Пресс-релиз

Кыргызстанда ЭКСПО-2022 аялдар ишкердигинин улуттук деңгээлдеги көргөзмөсү өтөт

31 октябрь 2022

1 жана 2-ноябрда Бишкекте биринчи айым Айгүл Жапарованын катышуусунда ЭКСПО-2022 аялдар ишкердигинин улуттук көргөзмөсү өтөт, анда Кыргызстандын бардык булуң-бурчунан келген ишкер айымдар өз продукцияларын кеңири коомчулукка тартуулап, инвесторлордун алдында сүйлөшөт.

ЭКСПО-2022 көргөзмөсүн уюштуруу жана өткөрүү Европадагы жана Борбордук Азиядагы БУУнун Аялдар түзүмүнүн улуттук өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен Кыргызстандагы жана башка катышуучу-өлкөлөрдөгү ишкер аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү алкагында ишке ашууда.

Биринчи ноябрда Бишкекте “Бишкек Парк” соода борборунда өлкөнүн бардык аймактарынан келген 60тан ашык ишкер айымдардын товарларынын жана кызматтарынын жарманке-көргөзмөсү өтөт. 2-ноябрда B2B форматындагы аянтча уюштурулуп, анда жогорку даражалуу аткаминерлердин жана баяндамачылардын катышуусунда актуалдуу темалар, маселелер, аялдардын ишкердиги боюнча сунуштар боюнча панелдик сессия өтүлөт. Күндүн экинчи жарымында калыстар тобу жана потенциалдуу инвесторлор үчүн 40тан ашык ишкер айымдардын параллелдүү питчинги өткөрүлөт, алардын финалисттери бизнести өнүктүрүүгө инвестицияларды алуу мүмкүнчүлүгү үчүн Чыгыш Европадан келген катышуучулар менен атаандаштыкта ЭКСПО-2022 улуттук онлайн көргөзмөсүнө катыша алышат (2022-жылдын 16-17-ноябры).

Көргөзмөнүн катышуучулары 2022-жылдын сентябрында 400 өтүнмөдөн тандалып алынган. Октябрь айынын ичинде ишкер аялдар жеке бизнес-трекерлер, практиктер жана бизнес чөйрөсүндөгү адистер менен Accelerate Prosperity бизнес-акселераторунда бизнес көндүмдөрүнө окутуудан өтүштү.

Европадагы жана Борбордук Азиядагы БУУнун Аялдар демилгеси Кыргызстандагы БУУнун Аялдар түзүмү тарабынан координацияланып, Accelerate Prosperity (Accelerate Prosperity AP ASIA долбоорунун алкагында аялдарды окутат жана Европа Биримдиги жана Ага Хан Фонду тарабынан биргелешип каржыланат. Долбоор ишкердикти өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын айыл калкынын экономикалык бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган), USAIDдин ишкердик жана бизнес чөйрөсүн өнүктүрүү долбоору (USAID FGI), Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Түрк соода өнөр жай палатасындагы КР ишкер аялдар комитети, КРнын Экономикалык саясатты изилдөө институту, КРнын Экономика министрлиги, Кыргыз Патент, Кыргыз өнөр жай, Кыргыз Республикасындагы аялдардын ишкердигин өнүктүрүү жана гендердик зомбулукту кыскартуу боюнча коалициясы жана “Бишкек Парк” соода борбору менен биргеликте өткөрүлүүдө.

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУнун Аялдар түзүмү
Бириккен Улуттар Уюмунун гендердик теңчилик жана аялдар укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү түзүмү

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар