Пресс-релиз

Азык-түлүк системалары боюнча саммит: Глобалдык күн тартиби Кыргыз Республикасында

15 июнь 2021

Кыргыз Республикасында, Азык-түлүк системалары боюнча саммиттин алкагында азык-түлүк коопсуздугу, айыл чарба тармагындагы инновациялык чечимдер, жашыл экономика жана климаттын өзгөрүшүнө ийкемделүү маселелери боюнча алты диалогдон турган иш-чаралардын тобу өткөрүлөт.

2021-жылдын март айынын башында Кыргыз Республикасы БУУнун штаб-квартирасы тарабынан уюштурулган 2021-жылкы Азык-түлүк системалары боюнча глобалдык саммитке катышаарын тастыктаган. Саммит азык-түлүк системаларын кайра жакшыртып түзүү боюнча жаңы чечкиндүү иш-чараларды жүзөгө ашыруу, инновациялык чечимдерди кабыл алуу үчүн аянтча түзүүгө жана дүйнө жүзү боюнча бул пландарды жүзөгө ашырып, Туруктуу Өнүгүү Максаттарында (ТӨМ) көрсөтүлгөн бардык милдет жана максаттарга жетишүүдө прогрессти камсыз кылуу үчүн пайдаланууга багытталган.

Саммит учурда колдонулуп келген дүйнөдөгү азык-түлүктү өндүрүү моделин, азык-түлүктү керектөөнү жана ага болгон мамилени өзгөртүү үчүн биргелешип аракеттенүү керек экендигине дүйнө коомчулугунун көзүн ачууга багытталган. Бул Саммит биринчи кезекте социалдык жана этникалык ата тегине карабастан бардык адамдарга арналган, бул чыныгы элдик саммит. Бул ошондой эле дүйнөдөгү азык-түлүк системаларын өзгөртүү үчүн ар бирибизден чечкиндүү аракеттерди талап кыла турган "чечимдердин саммити".

Кыргыз Республикасы үчүн азык-түлүк коопсуздугу темасы жана анын курамындагы бардык бөлүктөр, анын ичинде азык-түлүк менен камсыздоо чынжырчасы - өстүрүүдөн керектөөчүгө чейин, актуалдуу жана приоритеттүү маселелердин бири болуп саналат. (Маалымдама* 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу прграммасын» бекиткен).

Дүйнөлүк аянтчада өз жыйынтыктары менен бөлүшүүгө, тажрыйба жана билим мнен алмашууга каалоосун билдирүү менен, Кыргыз Республикасы өлкө деңгээлинде алты диалогдон турган иш-чаралардын тобун өткөрүү боюнча милдеттенме, алардын натыйжалары жалпы өлкөлүк отчеттун бир бөлүгү болуп, БУУнун штаб-квартирасына берилет.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Азамат Фелкисович Мукашев диалогдордун улуттук координатору болуп дайындалды.

Министрликке улуттук жана көзкарандысыз диалогдорду уюштурууда БУУнун Кыргыз Республикасындагы системасынын Туруктуу координаторунун кеңсесинин жетекчилигинин астында БУУнун Дүйнөлүк Азык-түлүк Программасы (БУУ ДАТП), БУУнун Эл аралык Айыл чарбасын Өнүктүрүү Фонду (ИФАД) жана БУУнун Азык-түлүк жана Айыл чарба Уюму (ФАО) колдоо көрсөтүп жатат.

Айыл чарба министрлиги үч улуттук диалогду, алардын экөөсү облус аралык, "Инновациялык чечимдерди, жашыл экономиканы жайылтуу жана климаттын өзгөрүшүнө ийкемделүү аркылуу Кыргыз Республикасында туруктуу азык түлүк системасын түзүү" деген темада Ош жана Бишкек шаарларында өткөрөт. Үчүнчү диалог облустар аралык диалогдордун жыйынтыктарын жана мамлекеттин азык түлүк коопсуздугун чыңдоого арналган чечимдерди талкуулоого багытталган жогорку деңгээлдеги акыркы иш-чара болуп, Улуттук диалогдордун жыйынтыктары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кароосуна сунушталат.

Саммиттин бардык катышуучуларынын пикирлерин жана сунуштарын толук алуу үчүн, улуттук диалогдордон тышкары ишкерлердин, илимий чөйрөлөрдүн жана жаштардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен үч көзкарандысыз диалог өткөрүү пландаштырылууда.

Пландалган иш-чаралар 2021-жылдын июнь айында өтүп, азык-түлүк коопсуздугуна жана Туруктуу Өнүгүү Максаттарына (ТӨМ) жетүү боюнча жаңы жана чечкиндүү аракеттердин башталышына түрткү болот.

Маалымдама

2019-жылдын 16-октябрында белгиленген Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк күнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш 2021-жылы азык-түлүк системалары боюнча саммит өткөрүүгө чакырган. Саммит БУУнун Римде жайгашкан үч агенттигинин: Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун, Эл аралык Айыл чарбасын Өнүктүрүү Фондунун жана Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жетекчилери менен 2019-жылдын июль айында өткөн Жогорку деңгээлдеги саясий форумда болгон талкуудан кийин жарыяланган.

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ФАО
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму
ИФАД
Эл аралык айыл чарба өнүктүрүү фонду
БУУ ТКК
БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсеси
ДАТП
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар