Пресс-релиз

Кыргызстандагы Европа Биримдиги, "БУУнун Аялдар" түзүмү жана Улуттук Статистика Комитети мектепке чейинки билим берүүнү камсыз кылуу инвестицияларына баа берүү максатында жаңы изилдөөнү ишке ашырат

09 октябрь 2018

2018 жылдын 10-октябрда Кыргызстандагы Европа Биримдиги жана "БУУнун Аялдар" түзүмү Кыргыз Республикасынын Улуттук Статистика Комитети менен биргеликте мектепке чейинки билим берүүнү камсыз кылуу инвестицияларына жана анын Кыргызстандагы салыктык кирешелердин, жумуш орундардын өсүшүнө жана гендердик теӊчиликке болгон таасирине баа беруу максатында жаңы изилдөөнү баштады.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү менен камтуу 2012-жылга салыштырганда 8% га көбөйүп 2018-жылы 24% га жогорулады. Азыркы учурда болжол менен 187000 бала 1390 бала бакчага барат, анын ичинен 1248 мамлекеттик жана муниципалдык бала бакчалар болуп, 142 жеке менчик бала-бакчасы болуп эсептелинет. Ошол эле учурда, балдардын төрөлүү санынын өсүшү мектепке чейинки билим берүү жана мектепке даярдоого муктаж болгон балдардын санынын өсүшүнө алып келди. Буга чейин, эгерде 2012-жылы 2 жаштан 6 жашка чейинки балдардын саны 625 961 баланы түзсө, 2017-жылы – балдардын саны 768 299 балага жеткен.  

Изилдөө Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму жана Финляндиянын ден соолук жана социалдык камсыздоо улуттук институту менен биргеликте ишке ашырылып жаткан туруктуу жана ар тараптуу социалдык коргоо системаларын түзүү боюнча Кыргызстандагы Европа Биримдиги тарабынан өткөрүлүп жаткан глобалдык долбоорунун бир бөлүгү катары 2018-жылдын октябрь айынан декабрь айына чейин ишке ашырылат. Аталган изилдөө 2017-жылы пилоттук долбоор катары Түштүк Африка Республикасында, Уругвай жана Түркия мамлекеттеринде ийгиликтүү түрдө өттү.

Эльмира Алымкулова, КРнын Улуттук статистикалык комитетинин аппарат жетекчиси: «Улуттук статистика комитети статистика тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча негизги ролду ойногону менен, Туруктуу өнүктүрүү жаатындагы максаттарга жетишүүгө көзөмөл жүргүзүү боюнча улуттук орган болуп санала тургандыгын белгилей кетүү керек».

«Баланын өмүрүнүн алгачкы жылдарындагы инвестициялары - бул мамлекет тарабынан эң натыйжалуу капиталдык салымдары болуп саналат. Экономикалык моделдөө аркылуу, бул изилдөө мектепке чейинки жаштагы балдардын толук камтуу үчүн инвестициялардын үч болжолдуу сценарийларын жана анын Кыргыз Республикасынын экономикалык өсүшүнө кандай таасир берүү жагдайларына байкоо жүргүзөт», дейт Кыргызстандагы Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгнун кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Шарлотт Адриэн.

Кыргызстандагы "БУУнун Аялдар" түзүмүнүн өкүлү Геральд Гюнтер белгилеп кеткендей: «Мектепке чейинки билим берүү тармагындагы жалпыга жеткиликтүү жана жогорку сапаттуу кызмат көрсөтүүнү камсыздоо 2030-жылга чейинки мезгилге карата Туруктуу өнүктүрүү боюнча күн тартибинде коюлган максаттарына жетүүсүн тездетет. Мектепке чейинки билим берүү өлкөдөгү бир топ сапаттуу жана жогорку акы төлөнүүчү жумуш орундардын өсүшүнө алып келгени менен, эмгек миграцияга альтернатива бар экендигин билдирет».

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУнун Аялдар түзүмү
Бириккен Улуттар Уюмунун гендердик теңчилик жана аялдар укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү түзүмү

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар