Пресс-релиз

COVID-19 ПАНДЕМИЯСЫНЫН СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК СОККУЛАРЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ТУРГУНДАРДЫН АЗЫК-ТҮЛҮК КООПСУЗДУГУНА ЖАНА ТУУРА ТАМАКТАНУУСУНА ОЛУТТУУ КОРКУНУЧ ЖАРАТТЫ

12 ноябрь 2021

BISHKEK – Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети бирге жүргүзгөн жаңы изилдөөгө ылайык, COVID-19 пандемиясы Кыргыз Республикасындагы аялуу тургундардын, өзгөчө шаар аймактарында жашагандардын  азык-түлүк коопсуздугу жана туура тамактануусуна олуттуу коркунуч жаратууда.

А.Федоров (21)

COVID-19 контекстиндеги жакырчылык, азык-түлүк коопсуздугу жана туура тамактануу боюнча анализ жана Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоонун ролу деп аталган баяндама өлкөдөгү пандемияга чейинки жана андан кийинки маалыматка таянат. Эки статистиканы салыштырып караганда, калктын киреше булактары төмөндөгөнү азык-түлүккө болгон суроо-талапты гана азайтпастан, тургундар көп түрдүү тамак-аш сатып албай калганын, башкача айтканда үй-бүлөлөр жашылча-жемиш сыяктуу витаминге бай азыктарды эмес, нан жана кумшекер сыяктуу калориялуу азыктарга басым жасап калышканын көрсөтөт.

Пандемиядан чыккан терең экономикалык кризис Кыргыз Республикасындагы жаңыдан жакырчылыкка баткан жана жумушсуз калган кишилердин санын көбөйттү. Бул көйгөйдү чечүү үчүн үй-бүлөлөр ар түрдүү стратегияларды колдонду. Бул стратегиялар калктын жетиштүү тамактануу, саламаттык жана иштөө жөндөмүнө кедергисин тийгизди. Андан тышкары, мындай абалды жайгаруу келечекте оор болгондуктан, жакырчылык менен аялуулук улана берүү коркунучу пайда болду.

Ошондой эле, азык-түлүк сатып алуу үчүн карызга акча алуу стратегиясынан тышкары, мүлк сатуу, азык-түлүк эмес чыгымдарды кыскартуу жана гуманитардык жардам суроо сыяктуу “кризистик” жана “чукул кырдаал” учурунда колдонулган стратегияга басым жасаган үй-бүлөлөрдүн саны өстү. Так айтканда, 2020-жылды 2021-жылга салыштырганда, мындай стратегияны кабыл алган үй-бүлөлөрдүн саны 12 пайыздан 36 пайызга жогорулады. Мындан улам, бул үй-бүлөлөр келечектеги соккуларга туруштук бере албай калат, азыркы жана келечектеги иштөө жөндөмүнө жана турмуш-тиричилигине коркунуч жаратат.

“Маанилүү анализ калктын азык-түлүк коопсуздук менен туура тамактануусуна пандемия кандай терс таасир эткенин так көрсөтөт. Ошондой эле, баяндамада азык-түлүк коопсуздугу аксаган учур менен туура эмес тамактуу жакырчылыкка тыгыз байланышта экенин аңдайсыз, -дейт Кыргыз Республикасындагы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Директорунун убактылуу милдетин аткаруучусу  Майкл Хаггинс. – Аялуу тургундарга жана жалпы өлкөгө COVID-19 пандемиясынан чыккан социалдык-экономикалык кесепеттерден толук арылуу үчүн олуттуу чаралар көрүлүп, өкмөттүн социалдык коргоого болгон иш-аракеттерин күчөтүү керек”.

Баяндамада кыйынчылыктарды жеңүү үчүн киреше алып келе турган иш-аракеттерге жана калктын соккуларга туруштук берүү жөндөмүн арттыруу үчүн жакырчылыктан чыгууга багытталган программаларга басым жасоо; социалдык коргоо менен азык-түлүк системалар ортосундагы сектор аралык байланышты өнүктүрүү; калк арасында сергек жашоо жана туура тамактануу боюнча маалымат жайылтуу; жана социалдык жөлөкпул долбоорлорун “эч ким артта калбагыдай” кылып уюштуруу сунушу айтылат.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы 2020-жылдын Нобель тынчтык сыйлыгынын ээси. Биз өзгөчө кырдаалдарда өмүрлөрдү сактап, чыр-чатактардан, табигый кырсыктардан жана климаттын өзгөрүүлөрдөн буттарына туруп келе жаткан адамдарга туруктуу келечек курууга жардам берген дүйнөдөгү ири гуманитардык уюм.

Бизди Instagran жана Twitter коомдук медиадан тапсаңыз болот: @wfp_kyrgyzstan жана @WFPinKG

Баяндама англис тилинде

Баяндама орус тилинде

Кошумча маалымат алуу үчүн:

Алмаз Чороев, Коом жана донорлор менен байланыш бөлүмүнүн башчысы: 0550 577 597 (уюлдук телефон) же 312 660033 (кош. 2600)

Алмаз Чороев

Алмаз Чороев

ДАТП
Коом жана донорлор менен байланыш боюнча кызматкер

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ДАТП
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар