2024-ж. Улуттук өнүктүрүү форуму: «Адамдык капитал жана туруктуу өнүгүү»
04 ноябрь 2024
ТЕЗ АРАДА ЖАЙЫЛТУУ ҮЧҮН
Быйыл БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, Азия өнүктүрүү банкы жана Дүйнөлүк банктын колдоосу менен Президенттин Администрациясы жана Стратегиялык демилгелер улуттук институту тарабынан уюштурулган «Адамдык капитал жана туруктуу өнүгүү» Улуттук өнүктүрүү форумуна өкмөт, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, жарандык коом, бизнес жана илимий чөйрө, ошондой эле Кыргызстандын өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрүнун ичинен 170ке жакын катышуучу катышты.
«Биздин аракеттерибиздин өзөгүн адамдык капитал түзөт. Билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык камсыздоо тармагына жумшалган инвестиция – бул күчтүү жана эгемендүү мамлекеттин пайдубалы», — жыйындын ачылышында премьер-министр Акылбек Жапаров деди. Жапаров «Кыргызстан эмгекке жана коомдук турмушка инклюзивдүү катышууну колдоого жана аялдардын, майыптардын жана башка азыраак өкүлчүлүк кылынбаган топтордун экономикалык ишмердүүлүккө катышуусун кубаттаган саясатты ишке ашырууга умтулуусун» баса белгиледи. Кыргызстандын өкмөтү керектүү эмгек шарттарын камсыз кылуу үчүн мыйзамдык базаны өркүндөтүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.
БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Антье Граве адамдарга багытталган мамиленин маанилүүлүгүн баса белгиледи: «Экономикалык жана социалдык саясаттын борборуна адамдарды жайгаштыруу Кыргызстан үчүн учурдагы экономикалык өсүшкө таянуу менен өзүнүн потенциалын толук ишке ашыруу үчүн абдан маанилүү болот». Граве айым андан ары: «Адамдык капитал – адамдар өмүр бою ээ болгон көндүмдөр, ден соолук жана билимдер – туруктуу өнүгүүнүн негизи болуп саналат», – деп белгиледи.
Быйыл Улуттук өнүктүрүү форуму 4-ноябрда Бишкектеги «Хаятт» мейманканасында өттү. Форум келерки жылга карата өкмөттүн адамдык өнүгүү саясатынын пайдубалын түптөп, бардык эл аралык өнөктөштөр жана адамдык өнүгүү боюнча башка кызыкдар тараптар менен координациялоону жеңилдетет.
Спикерлердин арасында вице-премьер-министр Эдил Байсалов, министрлер Жылдыз Полотова, Догдуркүл Кендирбаева жана Данияр Амангелдиев, Азия өнүктүрүү банкынын вице-президенти Йингмин Янг; Дүйнөлүк банктын адамдык өнүгүү боюнча аймактык директору Михал Рутковски; Кытайдын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ду Дэвэнь; АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери болду. Форумдун программасына ошондой эле «Адамдык капитал: убакыттын талабына ылайык сапат», «Потенциалды ачуу: кадамдык капиталды өнүктүрүү үчүн жөндөмдөр жана билим» жана «Күчтүү адамдык капитал үчүн дени сак улут» сессиялары камтылган.
***
Маалымат алуу үчүн:
Жибек Абылбекова, крммуниация боюнча адиси, БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координаторунун офиси: zhibek.abylbekova@un.org, +996770979703.