Пресс-релиз

Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Нобелдин тынчтык сыйлыгына ээ болду - БУУ ДАТПтын Аткаруучу директору Дэвид Бизлинин билдирүүсү

12 октябрь 2020

РИМ - Нобелдин тынчтык сыйлыгын Дүйнөлүк азык-түлүк программасына берүү - күн сайын өз өмүрүн тобокелге салып, дүйнө жүзү боюнча 100 миллиондон ашык ачка адамдарга - туруксуздук, кооптуу абал жана чыр-чатактар жашоосун көбүнчө зордук-зомбулук менен бөлүп-жарган адамдар - азык-түлүк жардамын жеткирген, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын кызматкерлеринин эмгегин баалоо.

Дүйнөдөгү 690 миллион ачка адамдардын ар бири тынч жана ачкачылыксыз жашоого укуктуу. Бүгүн Норвегиянын Нобель комитети бул адамдарга жана жаңжалдын кесепеттерине көңүл бурду. Климаттын өзгөрүүлөрү жана экономикалык кысымдар ал адамдардын абалын ого бетер күчөттү. Азыр глобалдык пандемия экономикага жана коомчулуктарга ырайымсыз таасири менен миллиондогон адамдарды ачарчылыктын кырына таштап жатат.

Нобель сыйлыгы Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын гана артыкчылыгы эмес. Биз өкмөт, уюмдар жана жеке сектор тарабынан өнөктөштөр менен тыгыз иштешебиз, алардын ачкачылыкка жана аялуу катмарга жардам берүү каалоосу биздикине дал келет. Аларсыз биз эч кимге жардам бере албайбыз. Кызматкерлерибиздин күнүмдүк иши чынчылдык, адамгерчилик жана камкордук баалуулуктарына негизделген.

Чыр-чатак болгон жерде ачарчылык болот. Ачкачылык болгон жерде чыр-чатактар көп чыгат. Бул азык-түлүк коопсуздугу, тынчтык жана туруктуулук айкалышкандыгын эскертип турат. Тынчтык болбосо, биз ачкачылыкты жок кылуу боюнча глобалдык максатка жете албайбыз; жана ачкачылык болуп турганда, биз эч качан дүйнө жүзүндө тынчтыкты орнотпойбуз.

   #                           #                            #

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы - дүйнөдөгү ири гуманитардык уюм болуп бүткүл дүйнөдө ачарчылыкка каршы күрөшөт. Өзгөчө кырдаалдарда өмүрлөрдү сактап, чыр-чатактардан, табигый кырсыктардан жана климаттын өзгөрүүлөрдөн буттарына туруп келе жаткан адамдарга туруктуу келечек курууга жардам берет.

Биздин Twitter баракчабыз: @wfp_media. БУУ ДАТПтын Аткаруучу директору Дэвид Бизлинин Twitter баракчасына катталыңыз @WFPChief

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар