Пресс-релиз

Ош шаары Дүйнөлүк азык-түлүк күнүн майрамдады: "Биздин аракет - биздин келечек"

17 октябрь 2021

Ош, Кыргызстан - 16-октябрда Дүйнөлүк азык-түлүк күнүнө карата Ош шаарынын Алымбек Датка аянтында жергиликтүү дыйкандардын органикалык продукцияларын сунуштаган айыл чарба жарманкеси өттү.

DSC04944

Айыл чарба жарманкесинде Ош шаарынын тургундары жергиликтүү шартта өндүрүлгөн товарларды сатып алууга мүмкүнчүлүк алышты. Ошондой эле, жарманкенин жүрүшүндө жарандарга туура тамактануу боюнча эксперттен кеңеш берилди.

«КОВИД-19 агрардык азык-түлүк тутумдарынын алсыздыгын ачык көрсөткөнгө чейин эле, дүйнө жүзү боюнча жүз миллиондогон адамдар ачарчылыктан жапа чегип келишкен. Дүйнөдө жетиштүү азык-түлүк өндүрүлгөнү менен, ачарчылыкка туш болгондордун саны өткөн жылы 811 миллионго чейин көбөйдү. Бул мүмкүн эмес жана кабыл алынгыс, - деди Кыргыз Республикасындагы Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун өкүлү Аднан Куреши. - Ошол эле учурда биз өндүргөн азык-түлүктүн 14 пайызы жоготууларга учурайт жана 17 пайызы ысырап болот. Муну зыянкечтер менен илдеттер, табигый кырсыктар, биоартүрдүүлүктүн жоголушу, айлана-чөйрөсүнүн бузулушу жана конфликт сыяктуу башка соккулар менен айкалыштырып көрүңүз. Ошондо кандай кыйынчылыктарга туш болоорубузду аңдайсыздар».

DSC04453

Дүйнөлүк азык-түлүк күнү тамак-аш жана азык-түлүк коопсуздугу маселелери боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатты. БУУнун агенттиктери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен бирге, дыйкандарга колдооого гана көрсөтпөстөн, айыл чарба өндүрүшүн кеңейтүү үчүн жарманке уюштурушту. Бул иш-чара өлкөнүн бардык аймактарынан дыйкандарды, анын ичинде эркектер, аялдар жана жаш өндүрүүчүлөрдү бириктирди. Айыл чарба Кыргыз Республикасындагы иш менен камсыз кылган негизги тармактардын бири жана анда  гендердик бөлүнүүгө орун жок. Жарманке коомчулуктун натыйжалуу, инклюзивдүү жана туруктуу азык-түлүк тутумдарына өтүүсүнө көңүлүн бурду.

DSC04639

«БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы 2020-жылдын Нобель тынчтык сыйлыгынын ээси жана дүйнөдөгү эң ири гуманитардык уюм катары климаттын өзгөрүүсү жана КОВИД-19 пандемиясы сыяктуу экономикалык жана социалдык соккулардын терс таасирин азайтуу, ошондой эле туруктуулук, бакубаттуулук жана өнүгүүгө өбөлгө болуу үчүн өкмөт жана өнөктөштөрү менен тыгыз иш жүргүзүп келет. Биз жөн гана азык-түлүк таратпастан, коомчулуктун азык-түлүк муктаждыктарын өз алдынча канааттандыруу үчүн мүмкүнчүлүк түзөбүз. Биздин иш-аракеттерибиз - сиздин келечегиңиз», - деди Майкл Хаггинс, Кыргыз Республикасындагы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын директордун убактылуу милдетин аткаруучусу.

DSC04751

Жыл сайын 16-октябрда белгиленип келген Дүйнөлүк азык-түлүк күнү 1979-жылы дүйнөдөгү азык-түлүк көйгөйлөрү тууралуу калкты маалымдоо үчүн жарыяланган. Биринчи жолу дүйнө өлкөлөрү планетадан ачарчылыкты жоюу жана калкты азыктандыра турган туруктуу айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн шарт түзүү зарылдыгын эң маанилүү милдеттердин бири катары кабыл алышкан.

DSC05129

Алмаз Чороев

Алмаз Чороев

ДАТП
Коом жана донорлор менен байланыш боюнча кызматкер

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ФАО
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму
ИФАД
Эл аралык айыл чарба өнүктүрүү фонду
БУУӨП
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы
ДАТП
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар