Пресс-релиз

Кыргызстандагы БУУ жана AIFC жашыл финансылык инструменттерди, социалдык жана экологиялык долбоорлорго инвестицияларды биргелешип илгерилетүү боюнча меморандумга кол коюшту

12 май 2022

2022-жылдын 12-майында Казакстандын борбор шаары Нур-Султанда БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Озонниа Ожиело жана «Астана» Эл аралык Финансы Борборунун Башкармалыгынын Төрагасы Ернур Рысмагамбетов өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

4N2A0729

4N2A0767

 

Меморандум БУУнун өлкөлүк тобунун 2022-жылдын 12-13-майында Казакстандын Нур-Султан шаарына болгон иш сапары учурунда түзүлдү, жана ал туруктуу каржылоо инструменттерин, анын ичинде «жашыл» каржылоону илгерилетүүгө багытталат. Иш сапардын алкагында БУУнун Кыргызстандагы өлкөлүк тобу 2030-жылга чейин Туруктуу өнүктүрүү максаттарына (ТӨМ) жетишүүнү колдоо үчүн потенциалдуу финансылык өнөктөштөр менен жолугушуп, кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. БУУ өкүлдөрү «Астана» Эл аралык Финансы Борборунун (AIFC) жана анын туунду компанияларынын, анын ичинде AIFC Сотунун, Арбитраждык Борбордун, «Астана» Биржасы, Business Connect, Жашыл каржы борбору, Технологиялык Хаб жана Ислам Каржы жана Бизнес Хабы, Үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү бюросу (BCPD), өкүлдөрү менен пикир алмашты.

4N2A0579

БУУнун Кыргызстандагы өлкөлүк тобу жана AIFC өкүлдөрү өнүгүүнүн кеңири спектрин, анын ичинде адамдык капиталды өнүктүрүүнү, өзгөчө аялдардын эл аралык рынокторго жакшыраак жетүү үчүн алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү талкуулашты. Жашыл Каржы Борборунун (GFC) Башкы директору Айдар Казыбаев Бишкек шаарында «GFC Бишкек» аттуу кеңсесин ачып жатканын билдирди, ал жаңы «жашыл» кызматтарды сунуштайт, ошондой эле потенциалдуу инвесторлорго Кыргыз Фондулук Биржасында жашыл облигацияларды чыгарууга даярдык көрүүдө колдоо көрсөтөт.

4N2A0516

БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Озонниа Ожиело "экономикалык жана социалдык трансформацияларды ишке ашыруу үчүн кызматташууну жана өнөктөштүктү жогорулатуунун" маанилүүлүгүн баса белгиледи. БУУ жана AIFC экосистемасындагы уюмдар өкүлдөрү санариптештирүү жашыл экономикага негизделген өнүгүүнүн ачкычы жана ал аялдар жана балдар сыяктуу аялуу топтордун жашоосунда олуттуу өзгөрүүлөргө алып келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин белгилешти. Өнүктүрүү багытында жаңы чечимдерди тестирлөө үчүн айыл чарба жана башка тармактарга санариптик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана инновациялык демилгелерди каржылоо приоритеттүү багыттарындын бири катары талкууланды.   

4N2A0660

«Биз AIFC сунуш кылган бир катар кызматтар менен БУУнун Туруктуу өнүктүрүү боюнча кызматташуунун жаңы программасы ортосунда көптөгөн дал келүүлөрдү көрүп жатабыз. Биз Кыргызстанга кайткандан кийин, БУУ менен AIFC ортосунда олуттуу кызматташууну түзүү боюнча иш баштайбыз.

4N2A0846

БУУнун Кыргызстандагы өлкөлүк тобу AIFC Башкармалыгынын Төрагасынын улук кеңешчиси Назира Бешеналиева айымга иш сапарды ийгиликтүү өткөрүүгө салым кошкондугу үчүн ыраазычылык билдирет.

Калган сүрөттөрдү бул жерден көрсөңүз болот. 

 

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ФАО
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму
БУУ ТКК
БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсеси
БУУнун Аялдар түзүмү
Бириккен Улуттар Уюмунун гендердик теңчилик жана аялдар укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү түзүмү
ЮНЭЙДС
АИВ/ЖИКС боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун бириктирилген программасы
ЮНФПА
Бириккен Улуттар Уюмунун Калк жайгаштыруу фонду
БУУ КЖКБ
Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы
ЮНИСЕФ
Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду
ДАТП
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар