Пресс-релиз

Жапониянын өкмөтү менен БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Кыргыз Республикасынын алыскы айылдарында туруктуу бизнести бирге өнүктүрүүдө

22 июль 2022

Бишкек, Кыргыз Республика – БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП), Жапония өкмөтүнүн каржылык колдоосу жана “Дордой-Дары” (жеке сектордогу өнөктөш) менен биргеликте Нарын облусунун Ат-Башы районунда дары чөптөрдөн эфир майын жана кургатылган дары чөптөрдү өндүрүү багытында чакан цех түздү.

 

Жаңы цех элет жеринде жашаган аялуу тургундарга косметика, дары-дармек жана фармацевтика сыяктуу тармактарды жогорку сапаттагы дары чөптөр менен камсыз кылуу аркылуу жашоо-шартын жакшыртууга жол ачат.

«Айрым учурда өзүңдү жана айланаңды баалоо татаал болот. Чынында, айрым баалуу нерсени байкабайбыз, аны кадимкидей эле көрүнүш катары кабыл алабыз. Бул цех дал ошол баалуулукту билдирет - бул аймактын жаратылышы баалуу, ошол жаратылыштан киреше табууга жана ал аркылуу аймактагы элге жумуш орундарын түзүүгө болот», - деди Жапониянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сигэки Маэда.

Цехтин өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө 3 000 кг дары чөптү кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк берип, мезгилге жараша онго чейин аз камсыз болгон тургунга жумуш орун түзөт. Андан тышкары, миңден ашуун аялуу катмарга кирген киши дары чөптөрдү (ромашка, валериана, теңге гүл (календула), шалфей, жалбыз)   отургузуу жана өстүрүү боюнча атайын окутуулардан өттү. Алар цехти дары чөп менен камсыз кылышат.

«Биз алыскы аймактарда чакан дыйкандарды колдогону үчүн Жапониян өкмөтүнө ыраазычылык билдиргибиз келет», - деди БУУ ДАТПтын дироктору/өкүлү Кожиро Накай. «Бул колдоо COVID-19 вирусунун кесепетинен улам чыккан кыйынчылыктар менен азык-түлүктүн баасы жогорулап жаткан шартта өз убагында көрсөтүлүүдө. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу өкмөт, бизнес жана фермерлер ортосундагы байланыш бекемделип, калктын аялуу катмарына кирешесин жогорулатууга жана диверсификациялоого мүмкүнчүлүк түзүлдү».

Жапония өкмөтүнүн колдоосу менен БУУ ДАТП акыркы жылдары өлкө боюнча айыл чарба өндүрүмүн кайра иштетүү үчүн 20 чакан цех түздү. Бул ишканалар заманбап жабдык жана технология менен камсыз болду. Алар эфир майын, сүт азыктарын  же жүндөн буюмдарды өндүрүү, жашылча-жемиштерди кургатуу жана консервациялоо сыяктуу багыттарда иш алып барып, айыл чарба өндүрүшүнө түрткү берүүдө жана аялуу үй-бүлөлөрдүн азык-түлүк коопсуздугун жакшыртууда.

#                                              #                                              #

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы өзгөчө кырдаалдарда өмүрлөрдү сактап, чыр-чатактардан, табигый кырсыктардан жана климаттын өзгөрүүсүнөн жабыркаган адамдарга туруктуу келечек курууга жардам берген дүйнөдөгү ири гуманитардык уюм.

 

Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн Алмаз Чороевге кайрылыңыз, 0550 577 597, almaz.tchoroev@wfp.org

Алмаз Чороев

Алмаз Чороев

ДАТП
Коом жана донорлор менен байланыш боюнча кызматкер

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ДАТП
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар