Кыргызстандын балдарын уруп жазалоого тыюу салуу милдеттенмесине байланыштуу ЮНИСЕФтин өкүлү Самман Джунг Тапанын билдирүүсү
19 ноябрь 2024
Бишкек, Кыргызстан
ЮНИСЕФ Кыргызстандын Өкмөтүн жакында эле Колумбиянын Богота шаарында өткөн Дүйнөлүк министрлер конференциясында балдарды кандай гана шартта болбосун уруп жазалоонун бардык түрлөрүн жок кылуу боюнча өзүнө алган милдеттенмеси менен куттуктайт.
Кыргызстан 2024-жылдын 7-8-ноябрь күндөрү өткөн иш-чарада бул милдеттенмени өзүнө алган сегиз өлкөнүн бири. Бул тарыхый конференцияда балдарды зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүнөн коргоо боюнча жаңы глобалдык декларацияны макулдашуу үчүн өкмөттүк делегациялар чогулушушту.
Кыргызстан Конвенциянын ратификациялоонун 30 жылдыгын белгилеп турган учурунда, ЮНИСЕФ Кыргызстандын Өкмөтүнүн бул милдеттенмесин жогору баалайт, анткени бул Балдардын укуктары жөнүндөгү конвенциянын бирден бир негизги жобосу болуп саналат.
ЮНИСЕФ бул милдеттенмени ишке ашыруу максатында негизги чараларды иштеп чыгууга, анын ичинде ата-энелерге зордук-зомбулуксуз тарбиялоонун башка жолдорун сунуштоо үчүн колдоосун күчөтүүдө жана кеңейтүүдө өкмөт менен кызматташтыкка үмүт артып турат.