Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрүндө чегирткеге каршы күрөшүүдө колдонулуучу пестициддердин коркунучун азайтуу боюнча колдонмо
Кавказ жана Борбор Азия (КБА) өлкөлөрүндө чегирткеге каршы күрөшүү үчүн көп сандагы инсектициддер колдонулат. Жалпысынан алганда, ага - адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө кооптуулукту жарата турган пиретроиддер, неоникотиноиддер жана фосфорорганикадан турган жалпы таасир этүүчү спектрдеги химиялык инсектициддер кирет. КБА өлкөлөрүндөгү чегирткеге каршы күрөшүүчү бөлүмдөрдүн тарыхы инсектициддер келтирүүчү коркунучту азайтуу боюнча чаралардын түрдүүсүн камтыйт. Ошого карабастан, коомчулук тарабынан пестициддердин адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизе турган терс таасирин көзөмөлгө алышы, улуттук жоболордун катаалдашы жана ошондон улам, эл аралык нормативдик базаларынын маңыздуу болушу, чегирткеге каршы күрөшүү чараларынын үзгүлтүксүз түрдө жакшырып турушун талап кылат.
Аталган колдонмодо инсектициддер менен иштөөдө жана аларды чегирткеге каршы күрөшүү кампанияларда колдонуудагы коркунучтар, жана коркунучтарды азайтуу үчүн ишке ашырыла турган чаралар сыпатталган. Колдонмодо чегирткеге каршы эл аралык деңгээлде колдонулуп жаткан эң жакшы практикалар жана ФАОнун башка географиялык аймактарда колдонулуп жаткан жетишкендиктер берилди. Андан тышкары, бул документте КБА өлклөрүндө чегирткеге каршы өткөрүлгөн иштердин чыныгы абалы да камтылды.
Колдонмодо чегирткеге каршы күрөшүү кампаниясына тартылуучу үч түрдөгү персонал каралды:
-
Чечим кабыл алуучулар жана кампанияны уюштуруучулар – башкача айтканда, чегирткеге
каршы күрөшү кампаниясын өткөрүүгө чейин, өткөрүлүп жаткан учурда жана өткөрүлүп бүткөндөн кийин чегирткелердин санын кыскартуу жаатында уюштуруучу аспектилер боюнча багыт алууга муктаж болгон, чегирткеге каршы күрөшүү бөлумдөрүндө иштеген жогорку звенодогу жетекчилер.
-
Чегирткеге каршы күрөшүү иштерин аткарган персонал – башкача айтканда, негизинен, чегирткеге каршы кампаниясын өткөрүп жаткан учурларда мыкты практика жана коркунучту азайтуу чаралары боюнча багыт алууга муктаж болгон, топтун жетекчилери, пестициддерди чачууга тартылгандар, айдоочулар жана пестициддерди сактоочу жайлардын башчылары.
-
Мониторинг өткөрүүчү персонал – башкача айтканда, инсектициддерди колдонуу, анын эффективдүүлүгү жана адамдын ден соолугуна тийгизе турган таасири, андан тышкары, чегирткеге каршы күрөшүү иш-чаралардын экологиялык аспектиси боюнча дүйнөдө колдонулуп жаткан жакшы практика боюнча багыт алууга муктаж болгон, инсектициддердин адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирине мониторинг жүргүзүүчү команда.
Көп учурларда, бул колдонмодо берилген кеңештер жогоруда аталган үч топко тең таандык. Ошого карабастан, жогоруда аталган топтор үчүн кооптуулукту азайтуу чаралары айырмаланат.
Колдонмонун структурасы чегирткеге каршы күрөшүү кампаниясынын негизги кадамдары аркылуу түзүлгөн. Киришүү бөлүмүнөн кийин чегирткеге каршы күрөшүү кампаниясынын даярдоо этабында кезигүүчү коркунучтарды азайтуу боюнча чаралар каралган. Ага, инсектициддерди туура тандоо, күтүлбөгөн кырдаалда иш-аракеттердин планы, жеке коргонуучу каражаттарды сатып алуу, адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизүүчү зыян боюнча мониторингдин планы жана окууларды пландоо жана аларды ишке ашыруу кирет.
Кийинки негизги бөлүм - чегирткеге каршы күрөшүү чаралары өткөрүлүп жаткан учурда адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө терс таасир эте турган коркунучтарды
жана аларды азайтуу жолдорун сыпаттайт. Башка темаларга төмөнкүлөр кирет: инсектициддерди транспорттоо жана сактоо, ЖКК колдонуу, инсектициддерди чачуу, бошогон контейнерлерди туура утилизациялоо, жана адамдын ден соолугуна жана айлана- чөйрөгө тийгизүүчү коркунучтарга мониторинг жүргүзүү.
Акырында, үчүнчү бөлүм, чегирткеге каршы күрөшүү кампаниясы бүткөндөн кийин бошогон контейнерлерди жана пестициддердин калдыктарын туура утилизациялоону же мониторингден кийинки өткөрүлүүчү иш-аракеттердин сыпатталышын камтыйт.