“Коом түшүнүгүндөгү гендер” жалпы улуттук изилдөөсү

БУУ-аялдар, БУУнун Калк фонду жана Эл аралык миграция уюмунун биргелешкен программасынын алкагында “Коом түшүнүгүндөгү гендер” жалпы улуттук изилдөөсү (GSPS) жыйынтыкталды. “Кыргызстанда гендердик саясатты илгерилетүү үчүн далил базаны жана теңдикти, бекем тынчтыкты камсыздоо боюнча программаларды түзүү” долбоору Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен өнөктөштүктө аткарылат. БУУнун Тынчтык куруу фонду колдогон бул долбоор аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча чараларды күчөтүүгө, гендердик теңсиздик коркунучтарын жок кылууга багытталган. Булар болсо жамаат деңгээлинде тынчтык курууда гендердик өңүттөрдү илгерилетүүдө тобокелдик факторлорун жана мүмкүнчүлүктөрүн так аныктоо, ошондой эле өкмөттүн, БУУнун агенттиктеринин жана бейөкмөт уюмдардын потенциалын бекемдөө жолу менен ишке ашат. Булар программаларды иштеп чыгууда жана саясатты жүргүзүүдө гендердик өңүттү эсепке алуу максатын көздөйт.