Пресс-релиз

Кыргызстандын мектептеринде туура тамактануу айлыгы башталды

15 март 2021

Бишкек - Россия Федерациясынын агартуу министринин биринчи орун басары, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАТП) жана Өнөр жай тамактануу институтунун (SIFI) өкүлдөрү №70 мектебине келип, «Туура тамактануу айлык» маалымат кампаниясынын башталуу аземин ачышат. Демилге 11-март күнү дүйнө жүзү боюнча белгиленген Эл аралык мектепте тамактандыруу күнүнө карата уюштурулуп, мектеп окуучуларын ден-соолукка пайдалуу тамактандыруу программасынын маанилүүлүгүн маалымдоо максатында өткөрүлөт. Мектепте тамактандыруу программасы адамдарга инвестициялардын көбөйүшүнө гана чоң оң таасирин алып келбестен, жергиликтүү экономиканы, айрыкча аялдардын кирешелүүлүгүн чыңдоого жардам берет жана коомчулуктун туруктуулугун колдой алат.

«Туура тамактануу айлык» маалымат кампаниясы окуучуларда ден-соолугун чыңдоонун кызыкчылыгын жана каалоосун ойготууга, пайдалуу тамактарды жана азыктарды тандап алууга, балалык мезгилден баштап туура тамактануунун жүрүм-турумуна негиз салат.

«Мектепте жана үйдө тамактануу ден-соолукту чыңдоонун жана окуудагы жетишкендиктердин эң маанилүү шарты болуп саналат. Дүйнөлүк азык-түлүк программасы өлкөнүн 700дөн ашуун мектебинде ден-соолукка пайдалуу тамак-аш менен камсыз кылууда өкмөттү колдоп жаткандыгына биз сыймыктанабыз, - деди БУУ ДАТПнын Кыргыз Республикасындагы директору Андреа Баньоли. – Балдардын тамактануусуна кылынган инвестициялар келечекте билимдүү, күчтүү жана ден-соолугу чың адамдар менен өзүн актайт жана калктын аялуу катмарындагы балдарды экономикалык кыйынчылыктарда азап чегүүдөн сактоочу маанилүү тармак».

2013-жылдан баштап, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Өнөр жай тамактануу институтунун (SIFI) менен биргеликте, Россия Федерациясынын каржылык колдоосу менен башталгыч мектептерде тамактанууну жакшыртууга багытталган Мектеп тамак-аш программасын ишке ашырып келе жатат. Кыргыз Республикасында мектептеги тамактандырууну оптималдаштыруу мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик, жамааттар, ата-энелер жана донорлор тарабынан керектүү колдоону алган кеңири таанылган демилге болуп саналат. Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Кыргызстандын Өкмөтүнө мектепте тамактануу жөнүндө мыйзамды иштеп чыгууда колдоо көрсөттү, бул өлкөдө мектеп окуучуларынын тамактануусун өнүктүрүүдө маанилүү жетишкендик болду. 2022-жылга чейин БУУ ДАТП жана КР Өкмөтү өлкөдөгү кошумча 200гө жакын мектепти аш болумдуу ысык тамак менен камсыз кылууну көздөөдө.

***

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы 2020-жылдын Нобель тынчтык сыйлыгынын лауреаты. Биз өзгөчө кырдаалдарда өмүрлөрдү сактап, чыр-чатактардан жана конфликттерден, табигый кырсыктардан жана климаттын өзгөрүүлөрдөн өз калыбына келе жаткан адамдарга туруктуу келечек курууга жардам берген дүйнөдөгү ири гуманитардык уюм.

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ДАТП
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар