук активдерди түзүүгө жана окутууга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Мындай ыкма пандемиянын жагымсыз кесепеттеринен жабыр тарткан адамдарга жашоо үчүн каражат гана бербестен, аларды келечектеги кыйынчылыктарга каршы даярдыгын жана туруктуулугун жогорулатканга куралдар менен камсыздайт.



БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен өнөктөштүктө кирешесинен кол жууган жана азык-түлүк продукттарындагы негизги керектөөлөрүн канааттандыруу же билим берүү жана саламаттыкты сактоо чыгымдарын кыскартуу сыяктуу жашап кетүү стратегияларын колдонууга мажбур болгон жакыр үй-бүлөлөргө биринчи кезекте көңүл бурушат.



«Швейцария Өкмөтү жана Швейцариянын эли Кыргызстан менен биргеликте COVID-19 кризисинен жабыр тарткан калктын аярлуу катмарына колдоо көрсөткөндүгү менен сыймыктанат, - дейт Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы өкүлү Вероник Ульманн. Биздин БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен өнөктөштүгүбүз жакыр үй-бүлөлөргө бул кыйын учурда жашоосун улантууга жумшаган каражаттарын сактоого жардам берет».



«Швейцариянын Өкмөтүнүн көлөмдүү салымынын натыйжасында БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы шаарларда жана шаар четтеринде азык-түлүк коопсуздугунун жок болушунан жабыр тарткан адамдарга акчалай жардам көрсөтө алат жана аларга тандоо мүмкүнчүлүгүн берет, ошондой эле жергиликтүү базарда суроо-талапты пайда кылат» - деп БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргыз Республикасындагы өлкө директору Андреа Баньоли белгиледи.



2020-жылдын апрель айында COVID-19 кризисине тез арада көңүл буруу катары Швейцария БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасына үч ай ичинде социалдык стационардык мекемелерге жана өлкө боюнча 3 миңден ашуун адам (жетимдер, улгайган адамдар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар) жашаган мектеп-интернаттарга колдоо көрсөтүү үчүн 200 миң швейцариянын франкын бөлдү.



# # #



Швейцариянын Өкмөтү калктын жашоо шартын жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүп келет. Акыркы 25 жылда Швейцария техникалык, финансылык жана гуманитардык жардам түрүндө Кыргызстанга 450 миллиондон ашуун швейцариянын франкын берди



Кененирээк маалымат: https://www.eda.admin.ch/bishkek



Биз тууралуу кабарларды төмөнкү шилтемеден алыңыз www.facebook.com/SwissEmbassyKyrgyzstan

БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы – бүткүл дүйнөдөгү ачарчылыкка каршы күрөшкөн ири гуманитардык уюм, өзгөчө абалдарда азык-түлүктөрдү жеткирет жана жергиликтүү коомдор менен алардын туруктуулугунун үстүндө иштейт жана тамактанууга байланышкан абалды жакшыртууга аракет кылат. БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы жыл сайын дүйнөнүн 80 өлкөсүндө 80 миллионго жакын адамга жардам көрсөтөт.

 

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ДАТП
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы

Бул демилгеге катышкан башка түзүмдөр

SDC
Swiss Agency for Development and Cooperation

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар