Пресс-релиз

БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен Ислам өнүктүрүү банкынын аймактык хабы кызматташтыкты бекемдөө маселесин талкуулашат

12 май 2022

2022-жылдын 12-майында Нур-Султан шаарына болгон эки күндүк иш сапардын алкагында БУУнун Туруктуу координатору Озонниа Ожиело жетектеген БУУнун өлкөлүк тобу Ислам өнүктүрүү банкынын (ИсӨБ) Казакстандагы регионалдык хабынын жетекчиси Ибрагим Шукри жана анын командасы менен жолугушту. БУУнун өлкөлүк тобу жана Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлү стратегиялык кызматташтыкты жана ишке ашырылып жаткан долбоорлорду талкуулашты, ошондой эле алардын туруктуулугун жогорулатуу үчүн долбоор идеяларын кийинки деңгээлге көтөрүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашышты.

4N2A0785

ИсӨБнын өкүлү Ибрагим Шукри банктын ишмердүүлүгү, анын ичинде ишке ашырылып жаткан биргелешкен долбоорлор, чөлкөмдөгү жана Кыргыз Республикасындагы артыкчылыктуу багыттар жөнүндө кыскача маалымат берди жана энергетика, суу жана айыл чарба, социалдык сектор (саламаттык сактоо жана билим берүү) тармактарында кызматташуу боюнча алгачкы идеяларды сунуштады.

4N2A0796

Энергетика тармагындагы потенциалдуу долбоорлор күн энергиясын колдонуу жана ресурстарды мобилизациялоону камтыйт. Суу жана айыл чарба тармагына келсек, тараптар Жалал-Абаддын, Баткендин жана Таластын айыл жерлеринде канализация жана санитария системасын жакшыртуу, калктын аялуу катмарын – аялдарды жана балдарды - колдоо маалымат иштерин күчөтүү зарылдыгын талкуулашты. ИсӨБ өкүлү БУУнун агенттиктери менен өлкөдө үрөн менен камсыз кылуунун жакшыртылган системасын куруу долбоорун иштеп чыгуу, ошондой эле айыл чарбасын колдоо кызматтарын санариптештирүү, айылдык же чакан жана орто бизнести каржылоо программаларын өнүктүрүү аркылуу финансылык инклюзивдүүлүккө көмөктөшүү, жеткиликтүү турак-жайды колдоо боюнча мындан аркы иштешүүнү сунуштады. Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу/климаттык коркунучтар, аялуу аймактардагы жаштарды кесиптик окутуу, социалдык коргоо программасы (микрокаржылоо жана даректүү системалар) боюнча биргелешкен иш-чаралар да кеңири талкууланды.

Социалдык сектор боюнча ИсӨБ өкүлү саламаттыкты сактоо мекемелеринин сапаттуу кызматтарды көрсөтүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга багытталган долбоорлорго даярдыктар тууралуу маалымат берди.

4N2A0806

БУУнун Туруктуу координатору Озонниа Ожиело туруктуулуктун, тынчтыктын бекемделишине жана күчтүү экономиканын калыптанышы үчүн жана чыгымдарды бөлүшүү жана трансформациялык демилгелер үчүн импульс түзүү үчүн кызыкдар тараптардын кеңири тобун, өзгөчө суб-аймактык деңгээлде, тартуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. БУУнун Туруктуу Координатору көбүрөөк таасирге жетүүнү камсыз кылууда жалпы БУУ акенттиктеринин салыштырмалуу артыкчылыктарынын бири-бирин толукташын баса белгиледи. Озонниа Ожиело БУУ тутумунун бардык активдерин пайдалануу менен кызматташуунун конкреттүү багыттарына сунушталган идеяларды иштеп чыгуу үчүн тапшырма тобун түзүүнү сунуштады жана тараптар талкууланган идеяларды ишке ашыруу үчүн сүйлөшүүлөрдү улантууга макул болушту.

4N2A0831

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ФАО
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму
БУУ ТКК
БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсеси
ЮНЭЙДС
АИВ/ЖИКС боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун бириктирилген программасы
ЮНФПА
Бириккен Улуттар Уюмунун Калк жайгаштыруу фонду
БУУ КЖКБ
Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы
ЮНИСЕФ
Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду
ДАТП
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы

Бул демилгеге катышкан башка түзүмдөр

ABAAD
Resource Center for Gender Equality

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар