Пресс-релиз

Бүткүл дүйнөлүк качкындар күнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар иштери боюнча Жогорку Комиссарынын башкармалыгы (БУУ КЖКБ) качкындарды Кыргызстанда саламаттыкты сактоо, билим берүү жана спортко тартууну колдойт

20 июнь 2021

20-июнь, Бүткүл дүйнөлүк качкындар күнүндө, БУУнун КЖКБсы, БУУнун Качкындар Агенттиги, Кыргыз Республикасынын качкындарды саламаттыкты сактоо, билим берүү жана спорт тутумдарына интеграциялоо боюнча мындан аркы аракеттерин, ошону менен алардын жергиликтүү жамааттарга интеграцияланышын колдойт.

Together-we-heal-learn-shine_(2)

2020-жылдын аягына карата Кыргыз Республикасында 684 качкын жана башпаанек издегендер жашайт. Баарында эмес, бирок көпчүлүгүндө,медициналык жардамга, анын ичинде COVID-19 эмдөөсүнө, билим алууга жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү бар. БУУнун КЖКБсы бардык качкындарды кабыл алуучу жамааттын өнүгүүсүнө толук салым кошо алышы үчүн саламаттыкты сактоо, билим берүү, жумушка орноштуруу жана социалдык коргоо кызматтары менен көбүрөөк камтылышын камсыз кылуу үчүн мамлекеттик органдарды жана башка өнөктөштөрдү колдоону улантат.

«2021-жылы биз Бүткүл дүйнөлүк качкындар күнүн саламаттыкты сактоо тармагына, мектептерге жана биздин коомчулукка кысым көрсөткөн пандемиянын шартында белгилеп жатабыз. Бирок пандемия бизди ошондой эле, бириккенде күчтүү болуубузду үйрөттү. Окууга жана иштөөгө мүмкүнчүлүк берилгенде, качкындар күчтүү, коопсуз жана динамикалуу дүйнөгө өз салымын кошо беришет”, - деди Ханс Фридрих Шоддер, БУУ КЖКБнын Борбор Азия боюнча өкүлү.

БУУнун Качкындар иштери боюнча башкы комиссарынын 18-июнда жарыялаган акыркы жылдык дүйнөлүк тенденциялар боюнча отчетунда, Пандемияга карабастан, согуштан, зордук-зомбулуктан, куугунтуктоодон жана адам укуктарын бузуудан качкандардын саны 2020-жылы дээрлик 82,4 миллионго жетти деп билдирди. Бул 2019-жылдын аягындагы 79,5 миллион рекорддук көрсөткүчтөн төрт пайызга көп.

Бүткүл дүйнөлүк качкындар күнү - зордук-зомбулуктан жана куугунтуктан качууга аргасыз болгон миллиондогон адамдардын эрдигине таазим кылуу мүмкүнчүлүгү. Бул күнү биз кабыл алуучу жамаатын меймандостугу жана боорукердиги аркылуу адамдар ден-соолугун чыңдап, жаңы жашоо баштап, гүлдөп-өсүүгө күч таба ала тургандыгын белгилейбиз.

Быйылкы Бүткүл дүйнөлүк качкындар күнү качкындарды саламаттыкты сактоо, билим берүү жана спортко интеграциялоонун маанилүүлүгүнө арналган. Ден соолук темасы пандемиядан чыгуу үчүн бардык адамдардын күч-аракеттерин бириктирүү зарылдыгына байланыштуу актуалдуу. Билим берүү - пандемиянын айынан миллиондогон балдардын билими үзгүлтүккө учурады. Спорт - анткени анын адамдарды бириктирүү жөндөмүнүн тилдик жана улуттук чектери жок. 2021-жылы 29 качкын спортчулардан турган команда БУУ КЖКБнын жана Эл аралык олимпиадалык жана паралимпиадалык комитеттердин колдоосу менен Токио оюндарына кошулат.

KGZ WRD 4

Байланыш үчүн:

Жыпариза Жумагазиева

БУУ КЖКБнун Кыргыз Республикасындагы Улуттук кеңсеси

Эл.дарек: zhumagaz@unhcr.org

 

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУ КЖКБ
Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар