Пресс-релиз

Кыргызстанда кыз-келиндерге карата зомбулукка нөлдүк сабырдуулукка чакырыктар жаңырды

25 ноябрь 2024

ТЕЗ АРАДА ЖАЙЫЛТУУ ҮЧҮН

Бүгүн Бишкекте гендердик зомбулукка каршы жыл сайын өтүүчү 16 күндүк кампания расмий түрдө башталды. Иш-чарага жарандык коомдун уюмдары, активисттер, эл аралык өнөктөштөр жана кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү катышты. Бул жылы улуттук кампания аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка каршы күрөшүү аракеттерин бириктирип, зомбулукка нөлдүк сабырдуулук принцибине негизделген экосистеманы түзүү максатын көздөйт.

Photo: © UN Women

Ачылыш аземинин жүрүшүндө жарандык уюмдардын жана негизги бийлик өкүлдөрүнүн, ошондой эле эл аралык өнөктөштөрдүн катышуусунда тематикалык талкуу болуп өттү. Анда катышуучулар топторго бөлүнүп, зомбулуктун алдын алуу боюнча улуттук стратегияны жакшыртуу, жабыр тарткандарды коргоону камсыз кылуу жана коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгышты.

Ал эми Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова белгилегендей, зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча ар кандай чаралар көрүлгөнүнө карабастан, аялдарга карата зордук-зомбулуктун жана катаал мамиленин ачыктан-ачык фактылары дагы эле бар. 

«Эң жаманы, балдар ушундай фактыларга күбө болуп жатышат. Апаларына карата адамгерчиликсиз мамиле жана катуу зомбулук учурлары алардын жан дүйнөсүндө муундан-муунга улана турган кесепеттерди калтырат. Бүгүнкү күндө социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо, үй – бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө жана жайылтуу, гендердик басмырлоого жана зомбулукка каршы күрөшүү, гендердик өнүгүүнү жана аялдардын лидерлигин илгерилетүү, тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууда аялдардын ролун күчөтүү боюнча чараларды ишке ашырууну координациялоону жана көзөмөлдөөнү күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдында үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча Улуттук кеңеш түзүлдү», - деди ал.

Photo: © UN Women

Министр ошондой эле коомчулукту акцияга активдүү катышууга чакырып, маселе боюнча маалымдуулукту жогорулатуу зарылдыгына басым жасады.

«Кыргыздарда "Кыздын кырк чачы улуу" деп айтылат. Бул сөздүн мазмуну өтө терең. Биз элибиздин эң жакшы жана гумандуу салттарын улантып, ар бир адамдын ар-намысын жана кадыр-баркын сыйлашыбыз керек. Ошол эле учурда, биз бардык аракеттерибизди бириктирип, азыркы цивилизациялуу дүйнөдө зордук-зомбулукка жол бербешибиз керек.

Биз өнөктөштөрүбүздү мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу процессине активдүү катышууга чакырабыз, анын алкагында зомбулук маселелери менен түздөн-түз же кандайдыр бир жол менен өз ара байланышкан көптөгөн социалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн социалдык долбоорлорду ишке ашырууга болот. Социалдык долбоорлорду ишке ашырууга 2025 - жылы республикалык бюджеттен 115 млн.сом бөлүү пландалууда», - деп белгиледи министр.

БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Антье Граве айым кооптондурган статистикага, анын ичинен  Кыргызстанда фемицид жана үй-бүлөлүк зомбулук учурларынын көбөйүшүнө токтолуп, системалуу теңсиздик жана зыяндуу нормалар маселесин чечүү үчүн жалпы коомчулуктун катышуусунда комплекстүү ык-амалдарды иштеп чыгууга жана колдонууга үндөдү. Граве айым Эл аралык эмгек уюмунун  № 190 конвенциясын ратификациялоо жана үй-бүлөлүк зомбулук боюнча мыйзамдарды күчөтүү сыяктуу акыркы саамалыктарды жогору баалап, ошону менен бирге жабыр тарткандарга отчеттуулукту жана адекваттуу колдоону камсыз кылуу үчүн реформаларды улантууга чакырды. Антье Граве маалымдуулукту жогорулатуу, туруктуу каржылоо жана зомбулукка нөлдүк сабырдуулук маданиятын өнүктүрүү зарылдыгын баса белгилеп, БУУнун бардык аялдар жана кыздар коркуу жана зыяндан эркин жашай ала турган дүйнөнү түзүүгө болгон кажыбас берилгендигин тастыктады.

Photo: © UN Women

Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Мэрилин Йосефсон 16 күндүк кампаниянын алкагындагы аракеттер тууралуу сөз кылып, ар бир добуш маанилүү экенин жана ар бир аракет бизди теңдикке жана адамдык кадыр-баркка негизделген коомго жакындатарын эскертти. Анын айтымында, бул өнөктүк маалымдуулукту жогорулатууну гана эмес, реалдуу иш-аракеттерди да камтыйт. «Бул жабыр тарткандардын үнүн угуу, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу жана зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюу үчүн биргелешип иштөө дегенди билдирет. Биргеликте биз өзгөрүүлөрдү жасай алабыз», - деди элчи. 

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан «БУУ-Аялдар» түзүмү менен биргеликте уюштурулду.

Photo: © UN Women

Кампания тууралуу маалымат:

Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк — бул жыл сайын 25-ноябрь – Аялдарга карата зомбулукту жоюунун эл аралык күнүнөн тартып, 10-декабрь – Адам укуктарынын эл аралык күнүнө чейин өтүүчү глобалдык демилге. Быйылкы кампания: «Пекин декларациясынын жана Иш-аракеттер платформасынын 30 жылдыгына карата: Аялдарга болгон зомбулукту түп-тамыры менен жок кылуу үчүн биригели» аталышында өтүүдө.

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУ ТКК
БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсеси
БУУнун Аялдар түзүмү
Бириккен Улуттар Уюмунун гендердик теңчилик жана аялдар укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү түзүмү

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар