Кыргыз Республикасындагы жарансыздык: Улуттук мыйзамдарга талдоо
Урматтуу окурман,
Адам укуктарынын жалпы декларациясында “Ар бир адам жарандуулукка укуктуу. Эч ким өзүм билемдик менен жарандыгынан же жарандыгын өзгөртүү укугунан ажыратылышы мүмкүн эмес” деп айтылат. Бирок дүйнө жүзү боюнча көп миллиондогон адамдар эч бир мамлекеттин жараны катары таанылбагандыктан, негизги адам укуктарынан ажыратылгандыгы ачуу чындык- алар жарандыгы жок адамдар болуп саналат.
Жарандыгы жок адамдар коомдун эң аялуу катмарларынын бири болуп саналат жана туруктуу өнүгүү процессинде артта калуу коркунучуна дуушар болушат. Жарандыкты мамлекеттер гана бере алат же тастыктай алат, алардын жарансыздыктын алдын алуу жана азайтуу боюнча кызматташуусу абдан маанилүү. Эки универсалдуу келишим - экөө тең ушул жыйнактын аягында камтылган - бул чөйрөдөгү жакшы тажрыйбаны жана эл аралык тилектештикти жөнгө салат: 1954-жылкы Апатриддер статусу жөнүндө Конвенция жана 1961-жылкы Жарандыгы жокторду кыскартуу жөнүндө Конвенция. 2021-жылы 1961-жылкы Конвенциянын кабыл алынганына 60 жыл толгондуктан, Бириккен Улуттар Уюмуна1 мүчө мамлекеттердин көпчүлүгү, алардын универсалдуу колдонулушу бир муундун ичинде жарансыздыкты жок кыларын түшүнүп, эки конвенцияга тең катышууда.
Дал ушул максатты ошол кездеги Качкындардын иштери боюнча Жогорку комиссары жана азыр БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш 2014-жылы мамлекеттер менен жарансыздыкты жоюу үчүн #IBelong 10 жылдык глобалдык кампаниясын баштаганда жарыялаган.
Жарандыгы жок адамдарды аныктоо, жарансыздыктын алдын алуу жана кыскартуу боюнча БУУнун Башкы Ассамблеясы берген биздин мандатка ылайык, БУУнун Качкындардын иштери боюнча агенттиги, БУУнун КЖКБ дүйнө жүзү боюнча өкмөттөр, парламенттер, бийлик органдары жана жарандык коом менен адамдардын жарандыгы жок экендигин аныктоо жана коргоо, жарансыздык боюнча учурдагы кырдаалдарды чечүү, жаңы учурларынын пайда болушуна жол бербөө үчүн иш алып барат.
2007-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү БУУнун Качкындар боюнча комиссариаты жана анын жарандык коом өнөктөштөрү менен өлкөдөгү жарансыздык көйгөйүн чечүү үчүн биргелешип иш алып барууда.
2007-жылы кабыл алынган жарандык жөнүндө прогрессивдүү мыйзам жарансыздыкты азайтуу үчүн бир нече мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, Кыргыз Республикасы менен байланышын далилдей ала турган жарандар үчүн жөнөкөйлөштүрүлгөн жарандык алуу процедурасын белгилеген. Кийинки түзөтүүлөр критерийлерди кеңейтип, жарандыгы жоктордун санын кыскартууга көмөктөштү.
2007-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү БУУнун КЖКБ жана анын жарандык коомдогу өнөктөштөрү менен өлкөдөгү жарансыздык көйгөйүн чечүү үчүн биргелешип иш алып барууда. 2007-жылы кабыл алынган жарандык жөнүндө прогрессивдүү мыйзам жарансыздыкты кыскартуу үчүн бир нече мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, Кыргыз Республикасы менен байланышын далилдей ала турган жарандар үчүн байыр алуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жобосун белгилеген. Кийинки түзөтүүлөр критерийлерди кеңейтип,
жарандыгы жоктордун санын кыскартууга көмөктөштү.
2007 жана 2008-жылдары БУУнун КЖКБ демилгелеген изилдөөлөрдү жүргүзүүдөн кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жарансыздык көйгөйүн чечүү үчүн ведомстволор аралык процессти жөнгө салган, атап айтканда жыл сайын Жогорку деңгээлдеги координациялык жыйындарды өткөрүп жана жарансыздыкты алдын алуу жана кыскартуу боюнча иш-аракеттердин улуттук планын кабыл алып. Ушул аракеттердин натыйжасында 2009-2012-жылдар аралыгында 45000ден ашык адам СССРдин эски паспортторун алмаштырууга мүмкүнчүлүк алышты, ал эми 2000ге жакын жарандыгы жок адамдар президенттин жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын жарандыгын алышкан.
2014-жылы #IBelong кампаниясынын алкагында Кыргыз Республикасы 13700дөн ашык жарандыгы жок адамдарды, анын ичинде 2000ден ашуун баланы аныктап, аларга туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн алууга, Кыргызстандын жарандыгын тастыктоого же алууга жардам берген.
2019-жылы Кыргыз Республикасы дүйнөдө биринчилерден болуп жарансыздыктын бардык белгилүү учурларын чечкен. «Чек арасыз Фергана өрөөнүнүн юристтери» бейөкмөт уюмунун директору Азизбек Ашуров өкмөттүн бул этапка жетүүсүнө колдоо көрсөтүүдө чоң салым кошкон жана 2019-жылы Нансен Качкындарды коргоо жаатындагы сыйлыгына көрсөтүлгөн.
2019-жылдын октябрында #IBelong кампаниясынын ортосун белгилеген Жарансыздык маселелери боюнча Жогорку деңгээлдеги сегментте динамиканы колдоо менен Кыргыз Республикасы жаңыдан аныкталган учурларды чечүү жана жарансыздыктын кайталанышына жол бербөө боюнча төрт милдеттенме алган:
- 2020-жылдын аягына чейин жарандыгы жок адамдын укуктук статусун аныктоо жөнүндө жобону кабыл алуу;
- 2020-жылдын аянына чейин туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрү жок балдарга туулгандыгы жөнүндөк күбөлүктөрүн берүү;
- Кыргыз Республикасында төрөлгөн ар бир баланын туулгандыгын каттоону камсыздоо үчүн туулгандыгын каттоо жөнүндө улуттук мыйзамдарды эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү;
- 1954 жана 1961-жылдардагы жарансыздык жөнүндө конвенцияна катышуучу мамлекеттердин тажрыйбаларын изилдөө.
Жарандыгы жоктордун кайталанышына жол бербөөнүн зарылдыгы, мисалы, ушул төрт милдетти аткаруу менен, Кыргыз Республикасындагы жарандыгы жок адамдардын саны 2019-жылдын аягындагы 10дон 2021-жылдын акырына карата дээрлик 600гө чейин көбөйгөндүгү көрсөтүп турат.
2024-жылы кампаниянын аякташына чейин #IBelong максаттарынын бардыгына ийгиликтүү жетүү үчүн эки жылдан ашык убакыт калды жана БУУнун КЖКБ Кыргыз Республикасына ушул төрт милдеттенменин бардыгын аткарууда жана жарансыздык боюнча эки конвенцияга кошулган мамлекеттердин өсүп жаткан санын толуктоодо колдоо көрсөтүүгө даяр.
Кыргызстандын жарансыздыкка каршы глобалдык күрөштөгү милдеттенмеси үчүн тиешелүү баа алуу үчүн БУУнун КЖКБсы Кыргыз Республикасынын колдонуудагы улуттук мыйзамдарынын жарандык жана жарансыздык чөйрөсүндөгү эл аралык стандарттарга шайкештигине талдоо жүргүзүүнү тапшырган. Бул басылмадагы сунуштар өлкө жарансыздык боюнча эки конвенцияга кошулганга чейин же кошулгандан кийин Кыргыз Республикасына өзүнүн мыйзамдарын жана практикасын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүдө жардам берүүгө багытталган.
Бул маанилүү жыйнакты кыргыз, орус жана англис тилдеринде басып чыгарууга шарт түзгөн бардык кесиптештерге жана эксперттерге, котормочуларга жана корректорлорго ыраазычылык билдирүүгө уруксат этиңиздер. Анда камтылган корутундулар жана сунуштар Кыргыз Республикасында жарансыздыкты кыскартууда жана алдын алууда, ошондой эле жарандыгы жок адамдарды коргоодо туруктуу прогресске өбөлгө болот деп ишенем.
БУУнун КЖКБ #IBelong глобалдык кампаниясынын милдеттерине жана «Эч кимди кароосуз калтырбоо» 2030-жылга чейин Күн тартибине ылайык Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүүнү тездетүү менен аларды ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Парламентине жана бийлик органдарына колдоо көрсөтүүгө даяр.
Ханс Фридрих Шоддер
БУУнун Качкындардын иштери боюнча Жогорку Комиссарынын өкүлү