Пресс-релиз

Пайдалуу заттардын жетишсиздигин толуктоо боюнча изилдөө туура эмес тамактануунун кесепеттери боюнча далилдер жана бул көйгөй менен күрөшүү жолдорун сунуштады

13 декабрь 2022

Бишкек – Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) менен биргеликте жүргүзгөн Пайдалуу заттардын жетишсиздигин толуктоо (ПЗЖТ) боюнча изилдөөсү калктын бештен экиси (38 пайызы) туура тамактанууну камсыздоого мүмкүнчүлүгү жок экендигин көрсөтүүдө.

Изилдөө пайдалуу тамактануунун жетишсиздигинин көрсөткүчтөрүн төмөндөтүүдө келечектеги иш-аракеттерге негиз берет. Кыргыз Республикасынын алдында жарандардын тамактануусун жакшыртуу багытында татаал маселе турат. Бойдун өсүүсүнүн кечигүүсүнүн көрсөткүчү 2012-2021-жылдар аралыгында 18 пайыздан 7 пайызга  чейин төмөндөгөнүнө карабастан, балдарда жана өспүрүмдөрдө ашыкча салмактын жана бойдун өсүүсүнүн кечигүүсүнүн көрсөткүчтөрү кескин жогорулаган, ал эми микро-элементтердин жетишсиздигинин көрсөткүчтөрү сакталып калууда.

Тамактануу дени сак улутту өнүктүрүүдө чоң мааниге ээ. Туура тамактануу физикалык жана когнитивдик өнүгүүгө өбөлгө түзөт, оорулардын алдын алат, жумушчу күчүнүн жана коомдун мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатат. Өзгөчө балдардын жана аялдардын тамактануу рационун жакшыртуу ден-соолукка, билимге жана экономикага тез жана узак мөөнөттүү пайда алып келет. Өлкөнүн тамактануу абалын жакшыртуу үчүн өлкө жергиликтүү контекстти жакшы түшүнүүгө, глобалдык жана жергиликтүү далилдерди жалпылоого негизделген айыл чарба, социалдык коргоо, саламаттык сактоо жана билим берүү сыяктуу ар түрдүү секторлордун ортосундагы координацияны жакшыртууга көңүл буруусу керек.

Пайдалуу заттардын жетишсиздигин толуктоо боюнча изилдөө пайдалуу тамактанууну камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жардам берет. Ар кандай кызыкдар тараптарды бириктирүү аркылуу өкмөт азык-түлүк тутумдарын  жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрүн жана үй-бүлөлөрдү пайдалуу тамактануу мүмкүнчүлүктөрү менен камсыз кылууда маанилүү иш-чараларды аныктайт.

ПЗЖТ изилдөөсүнө ылайык пайдалуу заттарды жетиштүү түрдө камтыган рацион күнүмдүк энергетикалык муктаждыкты канааттандырган рационго караганда үч эсе кымбат турат, энергетикалык муктаждыкты канааттандырган рациондун орточо күнүмдүк наркы беш адамдан турган үй-бүлө үчүн 107 сомду түзөт, ал эми ошол эле үй-бүлө үчүн пайдалуу заттарды жетиштүү түрдө камтыган рациондун орточо баасы дээрлик 3 эсе жогору болуп, 296 сомду түзөт.

Пайдалуу заттардын жетишсиздиги Кыргыз Республикасында туура эмес тамактануунун натыйжасында келип чыккан оорулардын өнүгүүсүнө жол ачууда. Тамактануунун сапатын жакшыртуу маселесин чечүүнүн бир жолу жок, демек, туура тамактанууга байланыштуу иш-чараларды социалдык коргоо программалары менен айкалыштыруу аркылуу аялуу үй-бүлөлөргө пайдалуу азык-түлүктүн жеткилүүлүгүн камсыз кылууга мүмкүн. Ошондой эле, изилдөө мектеп тамак-ашынын азыктык курамы боюнча айкын колдонмолор жана жоболор аркылуу мектептеги тамактандыруу программаларын күчөтүү, мамлекет тараптан каржылоону көбөйтүүнү илгерилетүү, мектептеги тамактануу программасын башка курактарга (мектепке чейинки курактагы балдар жана өспүрүмдөр сыяктуу) кеңейтүүнү сунуштайт.

 

Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жөнүндө толук маалымат алуу үчүн Алмаз Чороевге кайрылыңыз, 0550 577 597, almaz.tchoroev@wfp.org

#             #             #

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы өзгөчө кырдаалдарда өмүрлөрдү сактап, чыр-чатактардан, табигый кырсыктардан жана климаттын өзгөрүүсүнөн жабыркаган адамдарга туруктуу келечек курууга жардам берген дүйнөдөгү ири гуманитардык уюм.

Бизди https://www.facebook.com/WorldFoodProgrammeKyrgyzstan/, https://www.instagram.com/wfp_kyrgyzstan коомдук медиадан тапсаңыз болот.

 

 

Алмаз Чороев

Алмаз Чороев

ДАТП
Коом жана донорлор менен байланыш боюнча кызматкер

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ДАТП
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар