Пресс-релиз

Жашыл климат фонду менен БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы климат жаатындагы кызматтарды жакшыртып жана климаттын өзгөрүүсүнө туруштук берген каражат булактарын кеңейтүү аркылуу аялуу жамааттарга колдоо көрсөтүүдө

12 октябрь 2022

Бишкек – БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) Жашыл климат фондунун (ЖКФ) каржылык колдоосу менен климатка байланыштуу тобокелдиктерди башкарууну, анын ичинде аба ырайынын өзгөрүүсүн, климаттык кызматтарды жана климаттын өзгөрүүсүнө туруштук берген каражат булактарын кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылууда элет жериндеги аялуу жамааттарды колдоо боюнча долбоорду ишке киргизүүдө.

ЖКФ каржылаган долбоор Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн, анын тармактык министрликтеринин жана жергиликтүү бийлик органдарынын климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу мүмкүнчүлүктөрун  чыңдоо жана Ош, Баткен жана Нарын облустарында жашаган азык-түлүгү тартыш болгон жүз миңден ашуун кишинин климаттын өзгөрүүсүнө болгон аялуулугун азайтууга багытталган. Бул аймактар климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерине дуушар болот, ал эми жамааттар климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу мүмкүнчүлүгүнүн төмөндүгүнөн чыгымдарга учурайт.

Ошондой эле, долбоор инновациялык ишмердүүлүктү жүзөгө ашырууга, анын ичинде климатка байланыштуу тобокелдиктер менен аба ырайынын өзгөрүүсүн башкаруу боюнча климаттык кызматтарды сунуштоо; климаттын өзгөрүүсүнө туруштук бере алган чакан инфратүзүмдү  куруу; жамааттарга убагында маалымат берүү жана чечим кабыл алуу жүрүмүн жакшыртуу үчүн алдыңкы тажрыйбаларды алмашууга; ошондой эле климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу боюнча чараларды коомчулуктун деңгээлинде колдоого багытталган.

“БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Жашыл климат фондунун жана өнүктүрүү боюнча башка өнөктөштөрдүн каржылоосу менен климатка байланыштуу жана каражат булагын камсыз кылуу боюнча иш-чараларга шарттарды түзүүгө өбөлгө болуп жатат. Натыйжада табигый кырсыктарга дуушар болгон аймактарда жашаган жамааттардын жалпы экономикалык туруктуулугу чыңдалат”- деди БУУ ДАТП директору жана өлкөдөгү өкүлү Кожиро Накай.

Кыргыз Республикасы табигый кырсыктардын кесепетинен жабыркап келет. Андын тышкары климаттын өзгөрүүсүнөн улам мындай тобокелдиктердин саны көбөйүшү ыктымал.  Акыркы он жылда өлкөдө аба ырайы тез өзгөрүп жатканы байкалат. Мисалы, жаан-чачын менен кардын көлөмү, жаз мезгилинде суу ташкын менен селдин көбөйгөнү, ошондой эле кургакчылыктын көп катталганы. Чындыгында, климаттын өзгөрүүсү жайыт жана айдоо жерлеринин кыртышына, суу ресурстарынын жеткиликтүүлүгүнө, айлана-чөйрөгө терс таасир этип, климатка байланыштуу кырсыктардын көбөйгөнү элет жериндеги үй-бүлөлөргө  кыйынчылыктарды түзүүдө.

#            #            #

Жашыл климат фонду (ЖКФ) - тарыхый Париж келишиминин маанилүү бөлүгү - өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө зыяндуу заттардын абага бүркүлүшүн азайтууга жана климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту камсыздоо үчүн жаралган дүйнөдөгү эң ири климаттык фонд болуп саналат. Толук маалымат алуу үчүн  https ://www.greenclimate.fund шилтемесине кириңиз.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы өзгөчө кырдаалдарда өмүрлөрдү сактап, чыр-чатактардан, табигый кырсыктардан жана климаттын өзгөрүүсүнөн жабыркаган адамдарга туруктуу келечек курууга жардам берген дүйнөдөгү ири гуманитардык уюм.

 

Бизди https://www.facebook.com/WorldFoodProgrammeKyrgyzstan/, https://www.instagram.com/wfp_kyrgyzstan коомдук медиадан тапсаңыз болот.

 

 

Алмаз Чороев

Алмаз Чороев

ДАТП
Коом жана донорлор менен байланыш боюнча кызматкер

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ДАТП
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы

Бул демилгеге катышкан башка түзүмдөр

GCF
Green Climate Fund

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар