Пресс-релиз

Орусия Федерациясы Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте Кыргызстандагы аялуу үй-бүлөлөргө колдоо көрсөттү

12 июль 2021

ОШ, Кыргызстан – Орусия Федерациясы жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк азык-түлүк программасына (БУУ ДАТП) 945 тонна байытылган ун жөнөттү.

Орусияда өндүрүлгөн байытылган ун Ош шаарындагы БУУ ДАТПнын кампасына келип түштү. Ун өлкөдөгү жакырчылыктын чегинен төмөн жашаган 31 500дөн ашуун аялуу үй-бүлөгө жардам катары берилет.

Инфраструктураны өнүктүрүү жана келечекте азык-түлүк коопсуздугуна түзгөн коркунучту алдын алууга багытталган 500дөн ашуун коомдук долбоорго катышкан ар бир аялуу үй-бүлөгө 150 кг байытылган буудай уну жана 15 литр өсүмдүк майы берилет. Бул аркылуу жакырчылыктын чегинен төмөн жашаган үй-бүлөлөр негизги азыктануу муктаждыктарын канааттандыра алат. Коомдук долбоорлорго сугат тармактарын жана айдоо аянттарын калыбына келтирүү, токойлорду кеңейтүү жана көпүрөлөрдү куруу сыяктуу иштер камтылган.

Орусия Федерациясы Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын эң ири донору болуп саналат. Акыркы 10 жылдын аралыгында Орусиянын өкмөтү БУУ ДАТП аркылуу Кыргызстандын жарандарына ар кандай деңгээлде, анын ичинде өзгөчө кырдаал учурунда жардам көрсөттү.

Орусия Федерациясынын колдоосу менен БУУ ДАТП COVID-19 пандемиясы учурунда ишин үзгүлтүксүз уланта алды. Пандемиядан улам чыккан социалдык-экономикалык кризисти жайгаруу үчүн бул колдоо абдан маанилүү.

#                                              #                                              #

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы 2020-жылдын Нобель тынчтык сыйлыгынын ээси. БУУ ДАТП өзгөчө кырдаалдарда өмүрлөрдү сактап, чыр-чатактардан, табигый кырсыктардан жана климаттын өзгөрүүсүнөн жабыркаган адамдарга туруктуу келечек курууга жардам берген дүйнөдөгү ири гуманитардык уюм.

 

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ДАТП
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар