Пресс-релиз

Швейцария БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте Кыргыз Республикасындагы социалдык стационардык мекемелердин жашоочуларынын жашоо шарттарын жакшыртуу багытында иш алып барды

29 март 2023

Бишкек – Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Оливье Бангертер БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАТП) КРдагы өкүлү жана директору Кожиро Накай мырза жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Базарбаев Кудайберген мырза менен өлкө боюнча максаттуу Социалдык стационардык мекемелердин (ССМ) кызматын алган кишилердин жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган долбоордун алкагындагы курулуш иштери аяктагандан кийин Жайыл психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барды.

Швейцария Өкмөтүнүн 473 000 АКШ долларлык салымы аркылуу БУУ ДАТП Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Социалдык коргоо департаменти менен өнөктөштүктө Чүй, Талас, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы суу, санитария жана гигиена шарттары эң начар абалда болгон алты социалдык стационардык мекемелерде оңдоо-курулуш иштерин аяктады. Суу, санитария жана гигиена шарттары жана ашканалардын инфраструктурасы оңдолуп, мекемелердеги жашоо шарттары жакшыртылды.

Мекемелерде социалдык тейлөө кызматын алган 1 200 киши, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кишилер жана улгайган кишилер, суу, санитария жана гигиена боюнча каражаттары жана пайдалуу тамактануу менен камсыз болушту. КР Саламаттык сактоо министрлиги жана И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы менен өнөктөштүктө БУУ ДАТП бардык мекемелер үчүн 2007-жылдан бери каралбаган тамактануунун физиологиялык нормаларын (жашылчалардын, нандын, эттин ж. б. суткалык рациону) жаңыртты. 

Буга чейин мекемелерде чоң кишилер менен балдар үчүн бирдей тамактануу нормалары колдонулган. Долбоордун алкагында балдар үчүн нормалар жаңыртылып, мекемелердин бардык тургундары үчүн туура тамактануу рациону (аз углевод камтыган) даярдалды. Жаңыланган тамактануу нормаларын эске алуу менен жаңы жарлык чыгарылды жана бардык мекемелерге тамактануу нормаларын киргизүү жөнүндө коштомо токтом иштелип чыкты. Мындан тышкары БУУ ДАТП Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу өлкөдөгү бардык 16 социалдык стационардык мекемелердин ашпозчуларына жана администрациясына тамак даярдоо жана туура тамактануу боюнча окутууларды өткөрдү.

***

За дополнительной информацией о ВПП ООН обращайтесь: Алмаз Чороев, ВПП ООН/ Бишкек, эл.почта: almaz.tchoroev@wfp.org, тел .: +993 312 660033, моб.: +996 550 577 597

За дополнительной информацией о посольстве Швейцарии обращайтесь: Турсунай Чодурова, Посольство Швейцарии/ Бишкек, эл.почта: tursunai.chodurova@eda.admin.ch  тел .: +996 770 710054



***

Правительство Швейцарии оказывает помощь в развитии Кыргызской Республики. С 1994 года Швейцария предоставила Кыргызстану около 500 миллионов швейцарских франков в виде технической, финансовой и гуманитарной поддержки. Для получения дополнительной информации, пожалуйста, посетите https://www.eda.admin.ch/bishkek.

Следите за нами на www.facebook.com/SwissEmbassyKyrgyzstan, www.instagram.com/swissembassykg

Всемирная продовольственная программа ООН - крупнейшая в мире гуманитарная организация, спасающая жизни в чрезвычайных ситуациях и использующая продовольственную помощь, чтобы проложить путь к миру, стабильности и процветанию людей, восстанавливающихся после конфликтов, бедствий и последствий изменения климата.

Следите за нами на https://www.facebook.com/WorldFoodProgrammeKyrgyzstan/, https://www.instagram.com/wfp_kyrgyzstan

Алмаз Чороев

Алмаз Чороев

ДАТП
Коом жана донорлор менен байланыш боюнча кызматкер

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ДАТП
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар