"Азык-түлүккө акыбыз бар": Кыргызстанда Дүйнөлүк азык-түлүк күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлүүдө.
16 октябрь 2024
Кыргыз Республикасында БУУнун календарындагы эң белгилүү эл аралык күндөрдүн бири болгон, 50дөн ашык тилде жана 150дөн ашык өлкөдө майрамдалуучу Дүйнөлүк азык-түлүк күнүнө карата салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлүүдө. Бул күн азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу маселелерине, ошондой эле баарын камтыган (инклюзивдүү) жана тышкы таасирлерге туруктуу болгон агрардык азык-түлүк тутумдарына коомчулуктун көңүлүн бурууга багытталат.
Дүйнөлүк азык-түлүк күнүн майрамдоонун алкагында БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети менен биргеликте айыл чарба инновацияларынын көргөзмөсүн, ошондой эле университеттин студенттери үчүн азык-түлүк коопсуздугу темасында викторина өткөрүштү.
Дүйнө жүзүндө фермерлер планетанын калкын камсыз кылуу үчүн жетиштүү азык-түлүк өндүрүшөт, бирок ачкачылык маселеси дагы эле чечиле элек. Дүйнөдө 733 миллионго жакын киши аба-ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн, чыр-чатактардан, экономиканын төмөндөшүнөн, теңсиздиктен жана пандемиядан улам ачарчылыкка туш болушууда. Планетанын 2,8 миллиардгажакын тургуну туура тамактануугамүмкүнчүлүгү жок. Туураэмес тамактануу – бул жетишсиз тамактануунун бардык түрлөрүнүн, анын ичинде көпчүлүк өлкөлөрдө катталган жана бардык социалдык-экономикалык класстарды камтыган тамак-аштын жана микроэлементтердин жетишсиздигинин, ошондой эле семирүүнүн негизги себеби.
"Ар бир адамдын жетиштүү тамактанууга укугу болмоюнча, биз башка укуктарды ишке ашыра албайбыз жана туруктуу өнүгүү максаттарына жете албайбыз", - деп белгиледи ФАОнун Кыргыз Республикасындагы өкүлү Олег Гучгельдыев. "Агроазык-түлүксистемаларын трансформациялоо аркылуу кырдаалды өзгөртүүгө болот. Инновациялар жана заманбап технологиялар климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин азайтуу, ошондой эле баарын камтыган (инклюзивдүү) жана тышкы таасирлерге туруктуу болгон жашоо каражаттарын колдоого мүмкүнчүлүк берет".
ФАО Кыргыз Республикасына саясат жана мыйзам маселелери боюнча техникалык жардам көрсөтүп, жөнгө салуу жана мониторинг жүргүзүү механизмдерин бекемдөө, мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, ошондой эле өндүрүштү, тамактануунун сапатын, айлана-чөйрөнүн абалын, жашоо-турмуштун сапатын жакшыртуу максатында агроазык-түлүк тутумдарын кайра түзүүгө багытталган көп тараптуу диалогду жөнгө салууга көмөк көрсөтөт.
"Азык - түлүк коопсуздугунун төмөндөөсү жана жетишсиз тамактануу узакка созулган кризистер: аба ырайынын кескин өзгөрүшү менен экономикалык толкундоолордун айкалышынан келип чыгат, - дейт БУУ ДАТПнын Кыргыз Республикасындагы Өкүлү жана директору Кожиро Накай. - БУУ ДАТП Министрлер кабинетижана өнөктөштөр менен биргеликте азык-түлүк коопсуздугу курч турган калктын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, адам капиталын өнүктүрүү, коомдук активдерди түзүү жана табигый кырсыктардын тобокелдиктерин башкаруу жолу менен улуттук социалдык коргоо тутумдарын бекемдейт".
БУУ ДАТП жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети азык-түлүк тутумдарын бекемдөөдө, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууда жана пайдалуу азык-түлүккө жеткиликтүүлүктү камсыз кылууда чакан фермерлер менен калктын аялуу катмарын колдоо боюнча аракеттерин улантууда. Даректүү жардам көрсөтүүменен БУУ ДАТП аялуу жамааттарды азык-түлүк менен камсыз кылууга, жашоо көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана киреше алып келүүчү жумуш орундарын түзүүгө умтулат.
Дүйнөлүк азык-түлүк күнүнө карата өткөрүлүп жаткан бир нече маалыматтык-агартуу иш-чаралары теңсиздик менен күрөшүү, туура тамактанууну жайылтуу, тамак-аш калдыктарын азайтуу жана айлана-чөйрөнү коргоо сыяктуу маселелердин маанилүүлүгүн талкуулоого багытталат.
16-октябрда Кыргыз улуттук агрардык университетинин башкы корпусундагы көргөзмөдө заманбап агротехнологиялар, ошондой эле айыл чарбасы үчүн инновациялык чечимдер, анын ичинде ЖОЖдун илимий иштеп чыгуулары көрсөтүлдү.
Университеттин ректору РысбекНургазиев белгилегендей, айыл чарбасын өнүктүрүүнүн негизги элементтеринин бири инновацияларды колдонуу болуп саналат. "Биз фермерлердин жана айыл чарба ишканаларынын практикалык иш-аракеттерине илимий изилдөөлөрдүн жана инновациялык чечимдердининтеграцияланышына көмөктөшүшүбүз керек", - деп белгиледи ал. "Буга заманбап айыл чарба тажрыйбаларын киргизүү, өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун иштеп чыгуу, жаныбарлардын генетикасын өркүндөтүү, ошондой эле айыл чарбасы үчүн санариптик технологияларды өркүндөтүү кириши мүмкүн".
Мындан тышкары агрардык университеттин студенттери үчүн викторина уюштурулуп, ага ЖОЖдун бардык факультеттеринин атынан 5 команда катышты. Викторинанын катышуучулары азык-түлүк коопсуздугу, пайдалуу жана коопсуз тамактануу жана башка темалар боюнча суроолорго жооп беришти.
Дүйнөлүк азык-түлүк күнү жыл сайын 16-октябрда белгиленип, 1945-жылы түзүлгөн БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) негизделген күнүнө туш келет. Бул жылы "Азык-түлүккө акыбыз бар. Жакшы жашоо жана жаркын келечек үчүн." деген ураан азык-түлүк түрдүү, пайдалуу, жеткиликтүү жана коопсуз болуусун эске салуу үчүн тандалып алынды.
Толук маалымат алуу үчүн:
Евгений Печурин, Коомчулук менен байланыш адиси, БУУ ФАО, evgeniy.pechurin@fao.org, 0550838089
Алмаз Чороев, Коомчулук менен байланыш адиси, БУУ ДАТП, almaz.tchoroev@wfp.org, 0550577597.