Пресс-релиз

БУУнун Туруктуу координатору Тышкы иштер министринин орун басары менен жүргүзүлүп жаткан гуманитардык аракеттерди талкуулады

19 сентябрь 2022

БУУнун Туруктуу координатору Антье Граве бүгүн Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев менен жолугушуп, Өзгөчө кырдаалдар шартында чара-көрүү боюнча координициялык тобунун (ГКРЧС) алкагында жапа чеккен калктын гуманитардык муктаждыктарын чечүү боюнча жүрүп жаткан аракеттерди талкуулады.

Гуманитардык жардамды чукул жана координацияланган түрдө жеткирүү максатында ГКРЧС Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) өтүнүчү менен 2022-жылдын 16-сентябрында ишин баштады.

ГКРЧС тез арада чара көрүүнүн алкагында, 16-сентябрда БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) 14,000ден ашуун ички жер которгон адамдардын муктаждыктарына тез арада жооп катары, ӨКМге алгачкы 40 тонна азык-түлүк (36 тонна буудай уну жана 4 тонна өсүмдүк майы) өткөрүп берди. Жалпысынан БУУ ДАТП 400 тонна азык-түлүк (360 тонна буудай уну жана 40 тонна өсүмдүк майы) тапшырат. ГКРЧСтын башка мүчөлөрү, анын ичинде MSF, Кыргызстандын Кызыл Жарым Ай жана ЮНИСЕФ, жер которгон адамдарга азык-түлүк эмес жана гигиеналык буюмдарды, психосоциалдык жана медициналык колдоо көрсөтүү менен колдоо көрсөтүүдө. ГКРЧСтин алкагында Миграция боюнча эл аралык уюм, БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгы, ЮНФПА жана БУУнун  Калкты жайгаштыруу фонду, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан берилчүү кошумча жардам да ӨКМ менен тыгыз байланышта такталууда.

ГКРЧС 2008-жылы түзүлгөн жана өзгөчө кырдаал учурда адекваттуу жана эффективдүү гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн Өкмөт, БУУ, Кызыл Чырым жана Кызыл Жарым Ай Кыймылынын жана башка негизги актерлордун ортосундагы кызматташтыкты жана координацияны өркүндөтүү максатында түзүлгөн. ГКРЧС БУУнун Туруктуу координатору жана ӨКМнын тең төрагалыгынын алдында иш жүргүзөт.

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУ ТКК
БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсеси

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар