Башкы катчынын Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри урматтуу Жээнбек Кулубаев мырза менен биргелешкен жолугушуусундагы сүйлөгөн сөзү
Урматтуу Министр жана ЖМК өкүлдөрү,
Мен Кыргызстандын Өкмөтүнө жана элине Тянь-Шандын чокуларынын бирине Бириккен Улуттар Уюмунун атын ыйгаргандыгы жана жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирем.
Бул окуя БУУ үчүн биринчи жолу деп ойлойм. Ушул нерсе биздин ишибиз бизден ар дайым бийиктикке карай умтулуп, биргелешип, кадам артынан кадам жасоону талап кыларын эскертет.
Ушул "БУУнун чокусу" деп аталгандыгы биздин тоолуу жамааттар менен болгон байланышыбызды жана дүйнө жүзү боюнча Тоо күн тартибин жана ушул укмуштуудай болгон, бирок назик экосистемаларды коргоого болгон аракетибизди чагылдырат.
Мен Кыргызстандын тоо маселелерин чечүүдө жетекчилигин жогору баалайм жана Кыргызстан тарабынан демилгелеген Тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча Башкы Ассамблеянын резолюциясын кабыл алууну кубаттайм. Бул тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттер планын ишке ашырууну баштады.
Мен БУУ иш-аракеттер планын гана эмес, анын ийгилиги үчүн зарыл болгон ишеним фондду да толугу менен колдойт деп ишендиргим келет.
Жакында эле болгон селдин кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам жана жабыр тарткандардын баарына терең колдоо билдирем.
Урматтуу ЖМК өкүлдөрү,
Кыргызстанга болгон акыркы сапарымдан бери дүйнө олуттуу кыйынчылыктарды башынан өткөрдү: COVID-19 пандемиясы, экономикалык кризис, климаттык өзгөчө кырдаалдар, өсүп жаткан геосаясий тирешүү жана пикир келишпестиктер.
Бул окуялардын фонунда регионалдык кызматташуудагы прогресстер жана Борбордук Азиядагы позитивдүү тенденциялардын болуп жаткандыгы кубандырат.
Мен Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда чек араны делимитациялоо боюнча келишимге кол коюлганын кубаттайм, анын аркасында соода мамилелери жана өнөктөштүк мамилелери чыңдалууда. Айрыкча Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чечилбеген чек ара маселелери жакын арада диалогду улантуу аркылуу чечилет деп ишенем.
Кыргызстандын уникалдуу географиясы климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча, анын ичинде келерки жылы боло турчу 28-ТКда дагы шашылыш чараларды көрүүнү улантууга бекем негиз берет.
Мен климаттын жаш активисттери менен жолугушууда шыктандым. Мен жаштарга дүйнө жүзү боюнча өзгөрүүлөрдү жасоо үчүн алардын үнү канчалык маанилүү экендигин айттым.
Президент Жапаров менен жолугушууда мен Кыргызстан менен Бириккен Улуттар Уюмунун акыркы отуз жылдагы тыгыз өнөктөштүгүн, ошондой эле Превентивдүү дипломатия боюнча аймактык борборду сиздердин колдооңуздарды кубаттадым.
БУУнун өлкөлүк командасы социалдык кызматтарды көрсөтүүдөн, анын ичинде аялдарга карата зомбулукту жана басмырлоону токтотуудан баштап, жашыл өнүгүүгө, адилеттүү жана отчеттуу институттарды курууга чейинки артыкчылыктарыңызды колдоого толук тартылган.
Кыргызстандын БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешиндеги азыркы мүчөлүгү ага бардык адам укуктарын - экономикалык, социалдык, маданий, жарандык жана саясий укуктарды урматтоо боюнча өзгөчө жоопкерчиликти жүктөйт.
Урматтуу Министр кыргыз элинин ДНКсында эркиндик бар экенин айтып бергенинде абдан таасирлендим. Муну кылымдарды карыткан тарых тастыктайт.
Урматтуу Министр мага кыргыз эли эч качан авторитардык бийликти кабыл албай турганын, ошондуктан Өкмөт демократиялык институттарга жана негизги эркиндиктерге терең берилгендигин түшүндүрдү.
Бирок адам укуктарын ишке ашыруунун маанилүү аспектилеринин бири туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча программа болуп саналат. Ал эми Кыргызстандын Өкмөтүнүн 2030-жылга чейинки стратегиясы менен БУУнун 2030-жылга чейинки стратегиясынын дал келишин эске алуу менен туруктуу өнүктүрүү максаттарын жана 2030-жылга чейинки Күн тартибин ишке ашырууда ийгиликке жетүү үчүн Президент менен Өкмөттүн бекем чечкиндүүлүгү мени абдан шыктандырды.
Урматтуу достор,
Дүйнө жүзү боюнча биз көп тараптуу мамиленин көптөгөн олуттуу чакырыктарын жана өлкөлөрдүн глобалдык чечимдердин айланасында биригүүгө жөндөмсүздүгүн көрүп жатабыз.
Көп тараптуу институттар жана Алкактык программалар өнүгүүдө артта калууда.
БУУнун Коопсуздук Кеңеши да, эл аралык каржы архитектурасы да аларды заманбап дүйнөнүн өкүлү жана Кыргызстан сыяктуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн заманбап чакырыктарына жана муктаждыктарына көбүрөөк жооп бере тургандай кылып терең реформалоого муктаж.
Быйылкы жылдын сентябрь айына белгиленген Келечектин саммити жаңылануу жана реформа үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк жана мында Борбор Азия өлкөлөрү негизги ролду ойношу керек.
Саммиттин жүрүшүндө да жана андан кийин дагы Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстан менен тынчтыкты жана коопсуздукту, туруктуу өнүгүүнү жана адам укуктарын колдоо максатында кызматташууну бекемдөөгө умтулат.
Биз бирге тоого чыгышыбыз керек, бирок Кыргызстандын бул жааттагы тажрыйбасы мурдагыдан да маанилүү болот.
Чон рахмат.