Пресс-релиз

Кыргыз Республикасы азык-түлүк тутумдарын өнүктүрүү үчүн кызыкдар тараптарды бириктирүүдө

15 ноябрь 2024

ТЕЗ АРАДА ЖАЙЫЛТУУ ҮЧҮН


 

Photo: © WFP

Азык-түлүк тутумдарынын туруктуулугун чыңдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги (Министрлик) азык-түлүк тутумдары боюнча диалог уюштуруп, жеке жана мамлекеттик секторлордун өкүлдөрүн бириктирди. Бул иш-чара БУУнун Азык-түлүк тутумдары боюнча Координациялык борборунун колдоосу менен 2024-жылдын 15-ноябрында Hyatt мейманканасында өттү.

Photo: © WFP

Министрлик, БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсеси, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП), Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен уюштурулган бул форум азык-түлүк тутумдарын трансформациялоо боюнча инклюзивдүү аянтча болуп саналат. Жеке сектордун өкүлдөрү, мамлекеттик кызматкерлер жана башка кызыкдар тараптар Улуттук азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу программасында белгиленген стратегиялык көз карашты талкуулап, 2030-жылга карата туруктуу азык-түлүк тутумдарын өнүктүрүү багытында сөз кылышты. Ошондой эле, диалог пайдалуу тамактануу маселелерин көтөрүп, Министрликтин ачык-айкындуулук саясатын бекемдеди.

Photo: © WFP

Азык-түлүк тутумдары боюнча диалог камсыздоо чынжырынын бардык этаптарында – өндүрүштөн жана кайра иштетүүдөн тарта, сактоо жана сатууга чейинки көйгөйлөрдү аныктоого жана чечүүгө багытталды. Андан тышкары, катышуучулар туруктуу азык-түлүк тутумдарын түзүүдө мамлекет менен ишкерлердин ролун, сапаттуу азык-түлүккө жеткиликтүүлүктү жакшыртуу, калктын саламаттыгын чыңдоо, ошондой эле Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун жана пайдалуу тамактанууну камсыз кылуу боюнча маселелерди талкуулашты.

Photo: © WFP

Бул диалогдун алдында Министрлик аймактарда эки «Агродиалог» уюштуруп, аларга дыйкандар, кайра иштетүү тармагынын өкүлдөрү, илимпоздор жана өндүрүүчүлөр сыяктуу ар башка секторлордун миңден ашуун өкүлдөрү катышкан. Мындай иш-чаралар БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) шайкеш келген айыл чарба тармагынын узак мөөнөттүү максаттарын түзүүдө маанилүү роль ойнойт.

Кыргыз Республикасы 2021-жылы БУУнун азык-түлүк тутумдары боюнча саммитине активдүү катышып, 2030-жылга карата туруктуу азык-түлүк тутумдары боюнча өзүнүн стратегиялык көз карашын сунуштаган. 2023-жылы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы, ЮНИСЕФ жана ФАОнун колдоосу менен Министрлик азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган беш жылдык көп секторлуу программаны иштеп чыккан. Бул программа ар башка министрликтердин жана секторлордун аракеттерин бириктирип, өлкөнүн азык-түлүк тутумдарын өнүктүрүү үчүн комплекстүү жана көп тараптуу иш-аракеттер керек экенин баса белгилейт.

Алмаз Чороев

Алмаз Чороев

ДАТП
Коом жана донорлор менен байланыш боюнча кызматкер

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ФАО
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму
БУУ ТКК
БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсеси
ЮНИСЕФ
Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду
ДАТП
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар