Урматтуу министрлер жана депутаттар!
Урматтуу Лидер аялдар!
Урматтуу катышуучулар!
Күн нуруна бөлөнүп турган кооз Нарын шаарынан сиздерге ыссык салам. Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан бул маанилүү Улуттук диалог форумунда бүгүн сиздер менен бирге болушумду каалайм. Бул форумда министрлер, депутаттар жана ар тармактардан келген аял лидерлер чогулуп турат. Ачык жана инклюзивдик диалогдун бул уникалдуу форматы өкмөт менен парламенттин Кыргызстандагы аялдар менен кыздардын укуктарын илгерилетүүгө умтулуусун көрсөтөт. Бул ошондой эле туруктуу өнүгүүнү алдыга жылдырууда аялдардын жана лидер аялдардын маанилүү ролун таануунун мисалы болуп саналат.
Министрлер кабинети жана Жогорку Кеңеш менен кызматташуу боюнча сунуштарды иштеп чыгууда талыкпай эмгектенген, бүгүн бул жерде отурган бардык аялдарга да ыраазычылыгымды билдиргим келет. Сиздин аракеттериңиз чечимдерди кабыл алуу процессинде көбүнчө четте калган жүз миңдеген аялдардын укуктарын ишке ашыруу үчүн маанилүү. Аялдардын жана кыздардын саясий, коомдук, экономикалык, социалдык жана маданий чөйрөлөрдө, өзгөчө алардын жашоосуна жана Кыргызстандын келечегине таасир этүүчү бардык чечимдерди кабыл алуу процесстерине маңыздуу катышуусу – бул негизги принцип, ансыз бир дагы коом бейпил турмушту, туруктуу плюралисттик жана демократиялык коомду кура албайт.
Гендердик теңдик жана аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү 2030-жылга чейинки Күн тартибине жетишүүнүн негизги принциптери болуп саналат. Бул принцип “эч кимди артта калтырбоо”, “адам укуктарына негизделген мамиле” сыяктуу башка принциптер менен катары аялдардын коомдогу ролун жогорулатуу үчүн гана эмес, бүтүндөй өлкөнүн өнүгүүсү үчүн да күнүмдүк турмушта чечүүчү мааниге ээ. Бул БУУнун Аялдарга каршы дискриминацияны жок кылуу боюнча комитети (CEDAW) тарабынан да таанылган. Ал өзүнүн 2021-жылдагы Корутунду сунуштарында Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн гендердик теңчиликти жана дискриминацияны болтурбоону ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, мамлекеттерди аялдарды туруктуу өнүгүүнүн кыймылдаткычтары катары таанууга жана бул жаатта тиешелүү саясатты жана стратегияларды кабыл алууга үндөдү. Бул ого бетер маанилүү болуп калды, анткени Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдөгү прогресске глобалдык деңгээлде да, Кыргызстанда да климаттын өзгөрүшү менен курчуган акыркы үч жылдагы ар кандай глобалдык кризистер олуттуу таасир эткен.
Мен бардык социалдык, курактык, географиялык, этникалык жана диний тектеги аялдардын жана кыздардын укуктарын урматтоо, коргоо жана аткаруу зарылдыгына өзгөчө басым жасоонун маанилүүлүгүн баса белгилей алам. Ошондой эле 2020-жылдын Универсалдык мезгилдүү кароо сунуштарында баса белгиленген.
Ошондутан, аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоодо жана алардын өнүгүүгө салымын камсыз кылууда чечим кабыл алуучулар үчүн башка маанилүү өнөктөштөр - көз карандысыз, эффективдүү жана калыс Адам укуктары боюнча улуттук институттар, Кыргыз Республикасындагы Акыйкатчы институту (Акыйкатчы) жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор болуп саналат. Өлкөдө адам укуктарынын өнүгүшүнө объективдүү жана көз карандысыз баа берүү жана системалуу көйгөйлөргө, ошондой эле аялдар менен кыздардын укуктарын бузуунун айрым учурларына жооп кайтарган күчтүү улуттук укук коргоо институттарынын бар экендиги Туруктуу өнүгүү максаттарына, анын ичинде гендердик теңчиликке жетишүүнүн маанилүү шарты.
Жыйынтыктап айтканда, бүгүнкү диалог Жогорку Кеңештин депутаттарынын, Министрлер Кабинетинин жана лидер аялдардын үзгүлтүксүз өз ара аракеттенүүсүнүн жана жемиштүү кызматташуусунун башталышы гана экендигине ишеним билдиргим келет. Конкреттүү иш-аракеттерге алып келет деп үмүт кылган мындай диалог өлкөдөгү гендердик теңдикти жана аялдардын укуктарын кеңейтүүдө баа жеткис мааниге ээ.
БУУнун Кыргызстандагы үюмдары мындай демилгелерди мындан ары да колдоого жана аялдар жана лидер айымдар, Министрлер кабинети, Жогорку Кеңеш жана башка органдар менен, мисалы, адам укуктары боюнча иштеп жаткан Улуттук институттар менен бардык аялдардын жана кыздардын укуктарын ишке ашырууну, эч кандай дискриминациясыз камсыз кылууну жана Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошууга мүмкүнчүлүк түзүңүу улантууга ниеттенүүдө.
Баарыңыздарга конструктивдүү талкууларды каалайм жана келечекте сиздер менен иштешүүнү чыдамсыздык менен күтөм.
Чон рахмат!