Пресс-релиз

Тамактануу боюнча улуттук изилдөө Кыргызстандагы балдар менен аялдарда анемиянын кооптуу деңгээлин жана темир жетишсиздигин көрсөттү

03 ноябрь 2022

Бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлигинде Кыргызстандагы балдар менен аялдардын тамактануусунун абалы боюнча биринчи улуттук комплекстүү изилдөөнүн жыйынтыгы тааныштырылды.

ALI_1102

БИШКЕК, 2022-жылдын 3-ноябры. – Бүгүн Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги ЮНИСЕФ, Азык-түлүк жана айыл чарба уюму, Дүйнөлүк азык-түлүк программасы, ДСУ, USDA, Мерсико жана USAID Кыргыз Республикасындагы микроэлементтер менен антропометрияны улуттук комплекстүү изилдөөнүн жыйынтыгын тааныштырды. Бул - Кыргызстандагы аялдар менен балдардын тамактануусунун абалы боюнча алгачкы ири масштабдагы изилдөө болуп саналат. Жалпысынан бардык аймактардан 3 452 үй чарбасы камтылды. Кандын үлгүлөрү Германиянын, Иорданиянын жана Танзаниянын сертификатташтырылган лабораторияларында текшерилди. Изилдөө 5-59 айлык жана 5-9 жаштагы балдардын, 10-19-жаштагы өспүрүм кыздардын жана төрөт курагындагы 15-49 жаштагы аялдардын жана кош бойлуулардын тамактануусундагы микроэлементтердин жетишсиздигин, дагы башка көйгөйлөрүн аныктоо үчүн иштелип чыккан. 

Иизилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, балдар, өспүрүм кыздар жана аялдардын арасында анемия көп кездешкени жана темирдин жетишсиздиги, ошондой эле аялдарда фолий кислотасынын тартыштыгы коомдук саламаттыкты сактоодогу олуттуу көйгөй бойдон калууда. Кош бойлуу аялдардын 50 пайыздайы анемия менен жабыркайт, бул энелердин жана неонаталдык өлүмдүүлүктү жогорулатат. 6 айдан 5 жашка чейинки балдардын 47 пайызы темир жетишсиздигинен жабыркайт, бул болсо алардын физикалык жана интеллектуалдык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Аялдардын жана өспүрүм кыздардын басымдуусу - 86 пайызы фолий кислотасынын жетишсиздигинен жабыркайт. Болочоктогу энелердеги фолий кислотасынын тартыштыгы түйүлдүктүн баш мээсинин жана жүлүнүнүн өсүшүндө кемтиктерге алып келиши ыктымал.

Өлкөдөгү аялдардын 44 пайызы семирүүдөн жана ашыкча салмактан жабыркайт, аларда D витамини жетишсиз.

Чогултулган маалыматтарга ылайык, Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарындагы көптөгөн үй чарбалары азыктын жетишсиздигин сезишет, негизинен жакырчылыктан улам.

Жакшы жагын алсак, тузду йоддоштуруу программасы жакшы иштеп жатканын изилдөө аныктады. Себеби өспүрүм кыздарда, кош бойлуу эмес жана кош бойлуу аялдарда йоддук статус нормалдуу деп табылды.

Изилдөөнүн талаа иштеринде тогуз топ иштеди, алардын ар биринде 110дон талаа кызматкери болду. Алар анкеталарды толтуруп, бой менен салмакты өлчөштү, үй-чарбаларындагы туз менен ундун үлгүсүн алышты; медициналык кызматкерлерге ошондой эле кан менен сийдиктин үлгүлөрүн чогултуу тапшырылган эле.

Туз менен ун улуттук мыйзамдарга ылайык жетиштүү деңгээлде байытылганы текшерилди. Калктын 98 пайызы йоддолгон тузду колдонот, бирок ун улуттук стандарттарга шайкеш деңгээлде байытылган эмес. Туз менен унду байытуу азыктандыруучу микроэлементтердин жетишсиздигинин алдын алуунун жөнөкөй жана арзан ыкмасы болуп саналат.

Изилдөө үчүн үлгүлөр Германиядагы VitMin, Иорданиядагы BioLab жана Танзания тамак-аш азыктары жана тамактануу борбору сыяктуу эл аралык деңгээлде сертификацияланган лабораторияларга жиберилди. Ун менен туздун бардык үлгүлөрү Кыргызстанда Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпмидемиологиялык көзөмөл департаменти тарабынан текшерилди. Изилдөөнүн жалпы баасы 545 000 АКШ долларын түздү.

ALI_1024

"Улуттук саясатты иштеп чыгууда жана чечимдерди кабыл алууда статистикалык маалыматтардын мааниси өтө жогору. Ошентип, НИМАС Өкмөткө жана башка өнөктөштөргө аялдардын жана балдардын жеген тамагында дефицитти жоюуга жардам берет. Тастыкталгандай, коопсуз жана сергек тамактануу – адамдын физикалык жана психикалык жөндөмдөрүн максималдуу ачуу менен, алардын умтулууларын жана кыялдарын ишке ашыруу үчүн сапаттуу жашоону камсыз кылуунун ачкычы болуп саналат,"

- өз сөзүндө БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Антье Граве деп белгиледи.

Изилдөө ЮНИСЕФтин техникалык колдоосу менен 2019-2030–жылдарга “Дени сак адам - өнүккөн өлкө” калктын саламаттыгын коргоо жана саламаттыкты сактоону өнүктүрүү мамлекеттик программасын жана “2019–2023-жылдарга коопсуздук жана тамактануу” Мамлекеттик программасын ишке ашыруу алкагында өткөрүлдү. Бул изилдөө өлкөдөгү ден соолук абалын жакшыртуу үчүн тамактануу жана саламаттыкты сактоо тармагындагы саясатты калыптандырууга жардам берет.

Журналисттер үчүн эскертме:

Балдардын жана аялдардын тамактануу абалы боюнча изилдөө (Микронутриенттик статусту жана антропометрикалык көрсөткүчтөрдү улуттук комплекстүү изилдөө) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн. Изилдөөгө БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ), Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО), БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАП), Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ), Мерсико (Mercy Corps), Америка Кошмо Штаттарынын айыл чарба министрлиги (USDA), Америка Кошмо Штаттарынын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) колдоо көрсөтүшкөн.

--------

DSC_3554

Иш-чарадан сүрөттөрдү бул жерден көрсөңүз болот https://flic.kr/s/aHBqjAdKsJ 

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ФАО
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму
БУУ ТКК
БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсеси
ЮНИСЕФ
Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду
ДАТП
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы
ДССУ
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму

Бул демилгеге катышкан башка түзүмдөр

MCW
Mercy Corps
ЮСАИД
АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар