Пресс-релиз

БУУ Президенттик администрациянын жаңы кызматкерлери үчүн ТӨМ боюнча тааныштыруу семинарын өткөрдү

31 июль 2022

2022-жылдын 30-31-июлунда Президенттин Аппаратынын жана Министрлер Кабинетинин 50дөн ашуун өкүлдөрү, ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрү жана БУУнун кызматкерлери Туруктуу өнүгүү максаттарын (ТӨМ) ишке ашырууда координациялоо жана көзөмөлдөө боюнча институционалдык ландшафтты талкуулоо боюнча киришүү семинарына катышышты. Ар кандай ведомстволордун өкүлдөрүнөн турган катышуучулар Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки күн тартибин, укуктук маселелерди, саясатты иштеп чыгууну жана практикалык ишке ашырууну камтыган секторлор аралык талкуулардын жүрүшүндө ТӨМгө жетүүдөгү прогресс жана көйгөйлөр менен таанышышты.

4N2A0453

Семинар Президенттик Аппараттын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр бөлүмүнүн өтүнүчү боюнча БУУ тарабынан жана БУУӨПтүн техникалык жетекчилиги менен уюштурулду. Ага ар кандай мамлекеттик органдардын ортосундагы улуттук саясаттын ырааттуулугун камсыз кылуу жана ТӨМдүн ар түрдүү өлчөмдөрүндө өкмөттүн потенциалын жогорулатууга багытталган.

Untitled

«Мен бүгүнкү семинарды келечекке баш багуу аракети деп атайт элем. Бүгүн, чечим кабыл алуучулар үчүн интеллектуалдык мазмунду даярдаган команда катары, биз натыйжалуураак иштешибиз керек жана биздин программаларда жана стратегияларда чагылдырылган чечимдер келечектеги чакырыктарга жооп берүү үчүн так болушу үчүн талдообуздагы тымызын факторлордон кабардар болушубуз керек. Мени ТӨМ матрицасы жана философиясы шыктандырат, алар адамдар, тынчтык, өнөктөштүк, планета жана гүлдөп өнүгүү сыяктуу ар кандай чөйрөлөрдүн өз ара байланыш процессин чагылдырат», - деди Алмаз Исанов, КР Президентинин Администрациясынын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр бөлүмүнүн башчысы. Ал адам укуктарына, гендердик теңчиликке жана курчап турган чөйрөнү коргоого өзгөчө көңүл буруп, секторлор аралык өнүгүүнүн маанилүүлүгүн жана глобалдык процесстердин анын ичинде COVID-19дун Кыргызстанга болгон таасирин эске алуу менен Өкмөттүн БУУ менен ТӨМ боюнча түшүнүүсү толук шайкеш экенин белгиледи.

4N2A0338

Кристин Жолмс, БУУнун Туруктуу координаторунун милдетин аткаруучу, ЮНИСЕФтин өкүлү: «Бул стратегиялык семинарды быйыл биз Кыргызстандын БУУга мүчөлүгүнүн 30 жылдыгын белгилеп жатканыбызда өткөрүү символикалык мааниге ээ. Өлкө ТӨМ боюнча билимге жана тажрыйбага гана эмес, адекваттуу каржылоого да муктаж; бул өтө маанилүү. Мамлекеттик каржылоону толуктоо жана өнүгүү стратегиясына салым кошуу үчүн ички жана түз чет өлкөлүк жеке инвестицияларды стимулдаштыруунун мезгили келди. Учурда БУУӨП жана ЮНИСЕФ Президенттин Администрациясы жана Өкмөт менен Интеграцияланган улуттук финансы системасын (INFF) иштеп чыгуу боюнча иш алып барууда». Туруктуу координатордун милдетин аткаруучу: “Эч кимди артта калтырбоо” принцибине ылайык ТӨМ максаттарына жетүү үчүн үзгүлтүксүз жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди жана ТӨМгө бекем берилгендиги, ТӨМдөрдү улуттук программага интеграциялоо үчүн Президенттин Администрациясына жана Министрлер Кабинетине ыраазычылык билдирди.

4N2A0356

БУУӨПтун Стамбул аймактык борборунун Туруктуу өнүгүү программасынын менеджери Весна Дзутеска-Бишева бул тренинг чечүүчү учурда өтүп жатканын баса белгиледи. «Дүйнөлүк деңгээлде өнүгүү траекториясы адамдар, коом жана экономика үчүн көптөгөн тобокелдиктер менен кесилишкен жерде турат. COVID-19 пандемиясы жакырчылыкты жоюу, гүлдөп-өнүгүү жана прогресс боюнча акыркы жыйырма жылдагы жетишкендиктерди жокко чыгаруу коркунучу менен ТӨМгө карай прогрессти токтотту. Негизи ден-соолук, экономикалык, экологиялык жана саясий өзгөчө кырдаалдардын айкалышы, рекорддук жогорку азык-түлүккө, энергетикага жана чийки затка баалар жана пайыздык чендердин көтөрүлүшү оорчулук келтирип, экономиканы дагы бир рецессияга түшүү коркунучун жаратууда». Ал 2030-жылга чейин сегиз гана жыл калганда ТӨМгө ийгиликтүү жетишүү өнүгүү моделин жана саясаттын приоритеттерин түп-тамырынан бери өзгөртүүнү, анын ичинде адамдарга инвестицияларды көбөйтүүнү, социалдык коргоону кеңейтүүнү, сапаттуу билим берүүнү, татыктуу жумуш орундарын түзүүнү, сапаттуу билим берүүнү талап кылаарын белгиледи. Зутеска-Бишева айым ТӨМдөрдү улуттук каржылоо түзүмүнө интеграциялоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи жана Өнүктүрүүнүн каржылоосун баалоо жана INFFди даярдоону колдоо боюнча Президенттин Администрациясынын милдеттенмесин жогору баалады. Ал БУУӨПтун жана Европа Биримдигинин колдоосу менен Борбордук Азия үчүн ТӨМ платформасында уюштурула турган аймактык иш-чаралардын биринин алкагында семинарда талкуунун жыйынтыгы тууралуу угууга үмүттөнөрүн билдирди. 

4N2A0444

Мамлекеттик кызматкерлердин ТӨМ талкуусуна терең катышуусун камсыз кылуу максатында тааныштыруу семинары дем алыш күндөрү өткөрүлдү. ТӨМдөрдүн комплекстүү өз ара байланыштары, кызыкдар тараптар менен кеңири координациялоо, улуттук программалар менен интеграция, INFF, ошондой эле БУУнун реформалары, БУУнун Туруктуу өнүктүрүү боюнча кызматташтык алкактары (UNSDCF) жана анын улуттук артыкчылыктарга шайкештиги боюнча сессиялар болду. Эл аралык жана жергиликтүү эксперттер, анын ичинде Президенттик Аппараттагы жана Өкмөттөгү ТӨМдүн учурдагы жана мурдагы өкүлдөрү, БУУнун агенттиктеринин кызматкерлери, саясат, экономика, айлана-чөйрө, социалдык жана гендердик маселелер боюнча эксперттер катышышты.

Untitled

4N2A0354

Семинардын күтүлгөн натыйжалары - ТӨМдүн бардык аспектилерин Кыргыз Республикасында адаптациялоо жана ишке ашыруу жөнүндө билимди жогорулатуу жана бүтүндөй өкмөттүн катышуусун камсыз кылуу максатында ТӨМ тууралуу потенциалды жогорулатуу иш-чараларынын планын түзүү.

Кошумча маалымат:

2020-жылдын башында өткөрүлгөн БУУӨПтун Ыкчам интеграцияланган баалоосу (РИА) Улуттук стратегиялык өнүгүүнү пландаштыруу жараянында ТӨМдүн чагылдырылышы  82% да экенин көрсөттү. Шайкештик жогору болгондугуна карабастан, ТӨМдү адаптациялоонун жана ишке ашыруунун бардык чөйрөлөрүндө, анын ичинде бардык деңгээлдеги – улуттук, тармактык жана региондук өнүгүү программаларына ТӨМ интеграциясы (декларативдүү эмес), бюджетти түзүү жана мониторингди ТӨМ менен шайкеш келтирүү боюнча көйгөйлөр сакталып турат.

Бул жерден көбүрөөк сүрөттөрдү көрүңүз. 

Айнагуль Абдрахманова

Айнагуль Абдрахманова

БУУӨП
Коомчулук менен байланыш боюнча кызматкер

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ФАО
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму
ЭАЭУ
Эл аралык эмгек уюму
МЭАУ
Миграция боюнча эл аралык уюму / БУУнун Миграция боюнча агенттиги
ЭАСБ
Эл аралык соода борбору
БУУ ТКК
БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсеси
БУУнун Аялдар түзүмү
Бириккен Улуттар Уюмунун гендердик теңчилик жана аялдар укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү түзүмү
ЮНЭЙДС
АИВ/ЖИКС боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун бириктирилген программасы
БУУӨП
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы
ЮНЕСКО
Бириккен Улуттар Уюмунун Билим, илим жана маданият боюнча мекемеси
ЮНФПА
Бириккен Улуттар Уюмунун Калк жайгаштыруу фонду
БУУ КЖКБ
Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы
ЮНИСЕФ
Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду
БУУ БКБ
Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы
ДАТП
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы
ДССУ
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар