Пресс-релиз

Глобалдык Экологиялык Фонддун (ГЭФ) Чакан Гранттар Программасынын Улуттук Координациялык Комитетине мүчөлүккө талапкерлердин сынагы

30 август 2024

Өтүнмөлөрдү кабыл алуунун акыркы мөөнөтү: 18-сентябрь, 2024-жыл

 

ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ

1992-жылы Рио-де-Жанейро шаарында өткөн БУУнун  айлана-чөйрө жана туруктуу өнүгүү боюнча “Жер Саммити” конференциясы өткөрүлгөн жылы негизделген ГЭФтин Чакан Гранттар Программасы (ГЭФ ЧГП) “глобалдык деңгээлде ойлон, жергиликтүү деңгээлде аракеттен” принциби боюнча туруктуу өнүгүүнүн маңызын чагылдырат. Айлана-чөйрөнү сактоого жана калыбына келтирүүгө, ошол эле учурда калктын жашоо деңгээлин жана сапатын жогорулатууга багытталган долбоорлорго финансылык жана техникалык колдоо көрсөтүү аркылуу, ГЭФ ЧГПсы өзүнүн ишмердүүлүгүндө жергиликтүү калк айлана-чөйрөгө зыян келтирбестен, өз муктаждыктарын канааттандыра ала тургандыгын ачык көрсөтүп турат. ГЭФ ЧГП - бул ГЭФ өнөктөштөрүнүн атынан БУУӨП тарабынан ишке ашырылып жаткан ГЭФтин глобалдуу долбоору. 

Программа жергиликтүү жамааттар, анын ичинде бейөкмөт уюмдар, коомчулуктар жана башка коомдук уюмдар тарабынан түздөн-түз ишке ашырылган чакан долбоорлорго 50 миң АКШ долларына чейин гранттык колдоо көрсөтөт. Бул долбоорлор биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, климаттын өзгөрүшү, жердин деградациясын алдын алуу жана токойлорду туруктуу башкаруу, эл аралык суулардын сапатын коргоо, химиялык жана тиричилик калдыктарын башкаруу сыяктуу тематикалык приоритеттерге багытталган.

ГЭФ ЧГП өлкөнүн муктаждыктарына негизделген децентралдаштырылган ыкманы колдонот. Ар бир катышуучу өлкөдө Программа БУУӨПтүн административдик колдоосу менен Улуттук координатор (УК) жана Улуттук координациялык комитет (УКК) тарабынан ишке ашырылат. УКК коомдук уюмдардын өкүлдөрү көпчүлүктү түзгөн шартта, мүчөлөрү ыктыярдуу негизде иштеген жана бейөкмөт уюмдардын, академиялык жана илимий мекемелердин, башка коомдук уюмдардын, ошондой эле БУУӨПтүн жана мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрүнөн турган мүчөлөрдөн турат. УКК өлкөдөгү Программанын жалпы жана стратегиялык багыттарын аныктайт, ошондой эле Программанын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча стратегияларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышат.

8-Операциялык Фазанын башталышына байланыштуу, Кыргызстандагы ГЭФ ЧГП Программасы жергиликтүү жана улуттук деңгээлде айлана-чөйрөнү коргоо жана калыбына келтирүү жаатында кеңири билимге жана тажрыйбага ээ, Программанын идеяларына бекем ишенген жана калыс адамдарды Улуттук координациялык комитеттин курамындагы 3 бош орунду толтуруу үчүн адистерди тандап алууда.

 

УКК МҮЧӨЛӨРҮНҮН РОЛДОРУ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ

УКК ГЭФ ЧГПнын борбордук элементи болуп саналат, ал стратегиялык башкарууну ишке ашырат жана Программаны ишке ашыруунун мазмундуу бөлүгүнө, УК менен координациялоодо салым кошот. УККнын жоопкерчилигине ГЭФ ЧГПнын стратегиялык максаттарына ылайык гранттык колдоо үчүн долбоорлорду кароо, тандоо жана бекитүү, ошондой эле алардын техникалык жана мазмундук сапатын камсыз кылуу кирет. ГЭФ ЧГПнын Улуттук координатору менен кызматташтыкта, УКК Программанын Өлкөлүк стратегиясын иштеп чыгууга, Долбоордук документке жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча улуттук приоритеттерге ылайык салым кошот, ошондой эле Программанын өлкөдөгү ийгиликтерине мониторинг жана баалоо жүргүзөт. Ошондой эле, УКК мүчөлөрү Программаны ишке ашыруу үчүн кошумча ресурстарды тартууга жана ГЭФ ЧГПнын тажрыйбасын жана жетишкендиктерин улуттук өнүгүү пландарын жана ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгууда активдүү илгерилетүүгө көмөктөшөт деп күтүлүүдө.

УККнын негизги функцияларына жана милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

  • Программанын Өлкөлүк Стратегиясын иштеп чыгууга, бекитүүгө, мезгил-мезгили менен кайра карап чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;
  • Программанын туруктуулугун камсыз кылуу механизмдерин түзүү;
  • Улуттук координатор тарабынан алдын ала текшерилген жана белгиленген критерийлерге жана процедураларга ылайык ГЭФ ЧГПдан бейөкмөт уюмдар жана коомдук уюмдар тарабынан сунушталган долбоордук сунуштарды кароо жана бекитүү;
  • Зарыл болгон учурда бекитилген долбоорлордун ишке ашырылышын мониторингдөө;
  • Зарыл болгон учурда долбоорлорду мониторингдөө жана баалоо жыйынтыктарынын негизинде гранттык долбоорлорго өзгөртүүлөрдү макулдашуу, ошондой эле гранттык келишимдерди бузуу;
  • ГЭФ ЧГП долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кошумча ресурстарды тартууга, ошондой эле өлкөдө Программаны ишке ашырууга жалпы жардам көрсөтүү;
  • ГЭФ ЧГПга жана анын долбоорлоруна ГЭФ ЧГПнын тажрыйбасын жана жетишкендиктерин улуттук өнүгүү пландарын жана ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгууда активдүү илгерилетүүгө жардам көрсөтүү;
  • Өз байланыштары жана топтук тармактары аркылуу ГЭФ ЧГПнын ишмердүүлүгү жана жетишкендиктери жөнүндө маалымдоо аркылуу коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу.

УКК ГЭФ ЧГПнын гранттык долбоорлорунун мазмуну, ошондой эле грант алуучулардын административдик жана каржылык потенциалы боюнча сапатын максималдуу камсыз кылууга аракет кылышы керек. УКК мүчөлөрүнүн долбоорлор ишке ашырылып жаткан жерлерге талаа сапарларына катышуусу, ошондой эле Программанын мониторинг жана баалоо ишмердүүлүгүнө катышуусу кубатталат.

УКК мүчөлөрүнүн иштөө мөөнөтү 3 жыл менен чектелет. Бирок, ишенимдүү негиздеме болгон учурда, бул мөөнөт дагы 3 жылга узартылышы мүмкүн.

Маанилүү эскертүү! УККнын объективдүүлүгү, ачыктыгы жана ага болгон ишеним деңгээли Программанын ийгилигине жетишүү жана өнөктөштөр менен мамилелерди сактоо үчүн негизги фактор болуп саналат. Адатта, Программа УККнын бир же бир нече мүчөлөрү менен тыгыз байланышта болгон уюмдардын долбоордук сунуштарын карай албайт.

ГЭФ ЧГП УККнын мүчөлөрүнө анын ишине катышкандыгы үчүн эч кандай материалдык сыйлык бербейт. Бирок ошол эле учурда, долбоорлор ишке ашырылып жаткан жерлерге баруу жана УККнын жыйындарына катышуу үчүн бардык транспорттук чыгымдар Программанын операциялык бюджетинин эсебинен жабылат.

 

УКК МҮЧӨЛӨРҮН ТАНДОО КРИТЕРИЙЛЕРИ

УККнын мүчөлөрүн тандоодо төмөнкү критерийлер колдонулат:

  • Улуттук жана жергиликтүү деңгээлде айлана-чөйрөнү коргоо жана калыбына келтирүү боюнча практикалык тажрыйба жана/же терең билим;
  • Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, климаттын өзгөрүшү, жердин деградациясын алдын алуу жана токойлорду туруктуу башкаруу, эл аралык суулардын сапатын коргоо жана/же химиялык жана тиричилик калдыктарын башкаруу сыяктуу ГЭФтин тематикалык приоритеттери боюнча мазмундуу билим;
  • Жарандык коомдун же академиялык жана илимий мекемелердин кызыкчылыктарын көрсөтүү;
  • Жергиликтүү жамааттар жана жарандык коом уюмдары менен алардын кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын жетиштүү түрдө көрсөтүү үчүн иштөө тажрыйбасы;
  • Кыргыз Республикасынын жарандыгы;
  • Долбоорлорду иштеп чыгуу жана/же ишке ашыруу боюнча практикалык тажрыйба;
  • Долбоорлорду демилгелөө жана ишке ашыруу боюнча аялдардын, жаштардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын жана/же жергиликтүү тургундардын катышуусун камсыз кылуу тажрыйбасы.

Тандоо учурунда өлкөнүн аймактарынын, жаштардын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын өкүлчүлүгү, ошондой эле эркектер менен аялдардын тең өкүлчүлүгү эске алынат. УКК мүчөлөрүнүн тажрыйбасы жана билими эске алынып, мүмкүн болушунча ГЭФтин бардык тематикалык приоритеттери УККда да көрсөтүлүшү керек. Программанын Өлкөлүк стратегиясынын 8-Операциялык Фазага карата географиялык приоритеттерин эске алуу менен, тандалган УКК мүчөлөрүнүн кеминде бири Баткен жана/же Ош облустарын өкүлчүлүк кылат деп күтүлүүдө.

 

ӨТҮНМӨ БЕРҮҮ ТАРТИБИ

Бардык кызыкдар талапкерлер өздөрүнүн резюмесин сунуштоочуларды көрсөтүү менен жана талапкердин тандоо критерийлерине шайкештигин кыскача сүрөттөгөн коштомо катты irina.talkambaeva@undp.org  электрондук почтасына 2024-жылдын 18-сентябры, саат 17:00гө чейин жөнөтүшү керек.

УККнын мүчөлөрүн тандоо БУУӨП менен макулдашылып жүргүзүлөт. Тандалган УКК мүчөлөрү ГЭФ ЧГПнын Глобалдык менеджери тарабынан жактырылышы керек.

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУӨП
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар