Пресс-релиз

БУУ ДАТП жана Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги биргелешкен программасы аркылуу Кыргызстандагы эң аялуу үй-бүлөлөрүнө 1000 тоннага жакын азык-түлүк жардамын жеткирип беришет

07 апрель 2020

Апрель айында БУУ ДАТП жана Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги биргелешкен программасы аркылуу Россия Федерациясынын колдоосу менен Кыргызстандагы эң аялуу үй-бүлөлөрүнө 1000 тоннага жакын азык-түлүк жардамын жеткирип беришет. 30,500дөн ашык адам тамак-аштын негизги муктаждыктарын канааттандыруу үчүн үч айга жете турган байытылган буудай унун жана өсүмдүк майын алышат (ар бир үй-бүлөгө 150 кг буудай жана 15 литр май).

БУУ ДАТП жана Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги азык-түлүк таратууну аз камсыз болгон үй-бүлүлөргө колдоо көрсөтүү боюнча мамлекеттик программасын колдоо максатында башташты. Азык-түлүк жардамы элдерге коомчулук жумуштарын аткарганы, бүтүрүлгөн жана келе жаткан, үчүн берилет.

БУУ ДАТП менен Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги COVID-19 учурунда Кыргызстандын эң аялуу катмарына азык-түлүк жардам программаларын улантуусу зарыл.

БУУ ДАТП долбоор катышуучулардын, кызматкерлеринини жана өнөктөштөрүнүн ден-соолугун жана коопсуздугун сактап жергиликтүү саламаттык сактоо органдарынын сунуштарын аткарат. БУУ ДАТП тарабынан алдын-алуу чаралары көрүлүп азык-түлүк таратуу пункттарында социалдык аралык эрежелери сакталды жана бөлүштүрүү процесстерине катышкандардын баарына дезинфекциялоочу каражаттар, бет каптар жана кол каптар таратылды.

Азык-түлүк жардамын көрсөтүүдөн тышкары, Дүйнөлүк азык-түлүк программасы азык-түлүк коопсуздугунун тенденциясын анализдөө үчүн, өлкөнүн 18 базарындагы азык-түлүк коопсуздугун жана азык-түлүк бааларынын мониторингин жүргүзүүдө.

Мындай жардам өкмөттүн өтүнүчү менен 2020-жылдын 16-мартында ишке киргизилген Өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтарууну координациялоо боюнча топтун (ӨКЖКТ) гуманитардык жооп кайтаруу боюнча биргелешкен чараларынын алкагында өзгөчө кырдаалдарга даяр турууну жана COVID-19 илдетине жооп кайтарууну камсыздоо жана эртелеп калыбына келтирүүгө даярдык көрүү максатында көрсөтүлүүдө. БУУнун Туруктуу координатору жетекчилик кылган ӨКЖКТ эртелеп калыбына келтирүү, билим берүү, азык-түлүк коопсуздугу жана логистика, саламаттык сактоо, коргоо, суу санитариясы жана гигиена жана азык-түлүккө кирбеген товарлар боюнча биргелешкен тармак боюнча алты артыкчылыктуу багытка биринчи кезекте көңүл бурат жана колдоого алат. ӨКЖКТ 2008-жылы түзүлгөн, анын ведомстволор аралык командалары министрликтердин, БУУ мекемелеринин, эл аралык жана жергиликтүү бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрүн жана донорлор коомчулугунун өкүлдөрүн камтыйт.

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ДАТП
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар