Пресс-релиз

ӨКЖКТ Баткен облусунда жабыр тарткан калктын эң курч муктаждыктарын чечүүгө багытталган иш планын жарыялады

21 октябрь 2022

Бүгүн Өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу боюнча координациялык топтун (ӨКЖКТ) кеңеши Баткен облусунда жабыр тарткан калктын эң курч гуманитардык муктаждыктарын чечүүгө багытталган иш планын жарыялады. Гуманитардык иш план менен теңтөрагалар Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Антье Граве тааныштырды.

Аталган иш план 2022-жылдын сентябрында ӨКЖКТнын калктын гуманитардык муктаждыктарын тез баалоо миссиясынын корутундуларына, ошондой эле башка баалоо жана сектордук анализдерге негизделген. Аталган план адамдардын муктаждыктарына байланышкан төмөнкү гуманитардык багыттарды аныктады: азык-түлүк жардамы; кыш алдында азык-түлүк эмес товарларды, өзгөчө негизги тиричилик буюмдарын жана тиешелүү кийимдерди сатып алуу; гигиеналык жана санитардык буюмдарды сатып алуу; жер которгон калк үчүн убактылуу баш калкалоочу жайларды камсыз кылуу; негизги медициналык жана башка кызматтарды камсыздоо, анын ичинде психологиялык жардам жана юридикалык колдоо.

Иш план үч айлык мөөнөт аралыгында жапа чеккен жарандардын эң кечиктирилгис гуманитардык муктаждыктарын чечүүгө багытталган жана жапа чеккен адамдардын эң аярлуу катмарынын 77,700дөн ашуунун камсыз кылуу үчүн донорлорду 14,7 миллион АКШ долларын каржылоого чакырат.

ӨКЖКТнын Министрлер Кабинети тарабынан теңтөрагасы, Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жүргүзүлүп жаткан гуманитардык аракеттер тууралуу маалымат берип, БУУнун агенттиктерине жана башка эл аралык уюмдарга ушул мезгилге чейин көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. «Баарыбызга белгилүү болгондой, жакында эле Баткен окуясы болуп өттү. Алгачкы күндөрдөн тарта ӨКЖКТнын ӨКМ менен биргелешкен аракеттеринин натыйжасында элибизге ири жардамдар берилди. Гуманитардык жардамдарды берүүдө БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Антье Граве айымдын ыкчам көңүл буруусу өзгөчө роль ойноду. Ошондой эле алдыда кыш айлары жакындагандыктан,  жабырлануучулардын эң аярлуу катмарын камсыздоо милдети турат. Атай кетсем, балдарды билим менен камсыздоо, ким экендигин тастыктоочу документтер менен, жылуу кийимдер, убактылуу жашаганга жылууланган үйлөр жана медициналык камсыздоо, психологиялык, укуктук колдоолорду көрсөтүү сыяктуу бир катар тапшырмалар турат. Ошондуктан ӨКМдин өнөктөштөрүн Баткен элинин турмуш-тиричилигин калыбына келтирүү үчүн жабыркаган элге ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө чакырам», - деп министр өз сөзүндө баса белгилөө менен өнөктөш уюмдарга кайрылды.

ӨКЖКТнын БУУдагы теңтөрайымы, БУУнун Туруктуу координатору Антье Граве өз сөзүндө мындай деп белгиледи: «Биз азыр кыш мезгилинин алдында убакыт менен жарышуудабыз, бул эң көп жабыр тарткан адамдарга дагы бир кошумча кыйнчылык жаратат. Жооп берүү планына ылайык, гуманитардык өнөктөштөргө 77 миңден ашуун адамдын өзгөчө гуманитардык муктаждыктарын чечүү үчүн тез арада каржылоо булактары керек.» Ал жергиликтүү тургундарга коркунуч сезими жок, коопсуздукта жашоого жана тиричилигин кайра жандандырууга мүмкүндүк берүү үчүн ишенимди калыбына келтирүү маанилүүлүгүн баса белгиледи. «Ушуга байланыштуу тараптар диалогду улантып, чечилбеген маселелерди дипломатиялык жол менен гана чечүү маанилүү», - деп өз сөзүн жыйынтыктады.

Өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу боюнча координациялык топ Өзгөчө кырдаалдар министри/министрдин орун басары жана БУУнун Туруктуу координатору тең төрагалык кылган көп тараптуу орган болуп саналат жана бардык улуттук жана эл аралык гуманитардык өнөктөштөр, анын ичинде БУУнун агенттиктери, Кыргызстандын Кызыл жарым ай коому, Кызыл чырымдын эл аралык комитети жана өкмөттүк эмес уюмдар катышат. ӨКЖКТ өзгөчө кырдаалдарда координация жана аларга жооп кайтаруу милдеттенмесин алган. ӨКЖКТ Министрлер Кабинетинин өтүнүчү менен 16-сентябрдан тарта иштей баштады.

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУ ТКК
БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсеси
БУУнун Аялдар түзүмү
Бириккен Улуттар Уюмунун гендердик теңчилик жана аялдар укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү түзүмү
БУУӨП
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы
ЮНФПА
Бириккен Улуттар Уюмунун Калк жайгаштыруу фонду
ЮНИСЕФ
Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду
ДАТП
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар