Пресс-релиз

“БУУнун Аялдар” түзүмүнүн долбоору аркылуу Кыргызстанда суу колдонгон 20 000 ашуун киши сугат сууга жетти

31 май 2018

2018-жылдын 18-19-май күндөрү Ош облусунун Найман айылында жана Баткен облусунун Үч-Коргон айылында муктаж аялдардын, эркектердин жана балдардын турмуш шартын жакшыртуу боюнча долбоордун жыйынтыктары талкууланды. Долбоордун алкагында алар суу ресурстарын биргелешип башкарууга катышты, Кыргызстанда сууну натыйжалуу пайдалануу боюнча көндүмдөрүн жакшыртышты. Талкууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, суу пайдалануучулар ассоциацияларынын, жергиликтүү билим берүү мекемелердин жетекчилери, мамлекеттик түзүмдөрдүн жана "БУУнун Аялдар" түзүмүнүн өкүлдөрү катышты.

Бул долбоор аялдарды жана жаштарды кошкондо өзгөчө муктаж адамдардын мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүүгө жана аларга шарт түзүүгө багытталган. Долбоордун жардамы менен алар айыл чарбасын туруктуу жана ийгиликтүү жүргүзүү үчүн жер жана суу ресурстарын акыйкат жана тең укуктуу бөлүштүрүү, жаратылыш ресурстарын эффективдүү пайдалануу маселесин чечүүгө катыша алышты.

Долбоор 2015-жылдын октябрынан тартып Кыргызстандын үч регионундагы жети муниципалитетте ишке ашырылды. Анын натыйжасында Кыргызстандын түштүк жана түндүк региондорундагы 20 миңден ашуун үй-бүлө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары колдоп берген демилгелердин жана Суу пайдалануучулар ассоциацияларынын жакшыртылган потенциалынын натыйжасында сугат сууга жете алышты. Ошондой эле жергиликтүү калктын туруктуулугун камсыз кылып, аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн жергиликтүү жамаат мүчөлөрүнүн ичинен 170 аялдан турган, бири-бирине жардам берген 14 топ түзүлдү.

Талкуунун жүрүшүндө долбоорду ишке ашырууга тартылган окуучулар адам укуктары жана гендердик теңдик принциптери багытындагы, өзгөчө жаратылыш ресурстарына жеткиликтүүлүк жана аларды натыйжалуу пайдалануу маселелеринде билимин көрсөтө алышты. Окуучулар өз мектептеринде гана эмес, ошондой эле жамааттарында да тынчтыкты жана коопсуздукту бекемдөө, жаңжалдарга анализ жасоо, алардын себептерин жоюу боюнча чараларды көрүү жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алышты.

Долбоор жаштарды кожолуктардагы жана айылдагы бакубатчылыкты камсыз кылуу көндүмдөрүн үйрөткөн иштерге тарта алганын белгилей кетүү зарыл. Алар канткенде көп түрдүүлүктү сыйлап, жакшы жаран болушу керектигин үйрөнүүдө; аялдарды жана жаштарды тартуу жолу менен коомдук жана экономикалык турмуштун бардык өңүттөрүндө гендердик теңдикке үгүттөп, муну менен экономикалык укуктардын ишке ашырылышына көмөк көрсөтүүдө.

Ошентип, жергиликтүү жамааттардан 2 миңден ашуун жаштар гендердик теңдик маселелери боюнча адвокациялык көндүмдөргө ээ болушту. Алар жаратылыш ресурстарын эффективдүү пайдалануу жана аларга жетүүдө тең укуктуулук боюнча жергиликтүү жамааттан 30 миңден ашуун адам үчүн адвокациялык өнөктүк өткөрүштү.

Жаратылыш ресурстарына жеткиликтүүлүктү жакшыртуу боюнча “БУУнун Аялдар” структурасынын, Жалал-Абад облусунун Элеттик Консультациялык Кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн биргелешкен аракеттерине Финляндия Өкмөтү жана “БУУнун Аялдар” структурасы финансылык колдоо көрсөттү. Бул долбоорду колдоого 998 000 евро бөлүнгөн.

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУнун Аялдар түзүмү
Бириккен Улуттар Уюмунун гендердик теңчилик жана аялдар укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү түзүмү

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар