Кыргызстан: Кеңейтилген миграциялык профиль 2015-2018
Бул кеңейтилген миграциялык профиль Швейцария өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен Миграция боюнча эл аралык уюму жана БУУ Өнүктүрүү программасы ишке ашырып жаткан Өнүгүү стратегияларына миграция бөлүмүн киргизүү боюнча Глобалдык программанын алкагында даярдалган. Документ Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалыматтарына негизделген.
Бул документ миграция тармагында башкаруу маселелери менен алектенген мамлекеттик башкаруу органдарынын, эл аралык жана бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрүнө, ошондой эле эксперттер менен изилдөөчүлөргө арналган.
Бул изилдөөдө берилген маалымат Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын, Миграция боюнча эл аралык уюмунун, БУУ Өнүктүрүү Программасынын, Швейцария өкмөтүнүн пикири жана позициясы менен дал келбеши мүмкүн, ошондой эле МЭУнун Кыргыз Республикасындагы эл аралык уюм катары артыкчылыктары менен иммунитетине таасир этпейт.