Пресс-релиз

БУУнун Баш катчысынын Басма сөз эркиндигинин бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата кайрылуусу

03 май 2023

Отуз жылдан бери Басма сөз эркиндигинин бүткүл дүйнөлүк күнүндө эл аралык коомчулук журналисттер менен медиа кызматкерлердин эмгегин белгилеп келет.

Бул күн жөнөкөй чындыкты эске салат: биздин бардык эркиндигибиз басма сөз эркиндигинен көз каранды.

Басма сөз эркиндиги – демократиянын жана адилеттүүлүктүн негизи. Бул баарыбызга пикирлерди калыптандыруу жана бийликке чындыкты айтуу үчүн зарыл болгон фактыларды берет. Ал эми быйылкы жылдын темасы бизге эскерткендей, басма сөз эркиндиги адам укуктарынын өзөгү болуп саналат.

Бирок дүйнөнүн бардык булуң-бурчунда басма сөз эркиндигине сокку урулууда.

Чындыкка жалган маалымат жана кастык сөздөрү коркунуч туудурууда. Алар факты менен ойдон чыгарылган маалыматтын, илим менен конспирация ортосундагы чектерди жоет.

Медиа индустриясынын бир нече адамдын колуна топтолушу, көптөгөн көз карандысыз маалымат уюмдарынын каржылык кыйрашы жана журналисттерди муунткан улуттук мыйзамдардын жана эрежелердин көбөйүшү цензураны андан ары кеңейтип, сөз эркиндигине коркунуч туудурууда.

Ошол эле учурда журналисттер жана медиа кызматкерлери өздөрүнүн маанилүү иштерин аткарып жаткан учурда түздөн-түз жана оффлайн режиминде кысымга туш болууда. Аларды адаттагыдай куугунтуктап, коркутуп-үркүтүп, камап жатышат.

2022-жылы кеминде 67 медиа кызматкери каза болгон — бул өткөн жылга салыштырмалуу 50 пайызга өскөн. Журналист аялдардын дээрлик төрттөн үчү интернетте зордук-зомбулукка кабылган жана ар бир төртүнчүсү физикалык жактан коркутулган.

Он жыл мурун Бириккен Улуттар Уюму маалымат каражаттарынын кызматкерлерин коргоо жана аларга каршы жасалган кылмыштар үчүн жазасыз калууну токтотуу үчүн Журналисттердин коопсуздугу боюнча иш-чаралардын планын түзгөн.

Ушул жана ар бир Басма сөз эркиндигинин бүткүл дүйнөлүк күнүндө дүйнө бир добуштан сүйлөөгө тийиш.

Коркутууларды жана чабуулдарды токтоткула.

Өз жумушун жасап жакан журналисттерди камаганды токтоткула.

Калпты, жалган маалыматты токтоткула.

Чындыкты айткандарды бутага алууну токтоткула.

Журналисттер чындыкты жактап турган учурда, дүйнө алар менен бирге.

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУ
Бириккен Улуттар Уюму

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар