Оң өзгөрүүлөрдүн заманбап чемпиондору жашаган Маңгыт айылынын баяны
22 сентябрь 2024
Ош облусуна караштуу Араван районунун Маңгыт айылы жан дили менен эмгектенген тургундардын аракети менен бир топ өзгөрдү.
Бул кыймылдын башында турган адам — өзгөрүүнүн чыныгы чемпиону Муктаралы.
Муктаралы жумуш орундарын түзүүгө жана аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган демилге алкагында «Ынтымак» өз ара жардамдашуу тобунун алгачкы мүчөлөрүнүн бири. Ишкердик рухунун өнүгүшүнө өбөлгө түзүлүп, негизинен аялдардан жана жаштардан турган топтун мүчөлөрү окутуулардан өтүп билим алышты.
Муктаралы 40 жылга жакын өмүрлүк жары менен бирге чогуу өнүгүп-өсүү үчүн бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өз салымын да кошуп,«Ынтымак» тобунун көптөгөн ийгиликтерине түрткү болгон. Түгөйлөрдүн аракетинин натыйжасында тигүү цехи, биогумус өндүрүү, картошка жана мөмө-жемиш бактарын өстүрүү сыяктуу бир нече киреше алып келүүчү иштер жасалды. Бул долбоорлор, өзгөчө, вермикомпост өндүрүүдө олуттуу натыйжаларды алып келип, үй-бүлөнүн кирешесин бир топ жогорулатты.
«Биздин биогумус менен байытылган картөшкөнүн биринчи түшүмүн алып, анын даамын татып көргөнүбүздө башкача чыкты. Айырмасы ачык эле көрүнүп турду: мурда 700 килограммдан ашпаган болсок, быйыл 100 кг үрөндөн 1 тонна картөшкө жыйнап алдык. Айылда төрөлүп, өмүр бою айылда жашагандыктан айырманы дароо сездим - даамы абдан сонун экен. Андан сырткары айылыбыздагы социалдык жактан аярлуу үй-бүлөлөргө 500 кг да тараттык», - деп Муктаралы айыл чарбадагы жупуну ийгиликтери менен бөлүшөт.
«Ынтымак» тобунун таасири жергиликтүү жакшыртуу менен чектелбей, Өзбекстандагы коңшу жамаатар менен байланышты чыңдоого жардам берди. Топ Наманган жана Анжиян облустарындагы айылдар менен өнөктөштүк мамилелерди түзүп, айыл чарба тармагында билим алмашууга жана кызматташууга алып келди.
«Биздин Өзбекстандагы өнөктөштөр менен мамилебиз бекемдеди», - дейт Муктаралы. «Бул долбоордун аркасында чек арага жакын жайгашкан айылдарды кыдырып, таанышып, жакшы мамилебизди кармап келе жатабыз».
Мындай чек ара кызматташуусу Маңгыт айылына өрүктүн жакшыртылган сортторун жана башка айыл чарба инновацияларын киргизүүгө өбөлгө түзүп, андан кыргыз жана өзбек дыйкандары тең пайда көрүштү.
Долбоордун демилгеси коомчулуктун гендердик карым-катнашында байкаларлык өзгөрүүлөргө алып келди.
Айылдын мырзалары аялдардын экономикалык өсүшкө кошкон салымын баалай баштап, бул үйдөгү колдоонун жана жоопкерчиликтин бөлүштүрүлүшүнө алып келди. Долбоор үй-бүлөлүк турмуш маселелери боюнча талкууларды жана тренингдерди өткөрүүгө көмөктөшүп, Маңгыт айылындагы үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү дагы да бекемдеди.
Муктаралы белгилегендей: «Аялдарды колдоо жана биргелешип иштөө кыйынчылыктарды жеңип, ийгиликтерге жетишүүгө жардам берет. Эркектер менен аялдар кызматташканда бири-биринин салымын урматтоо сезими пайда болорун билдим. Бизнесте жана үй-бүлөлүк жашоодо чыныгы ийгилик аялдарга карата стереотиптерди бузууга жардам берген жоопкерчиликти жана кызматташууну бөлүшүүдөн келип чыгат».
Муктараланын жубайы тигүү цехин ачып, көп өтпөй сурпа (камыр жайган кездеме) сыяктуу ашкана идиштерин сатуудан айына 20 миң сомдой (234 доллар) киреше ала баштаган. Алардын күтүлбөгөн арыз-талабы жана ийгилиги башка аялдарды тигүү бизнесине шыктандырып, үй чарбаларынын жана бүтүндөй айылдын экономикалык өсүшүнө салым кошкон.
Муктаралы айылдаштары аны Кыргызстандагы өзгөрүүлөрдүн улуу заманбап пионери деп атап алышканын жылмаюу менен белгилейт: «Эл бир максат үчүн бириккенде өзгөрүү болот. Биздин кыргыз жана өзбек коомчулугунун гүлдөп-өсүшүнө болгон умтулуубуз прогресске өбөлгө болду. Ал эми менин ушундай кызматташуунун күчүнө болгон жеке ишенимим Маңгыттын ар бир аялын жана ар бир эркегин оң өзгөрүүлөрдүн заманбап чемпиону кыла алды окшойт».
Муктаралы сыяктуу ачык-айрым адамдардын жетекчилиги жана түшүнүгү менен «Ынтымак» өз ара жардамдашуу тобунун жетишкендиктери коомчулуктун демилгелеринин күчүн көрсөтүүдө.
Чек ара кызматташтыгы жана тынчтык куруудагы туруктуулук элдин жашоо-тиричилигин жана үй-бүлөлүк мамилелерин жакшыртып тим болбостон, алардын коомдук байланыштарын чыңдап, өз айылы үчүн да, бүтүндөй эки өлкө үчүн дагы адилеттүү жана бакубат келечекти курууга жардам берди.
***
Коңшу мамлекеттердин ортосундагы өнөктөштүктү жана кызматташтыкты чыңдоо максатында ишке ашырылып келген «Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара аймактарында кызматташуу аркылуу биргеликте өнүгүү» долбоору Бириккен Улуттар Уюмунун Калк фондунун (ЮНФПА) жана Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) колдоосунда «Эл аралык толеранттуулук үчүн» фонду тарабынан 2,5 жылда ишке ашырылып Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтык куруу фонду тарабынан каржыланып келди.
Долбоордун алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара аймактарынын тургундары арасынан 340 айымдар жана жаштар катышып келген 45 өз ара жардамдашуу тобу түзүлгөн. Топторду түзүүнүн негизги максаты – жамааттардагы аялдарга колдоо көрсөтүү жана аларды экономикалык жактан бекемдөө, коомдогу социалдык-экономикалык жашоону чыңдоо болду. Өз ара жардамдашуу топторунун мүчөлөрүнүн дараметин жогорулатуу максаты менен 36 бизнес долбоор техникалык колдоого алынган.