Пресс-релиз

МЕКТЕП ТАМАК-АШ ПРОГРАММАСЫ ЯПОНИЯНЫН КАРЖЫЛЫК КОЛДООСУ МЕНЕН КЕҢЕЙҮҮДӨ

26 февраль 2020

БИШКЕК2020 жылдын башында Ош жана Жалал-Абад облустарындагы 8 мектеп 4000 башталгыч мектеп окуучуларын камтый турган ысык тамак программасын киргизишти. Бул өнүгүү Япония элчилигинин каржылык колдоосу менен, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАТП) техникалык колдоосу менен жана жергиликтүү өнөктөш уюмунун TES борбордун аткаруусу менен мүмкүн болду.

Япониянын 6.25 миллион сомдук гранты мектеп ашканаларына жабдууларды (өнөр жай электро плиталар, көп-бөлүк электро мештер, камыр жуугучтар, муздаткычтар, суу жылыткычтар, көп-бөлүк раковиналар, жер жемиш аарчыгычтар жана туурагычтар, тактайлар жана кесүү үчүн үстөлдөр) сатып алганга мүмкүнчүлүк берди. TES борбору мектептерде даярдык иштерин башкаруу аркылуу грантты ишке ашырды. Азыркы күнгө чейин, Япониянын элчилиги тарабынан каржылык колдоо Ош жана Жалал-Абад облустарында 25 мектепте 9000ге жакын окуучуларды ысык тамак менен камсыз кылыт.

БУУ ДАТП мектеп тамак-аш долбооруна техникалык колдоо, ашканалардын технологиялык пландарын түзүү, мектеп ашпозчуларын окутууну жана мектептерде суу жана электр энергиясы менен камсыздоо аркылуу Япониянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан каржылоону толуктады.

«Мектептеги тамактанууну оптималдаштыруу программасы аркылуу БУУ ДАТП окуучулар билим алууда жакшы натыйжаларга жеткенине салым кошот - Андреа Баньоли, Кыргыз Республикасындагы ДАТП директору билдирди. – БУУ ДАТПнын Кыргыз Республикасындагы мектеп тамак-аш программасын жакшыртуудагы сунуштары мамлекет жана донорлор тарабынан колдоо алып жатканына кубанычтабыз».

Кыргыз Республикасында мектеп тамак-ашын жакшыртуу программасы өлкөдөгү 40% мектептерди камтып 500.000дей балдардын мектепте ысык тамак ичишин колдойт. 2022-жылга чейин БУУ ДАТП жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ысык түшкү тамактанууну бардык мектептерде киргизгенге аракет кылууда.  

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы - дүйнөдөгү ири гуманитардык уюм болуп бүткүл дүйнөдө ачарчылыкка каршы күрөшөт. Өзгөчө кырдаалдарда өмүрлөрдү сактап, чыр-чатактардан, табигый кырсыктардан жана климаттын өзгөрүүлөрдөн буттарына туруп келе жаткан адамдарга туруктуу келечек курууга жардам берет.

FacebookInstagram жана Twitter баракчаларыбыз.  

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ДАТП
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар