Пресс-релиз

Швейцария Өкмөтү климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу үчүн элет жериндеги эң аялуу жамааттарды колдоо үчүн 9 миллион АКШ доллардан ашык каражат бөлүүдө

24 январь 2023

Баткен – Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы улуу даражалуу элчиси Оливье Бангертер мырза жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАТП) өкүлү жана өлкөлүк директору Кожиро Накай мырза Швейцария Өкмөтүнүн БУУ ДАТПнын 2023-2027-жылдарга карата Өлкөлүк стратегиялык планына кошкон салымы жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Өзгөчө кырдаалдар министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетов мырза кол коюуга катышып, аны ишке ашырууга колдоо көрсөтүү жана активдүү катышуу милдеттенмесин билдирди.

Швейцария өкмөтү тарабынан БУУ ДАТПнын Өлкөлүк стратегиялык пландын элет жериндеги аялуу жамаатардын климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу жана табигый кырсык тобокелдигин кыскартууга багытталган компонентине 9 миллиондон ашуун АКШ доллар бөлүүдө. Бул иш-чараны БУУ ДАТП Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте ишке ашырууда.

Иш чаралар Ош, Баткен жана Нарын облустарын камтып, 250 000 эң аялуу үй-бүлөлөргө, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарына жана улуттук деңгээлдеги мекемелерге кургакчылык, суу ташкын, жер көчкү ж.б.у.с. табигый тобокелдиктерди кыскартууга колдоо көрсөтөт. Ошондой эле, бенефициарларга климат боюнча ишенимдүү жана өз убагында жеткен маалымат таратылып, табигый тобокелдикке каршы пландоо боюнча жардам жана инфраструктуралык колдоо көрсөтүлөт.

Климатка байланыштуу коркунучтарды алдын алуу, ошондой эле анын азык-түлүк жана тамактануу коопсуздугуна тийгизген таасирин азайтуу үчүн табигый кырсык тобокелдиктерин башкаруу боюнча иш-чаралар дагы күчөтүлөт. Калктын аялуу катмарына азык-түлүк таратылып жана азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө камсыздандыруу куралдары демилгеленип жана табигый кырсыктарга каршы даярдыкты жогорулатуу боюнча окутуулар уюштурулат.

Программаны ишке ашыруу кийинки беш жылга каралган.

 

Швейцария Өкмөтү жөнүндө толук маалымат алуу үчүн Турсунай Чодуровага кайрылыңыз, +996 770 710054, tursunai.chodurova@eda.admin.ch 

Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жөнүндө толук маалымат алуу үчүн Алмаз Чороевге кайрылыңыз, 0550 577 597, almaz.tchoroev@wfp.org

***

Швейцария өкмөтү Кыргыз Республикасын өнүктүрүүгө жардам көрсөтүүдө. 1994-жылдан бери Швейцария Кыргызстанга техникалык, каржылык жана гуманитардык колдоо иретинде 500 миллионго жакын швейцариялык франк бөлүп берген. Толук маалымат алуу үчүн https://www.eda.admin.ch/bishkek  интернет баракчасына кириңиз.

Бизди www.facebook.com/SwissEmbassyKyrgyzstan, www.instagram.com/swissembkyrgyz  коомдук медиадан тапсаңыз болот.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы өзгөчө кырдаалдарда өмүрлөрдү сактап, чыр-чатактардан, табигый кырсыктардан жана климаттын өзгөрүүсүнөн жабыркаган адамдарга туруктуу келечек курууга жардам берген дүйнөдөгү ири гуманитардык уюм.

Бизди https://www.facebook.com/WorldFoodProgrammeKyrgyzstan/, https://www.instagram.com/wfp_kyrgyzstan коомдук медиадан тапсаңыз болот.

 

Алмаз Чороев

Алмаз Чороев

ДАТП
Коом жана донорлор менен байланыш боюнча кызматкер

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ДАТП
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар