Пресс-релиз

“Өнүгүүдө эмне иштейт?”: Бишкекте Борбор Азиялык форум өттү

18 январь 2022

18-январда Бишкекте БУУнун Аялдар түзүмү жана International Alert уюмдары тарабынан уюштурулган “Өнүгүүдө эмне иштейт?” аталган Борбор Азиялык форуму өттү. Эл аралык уюмдардын, жеке сектордун, жарандык коомдун, массалык маалымат каражаттарынын, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эксперттер сексуалдык жана гендердик зомбулуктун алдын алууну, аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү жана өнүгүүдөгү инсандык өсүштүн ролун талкуулашты.

CAM25935

«Инсандын калыптанышы, өзгөчө аялдарга жана кыздарга карата үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук жана коомдогу өнүгүүнүн ортосунда себеп-кесепеттик байланышты байкоого болот. Андыктан жеке өсүүнү камсыз кылуу аркылуу бул көйгөйлөрдү чечүүдө чындап эмне иштөөрүн талкуулоо маанилүү”, – дейт International Alert уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Шакират Токтосунова.

CAM25949

Форум өнөктөштөрдүн өз билимдери жана тажрыйбалары менен бөлүшүп, аялдардын, кыздардын укуктарын жана гендердик теңчиликти алга жылдырууну тездетүү үчүн тажрыйба алмашуу иш-чараларынын сериясын жыйынтыктайт. Бул темалар кантип гендердик зомбулуктун алдын алат жана коомду бириктире алат деген негизги суроо коюлду.

CAM25926

«Гендердик зомбулуктун алдын алуу, аялдардын укуктарын кеңейтүү жана алардын инсандык өсүшүн камсыз кылуу коомдо гендердик теңчиликти орнотуунун маанилүү багыттары болуп саналат. Мына ушул темаларды биз форумда талкуулап, тажрыйба бөлүшөбүз», – дейт БУУнун Аялдар түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлү Улзийсурен Жамсран.

Форумга министрликтердин өкүлдөрү, белгилүү ишкерлер, активисттер жана эксперттер катышып, алар өз тажрыйбасынын негизинде аймакта иш жүзүндө жыйынтык алып келген ыкмалар менен бөлүштү. Тарыхчылар, теологдор, академиктер да коомдук биримдикти камсыздоо маселеси боюнча сөз сүйлөштү.

CAM26227

The forum is organized by the independent international organization for peacebuilding and conflict prevention "International Alert", which has been operating in the Kyrgyz Republic since 2010, as well as the UN Women in Kyrgyzstan, whose activities are dedicated to the fight for gender equality and the empowerment of women.

Белгилей кетсек, форум Кыргыз Республикасында 2010-жылдан бери иштеп келе жаткан көз карандысыз эл аралык тынчтык орнотуу жана чыр-чатактарды алдын алуу боюнча International Alert уюму жана ошондой эле ишмердүүлүгү гендердик теңчилик үчүн күрөшкө арналган БУУнун Аялдар түзүмү тарабынан уюштурулган.

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылыңыз:

  • Айсулуу Кожомкулова, Байланыштар боюнча консультант; 0555662228, isul.kozhomkulova@gmail.com.

Иш-чарадан СҮРӨТТӨР.  

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУнун Аялдар түзүмү
Бириккен Улуттар Уюмунун гендердик теңчилик жана аялдар укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү түзүмү

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар