Пресс-релиз

Кыргызстандын медициналык адистери төрөттүн стандарттарын өздөштүрүүдө: энелер менен ымыркайларга кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшырткан партограмма

19 ноябрь 2024

ТЕЗ АРАДА ЖАЙЫЛТУУ ҮЧҮН

13-14-ноябрда Токмок шаарында жана 15-16-ноябрда Кара-Балта шаарында төрөт үйлөрүнүн медициналык кызматкерлери үчүн төрөт учурунда партограмманы жүргүзүүгө жана талдоого арналган окутуулар өткөрүлдү. Бул иш-чаралар жүргүзүлгөн төрөттүн сапатын жакшыртууга жана акушердик байкоо жүргүзүү системасына жаңы технологияларды киргизүүгө багытталган.

Photo: © UNFPA

Окутууга катышкандар төрөттүн бардык этаптарын камтыган жети негизги бөлүмү жаңыртылган партограмманы толтуруу процессин: идентификациялык маалымат жана толгоонун мүнөздөмөсү, колдоочу жардам, балага жана энеге жардам көрсөтүү, төрөттүн жүрүшү, дары-дармектерди киргизүү жана биргелешип чечим кабыл алуу темаларын кылдат изилдешти.

«Биз ушул окутууда мурда жок болгон кошумча бөлүмдөр кошулган партограмманы изилдеп жатабыз. Биз өзгөрүүлөргө көнүп, алардын пайдасын көрүп жатабыз. Партограмманы электрондук стационардык картада колдонуу ишти жеңилдетет: төрөп жаткан аял жана ымыркай жөнүндө маалымат тезирээк киргизилип, каалаган убакта талдоо үчүн жеткиликтүү болот. Жаш адистер бул куралды оңой өздөштүрүшөт, ал эми тажрыйбалуу акушерлер үчүн өткөөлдүн кыйынчылыктарына карабастан, ал олуттуу пайда алып келет», - деп Кемин райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун төрөт бөлүмүнүн башчысы Айгүл Уларбай кызы бөлүштү.

Photo: © UNFPA

Энеде жана түйүлдүктө пайда болгон кыйынчылыктарды өз убагында аныктоого жана тийиштүү жардам көрсөтүүгө мүмкүндүк берүүчү партограмманы реалдуу убакыт режиминде толтурууга өзгөчө көңүл бурулду. Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн башчысы Айнагүл Касымбаева партограмманын төрөт учурунда татаалдыктардын алдын алуудагы маанилүүлүгүн баса белгиледи: «Партограмма эне менен түйүлдүктүн абалын сапаттуу көзөмөлдөөнүн негизги куралы болуп саналат. Бул өз убагында чечим кабыл алууга жана төрөттүн жагымсыз кесепеттеринин алдын алууга жардам берет».

Тренингдер БУУнун Түштүк-Түштүк кызматташтыгы боюнча демилгесинин алкагында Индия-БУУнун Өнүктүрүү боюнча өнөктөштүк фондунун каржылык колдоосу менен өткөрүлүп келет. Долбоор Кыргызстанда энелердеги алдын алууга мүмкүн болгон оорулардын жана өлүмүн азайтууга багытталып, Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Бириккен Улуттар Уюмунун Калк фонду (ЮНФПА) тарабынан ишке ашырылууда.

Photo: © UNFPA

Анын негизги компоненттеринин бири - бул өлкөдөгү беш пилоттук төрөт үйлөрүндө акушердик көзөмөлдөө жана жооп берүү системасын (OSRS) киргизүү, ошондой эле телеконсультацияларды колдонуу. Бул система сапаттуу медициналык жардам алууга мүмкүнчүлүк берет жана адистер арасында маалыматты тез алмашып турууга жана чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берет.

Жер-жерлерде өткөрүлүп жаткан окутуулар төрөт үйлөрүндө көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жакшыртууга гана эмес, ошондой эле бейтаптардын саламаттыкты сактоо системасына болгон ишенимин бекемдөөгө да жардам берет. Төрөттү башкаруунун жаңы ыкмалары, анын ичинде санариптик чечимдер, Кыргызстанда энелердин жана ымыркайлардын ден соолугун чыңдоо үчүн маанилүү кадам болуп келет.

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ЮНФПА
Бириккен Улуттар Уюмунун Калк жайгаштыруу фонду

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар